Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Темир Сариев Кумтөргө байланыштуу суракка чакырылганы кабарланды


Темир Сариев.
Темир Сариев.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кумтөр кенине байланыштуу териштирүү иштеринин алкагында 26-майда сурак берди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Аскер прокуратурасындагы жеке булактар маалымдады.

Кумтөргө байланыштуу кылмыш иштерин териштирип жаткан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) азырынча Сариевдин суракка чакырылганын бышыктай же төгүндөй элек. Сариевдин өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болбоду.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш иши козголгон адамдар суракка чакырыларын билдирген эле.

Ушул айдын башында парламент "Кумтөр Голд" ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүгө жол ачкан мыйзам кабыл алып, ал 14-майда күчүнө кирди.

Бишкектин Октябрь райондук соту 7-майда "Кумтөр Голд" компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

"Центерра Голд" ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин билдирген жана "Кумтөр Голд" мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG