Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Президент чек ара чырында жабыркаган Максат айылына барды


Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Максат айылына барды. Аталган кыштак Лейлек районунда жайгашкан.

27-майдагы расмий маалыматка ылайык, мамлекет башчысы талкаланган турак-жайларды, өрттөлүп кеткен мектепти көрүп, калыбына келтирүү иштери, анын ичинде 100 орунга эсептелген эки кабаттуу жаңы бала бакчанын долбоору менен таанышты.

Президенттин сапарында тартылган сүрөт
Президенттин сапарында тартылган сүрөт

Президент жергиликтүү тургундар менен жолугушууда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жөнүндө сүйлөдү жана бул маселенин чечилиши аймактын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз байланыштуу экенин айтты.

Тургундар жаңжалда жабыркагандарга жардам көрсөтүү жаатында жана жеке көйгөйлөрүн айтышты. Жапаров алардын маселеси чечилерин убада кылды.

Жаңжалдан кийинки курулуш иштери
Жаңжалдан кийинки курулуш иштери

Соңку расмий маалыматка ылайык, чек ара жаңжалында 136 турак-жай толугу менен талкаланган. Анын 46сы Баткен районунда, 93ү Лейлек районунда жайгашкан.

Ошондой эле беш жалпы билим берүүчү мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара заставасы жана бир клуб жараксыз абалга келген.

Максат айылынын тургундары президент менен жолугушуу учурунда. 27-май, 2021-жыл.
Максат айылынын тургундары президент менен жолугушуу учурунда. 27-май, 2021-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Тажик тарап 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганын билдирген. Согд облусунда 14 турак-жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Чыр-чатак аймактагы талаштуу жерлерге, сууга байланыштуу тутанган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG