Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:41

Жогорку сот КЭДПны шайлоодон четтеткен чечимди колдоду


БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана КЭДП/НДПК партиясынан талапкер Илим Карыпбеков.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана КЭДП/НДПК партиясынан талапкер Илим Карыпбеков.

Жогорку сот Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясын ( КЭДП/НДПК) Бишкек шаардык кеңешине шайлоого каттоосун жокко чыгарды.

Муну менен сот Борбордук шайлоо комиссиясынын 23-апрелде чыгарган чечимин колдоп, аталган партияны шаардык кеңешке катышуу укугунан ажыратты. Сот отуруму 4-майда болду.

Бишкектин Аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелде өткөн жыйында КЭДП партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алган. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны "добуш сатып алууга" айыптаган документтери негиз болгон.

КЭДП мүчөлөрү БШК кайсы бир тараптын буйругун аткарганын белгилеп, сотко кайрылышкан.

"Эксперттер талдайт" берүүсү. 22-апрель, 2021-жыл.

КЭДП Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо 7 пайыздык чектен өткөн алты партиянын ичинен марага үчүнчү болуп келген. Партияны Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов сүрөөнгө алганы тууралуу сөз бар. КЭДПны генерал-майор Артур Медетбеков негиздегени белгилүү.

"Перекресток" талкуусу, 17-апрель, 2021-жыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG