Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

ICAO жүргүнчү учакты Минскиге күчтөп кондурууну талкуулайт


Беларустун аба мейкиндиги 23-майдагы окуядан кийин
Беларустун аба мейкиндиги 23-майдагы окуядан кийин

Жарандык авиация боюнча эл аралык уюм (ICAO) 27-майда чукул жыйынга чогулуп, беларус бийлигинин европалык учакты мажбурлап кондурган окуяны талкуулаганы жатат. БУУнун Коопсуздук кеңеши жана Батыш өлкөлөрү уюмга кайрылып, инцидентти иликтөөгө чакырышкан.

Жабык өткөн жыйындан кийинки билдирүүдө Коопсуздук кеңеши Минскинин аракетин “кабыл алынгыс, мурда болуп көрбөгөн жорук” деп сыпаттады жана “тиешелүү адамдарды жоопко тартууну” талап кылды.

Өткөн жекшембиде беларус бийлиги ирландиялык Ryanair компаниясына таандык учакты Афиныдан Вильнюска бараткан жеринен Минскиге күчтөп кондуруп, борттогу оппозициялык журналист Роман Протасевичти сүйлөшкөн кызы София Сапега менен бирге камакка алган.

Бийлик "учакка бомба коюлган" деген маалымат түшкөнүн айткан. Кийин ал калп болуп чыкты.

Окуяга байланыштуу Евробиримдик беларус авикомпанияларына шаркетке учууга тыюу салуу, ал өлкөнүн аба мейкиндигинен учууларды чектөө чечимин кабыл алды.

Коопсуздук кеңеши Протасевичти жана Cапеганы бошотууга үндөдү.

“Биз беларус бийлигинин оппозициянын үнүн басууга багытталган дагы бир чектен чыккан аракетин айыптайбыз”, - деп айтылат Эстония, Франция, Ирландия, Белгия, Германия, Норвегия, Британия жана АКШ кол койгон билдирүүдө.

1944-жылы негизделген Эл аралык Жарандык авиация уюмуна Беларус дагы кирет. Конвенцияда ар бир мамлекеттин аба мейкиндиги суверендүү деп эсептелери айтылган. Бирок документте ага кол койгон өлкөлөр "жарандык учактарга каршы куралды колдонбоого тийиш жана учакты кармоого туура келсе, борттогу адамдардын өмүрүнө жана учактын коопсуздугуна коркунуч келтирилбеши керек" деп белгиленген.

Авторитардык лидер Александр Лукашенко берген буйрукка ылайык, жүргүнчү учак истребителдин коштоосунда кондурулган.

Расмий Минск мыйзамдын чегинде аракеттенгенин айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG