Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Талас: көз жарган өспүрүм кыздын жагдайын териштирүү башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 26-майда 16 жашар өспүрүм көз жарды. Аталган ооруканын башчысынын орун басары Нургүл Момбекова кыз Кара-Буура районунун тургуну экенин, төрт килограмм салмактагы уулдуу болгонун билдирди.

Облустук милициянын басма сөз кызматы өспүрүмдүн кандай шартта кош бойлуу болгону териштирилип-иликтене баштаганын кабарлады.

Мамлекеттик статистика комитетинин соңку маалыматына караганда, 18 жашка чейинки куракта көз жарган кыздардын саны 2013-2014-жылдарга салыштырмалуу азайганы менен токтой элек. Ага ылайык, учурда миң өспүрүмгө алты төрөт туура келет. Министрликтин маалыматына ылайык, жыл сайын 500дөй 13-17 жашар кыз көз жарат. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG