Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Көз жарган секелектин тууганы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аксыда өспүрүм кыз көз жарган окуядан улам 17 жаштагы бала кармалды. Кылмышка шектелген бала көз жарган өспүрүм кыздын жакын тууганы экени айтылды. Ушул тапта ымыркайга камкорчу дайындоо маселеси каралып жатат.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда көз жарган 14 жаштагы өспүрүм кыздын ишине байланыштуу 5-апрелде аталган райондо 17 жаштагы өспүрүм эки айга камакка алынды.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдинбек Жээнтаев ал Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.

"Аксыда өткөн аптада райондук оорукананын төрөт бөлүмүнүн дарыгери 14 жаштагы кыз көз жарганы тууралуу жергиликтүү милицияга кабар берген. Бул окуядан улам Жазык кодексинин 161-беренесинин ("Зордуктоо") 4-бөлүмүнө ылайык сотко чейинки тергөө башталды. Анын алкагында бир күн мурун зордуктоого шектелип бир адам камакка алынды".

Кылмышка шектелген бала көз жарган өспүрүм кыздын бир тууган таекеси. Кыздын үй-бүлөсү көп балалуу жана социалдык абалы начар бүлө катары Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин каттоосунда турган. Министрликтин үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн адиси Нурсултан Курманбеков буларды билдирди:

"Кыздын ата-энеси иштечү эмес. Үй-бүлөдө жети бир тууган. Аны "зордуктады" деп бир тууган таекеси айыпталып жатат. Ал күнөөсүн мойнуна албай жатат. Экөө эки башка үйдө турушчу экен. Кыздын боюнда болгонун эч ким билбептир. Ата-энеси, туугандары толуп кетти деп ойлошуптур. Мектепке барганда да курткасын чечпей отурчу экен. "Аппендицит" деп ойлогону да ошондон болгон. Кийин ооруканага барганда гана кош бойлуу экени белгилүү болгон".

Өспүрүм 1-апрелде Аксыдагы төрөтканада 3 кг 200 салмакта кыз төрөгөн.

Кыздын ата-энеси журналисттер, социалдык кызматкерлер менен сүйлөшүүдөн баш тартып жатышат. Нурсултан Курманбеков эне-бала төрөтканадан чыкканын жана ымыркайга камкорчу дайындоо маселеси каралып жатканын айтты:

Нурсултан Курманбеков.
Нурсултан Курманбеков.

"Ушул тапта эненин да, ымыркайдын да саламаттыгы жакшы. Алар үйүндө. Жакында эле апасы да көз жарган экен. Ымыркайды таенеси карап жатат. Социалдык кызматкерлер ымыркайга жакын арада камкорчуну дайындашы керек болот".

Өспүрүм кыз Аксынын Кара-Суу айыл аймагындагы мектептердин биринде 7-класста окуп жаткан. Анын мугалими Шамшарбек Үмөткулов буларды айтты:

“Мектепте жүргөндө мага же классташтарына эч нерсе байкалган эмес. Бул кыз эң алдыңкы окуучум. Мектептин лидери эле. Бул окуяга кандай кабылып калганын билбей турам”.

Окуя боюнча өспүрүм окуган мектептин директору жана орун басарлары жумуштан кетүү үчүн арыз жазган. Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Талант Эмилбеков бул окуяда мугалимдердин күнөөсү жок деп эсептейт.

“Көз жарган кыз боюнча мектепте чогулуш болду. Кыздын кош бойлуу экенин эч ким билген эмес. Окуя июль айына туура келип жатат. Ошондуктан мугалимдердин күнөөсү жок деп ойлойм. Азыр төрт мугалим жумуштан кетүү үчүн арызын жазды. Мен мектепке кайра барып жолугушуу уюштурам. Мугалимдер ушул окуяга чейин билим берүүдөгү жетишкендиктеринин баары жуулуп кетти деп нааразы. Ал эми директор жоопкерчиликти алып жумуштан кетем деп жатат”.

Кыргызстанда өспүрүм куракта турмуш кургандардын саны жалпы баш кошкондордун дээрлик 13 пайызын түзөт. Серепчилердин баамында жашы жетелекте зордукталып, же алданып калган кыздар көбүнчө коомчулуктун кодулоосуна туш болот.


Аксыдагы окуя боюнча ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кайрылуу таратты. ЮНИСЕФтин өкүлү Кристин Жольм кыздын реабилитациялык абалына көңүл бурууга чакырды:

"ЮНИСЕФ медициналык жана социалдык кызматкерлерди бул ишти өзгөчө көзөмөлгө алып, кыздын психологиялык жана физикалык абалы боюнча бардык керектүү жардамды көрсөтүүгө чакырат. Кыздын андан аркы өнүгүүсүн коргоо үчүн аны өзгөчө камкордукка алуу керек. ЮНИСЕФ укук коргоо органдарын тергөө учурунда балага багытталган процедураларды колдонуп, баланы кайрадан травмага учуратпоо жана курмандыкка чалбоо үчүн аракет кылууга үндөйт".

Ошол эле кезде балдар укугу боюнча эл аралык уюмдар мектептерде жыныстык билим берүү маселесин дагы бир ирет эске салышты.

Былтыр Ысык-Көлдө 13 жаштагы кыз зордукталганы тууралуу кабардан чуу чыккан. Ишти караган Тоң райондук сотунун судьясы кылмышка шектелген үч адамдын экөөнү актап, үчүнчүсүнө жеңил жаза бергени нааразылык жараткан.

Мамлекеттик статистика комитетинин соңку маалыматына караганда, 18 жашка чейинки куракта көз жаргандардын саны 2013-2014-жылдарга караганда азайганы менен токтоп калган жок. Миң кызга алты төрөт туура келет. Министрликтин маалыматына ылайык, жыл сайын 13-17 жаштагы 500гө жакын өспүрүм көз жарат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Талгат Абжалил уулу

    "Азаттыктын" Жалал-Абаддагы кабарчысы, Жалал-Абад мамлекеттик университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG