Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:39

Согуштан кийинки репрессиянын бир каарманы


Токтоналы Ашыралиев.
Токтоналы Ашыралиев.

Токтоналы Ашыралиев Улуу Ата мекендик согуштун отун сегиз жыл кечип, өз айылына аман-эсен кайтып келет.

Райондук партия комитетинде иштеп жүргөндө 1950-жылдардын башындагы саясий репрессиянын торуна түшүп, ит чыдагыс оор кыйноодон жасабаган ишин аргасыз моюнга алып, 10 жылга Воркутага айдалат.

Токтонаалы Ашыралиев 1918-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Торкен айылында төрөлгөн. Ата-энесинин бул дүйнөгө келген жети баласы тең токтобой чарчап калат. Зар какшап кудайдан тилеп жүргөн жубайлар кыздуу болгондо атын Токтокан, тогузунчусу уул болгондо Токтоналы деп ырымдап ат коюшат.

Токтоналы атасынан эрте айрылып, энесинин колунда чоңоёт. Эс тартып калганда окуйм деп дегдейт. Чоң энеси Накылайдын каршы болгонуна карабай, көктүгүнө салып отуруп акыры балдар үйүнө барып окуйт.

Эр жетип, он сегизге чыкканда 1936-жылы Советтик армиянын катарына чакырылып, Орусиянын Астрахан жергесинде кызмат өтөп жүрүп офицердик курсту бүтүрөт.

Аскердик милдетин өтөп жатканда 1939-жылы фин согушу чыгып, ага катышат. Ал аяктап калганда 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталып, кан майдандын далай азап-тозогун көрөт.

Токтоналы Сталинградды коргоого, Великие Луки шаары, Курск дугасы, Кронштадт порттору үчүн болгон согуштарда взводдун командири, рота командири, гарнизондун башчысы болуп кызмат өтөйт.

Токтоналы согуштан келгенден кийин Накылай чоң энесинин кеңеши менен Чынар аттуу кызга үйлөнүп, Афтандил, Гүлайым деген уул-кыздуу болот.

Токтоналы Ашыралиев жубайы менен.
Токтоналы Ашыралиев жубайы менен.

Тергөө абагындагы кыйноо, жулунган төрт тиш

“Атам согуштан келгенден кийин айылдагы мектепте географиядан сабак берип иштеп калат. Кийинчерээк райкомдо референт болуп иштейт. Ошол убакта райондук КГБнын башчысы болуп Майкулаков деген адам иштеп турган экен. Ал кишиден райкомдун биринчи катчысынан баш болуп бардыгы сестенип турар эле дейт. Райкомдун чакырган бюросуна кааласа катышып, каалабаса келбей койчу экен. Эгерде бюрого катышып калган учурда баш кийимин кааласа чечпей, кааласа эч кимден уруксаты жок эле чыгып кетип калчу дешет. Бир күнү Майкулаков атамды иш бөлмөсүнө чакырып: «Жолдош Ашыралиев, сенин атаң Ашыраалы да органда иштеген. Өзүң согушта офицер болгон экенсиң. Ошон үчүн сен биз менен кызматташып, биз айткан тапшырмаларды өз убагында аткарып турат деп ишенич менен айтып жатам. Менин бул сунушума каршы болбойт чыгарсың? − дегенде, атам эч ойлонбостон туруп: "Жок, жолдош Майкулаков, мен сиздин сунушуңузга макул эмесмин", − деп кесе айтат. Майкулаков атама ачуулана карап: "Сен жигит өзүңө өзүң каршы чыга баштадың көрүнөт. Анда тишиң тилиңе күбө, экөөбүздүн сөзүбүз бүттү” дейт. Ошондон баштап Майкулаков атамдын артынан түшөт”, - деп эскерет Токтоналы Ашыралиевдин кичүү баласы Эркин.

Ошол жылдары Токтогул районунда шайлоо болуп, райкомдун катчылыгына Шевцов деген кишинин талапкерлиги коюлат. Шайлоо жабык түрдө болуп, катышкан коммунисттердин 16сы каршы добуш берет. Ал убакта каршы добуш берүү Совет мамлекетине каршы чыгууга барабар болгон. Каршы добуш берген коммунисттердин уюштуруучулары иликтене баштайт.

Ошол убакта Торкен айылдык кеңешинин катчысы болуп иштеген келин “Токтоналы Ашыралиев шайлоодо каршы чыккан адамдардын уюштуруучуларынын бири болгон” деп жазып берет.

“Шайлоого катышпасам, мен болгону референт гана болуп иштеп жүрсөм, эмне үчүн мени күнөөлөшү керек” деп ойлойт Токтоналы. Бирок Коопсуздук комитетинин райондук башчысы Майкулаковдун: "тишиң тилиңе күбө" деп айтканы кулагына жаңырат. Бул иштин арты жакшылык менен бүтпөсүн сезген Токтоналы үй-бүлөм менен коштошконго үлгүрүп калайын деп шашылып айылды көздөй жөнөйт.

Токтоналы түз эле аялы иштеп жүргөн пахта талаасына бара жатканда, алыстан чаң ызгытып келе жаткан машинанын карааны көрүнөт. Аялы эки баласын жетелеп келгиче, машинадагы Коопсуздук комитетинин желдеттери келип калышат. Ошол жерден колун кайрып, кишен салып алып кетишет. Аялы талаада кенедей эки баласын кучактаган бойдон ботодой боздоп, жер кучактап кала берет.

Токтоналыны алгач Токтогулдагы тергөө абагында камашат, көп өтпөй Жалал-Абадга алып келишет. Ал жерден Ташкент аркылуу самолет менен Фрунзеге алып келип торго салышат.

Ошондогу Кыргызстандын коопсуздук комитетинин Телефонов деген тергөөчүсү суракка алып: "Кана, жолдош Ашыралиев, айта башта, шайлоону кандай кылып бурмаладыңар? Орусту шайлабайбыз деп, орус элине кантип каршы чыкканыңарды айтып бер", − деп жарга такайт.

"Мен орус элине эч качан каршы болгон эмесмин. Тескерисинче, орус эли менен бирге немистик баскынчыларга каршы беш жыл мекенимди, элимди коргоп, канымды төгүп согушуп келгем. Эгерде силердин оюңар башка болуп, мага күнөөнү мойнума илип, өзүңөрдүн максатыңарга жеткиңер келип жатса анда башка кеп" деп жооп берет Токтоналы.

Оюндагы жоопту албаган тергөөчүлөр Токтоналыны жатканга же отурганга эч мүмкүн болбогон "карцерге" беш күн камашат.

"Адамдар ит жандуу болот турбайбызбы, төрт тишимди кычкач менен суурушту. Күнөөнү мойнума алдырыш үчүн эмнени гана кылышкан жок. Мен эч кандай күнөөлүү эместигимди, шайлоого катышпагандыгымды, болгону референттик гана кызматта иштеп жүргөнүмдү, мага коюлган күнөөлөр болбогон жалаа экенин айтып мойнума албадым”, - деген Токтоналынын эскерүүсүн окуйбуз.

“Эгерде менин жоопторум аздык кыла турган болсо, анда менин батальонумдун командири подполковник Кузнецовдон сурагыла. Эгерде ал мен жөнүндө шектүү, улутчул, бузук адам болчу деп айтса, анда бир огу менен тапанча бергиле, ошол жерден өзүмдү өзүм атам” деп айтат Токтоналы.

Ошентип, Токтоналы Фрунзедеги тергөө абагында жатып, 11 ай адам чыдагыс кыйноого кабылып сурак берет. “Мен мындай айыптоолордон эч качан чындыкка жете албастыгымды түшүнүп, андан ары кудайдын айтканын көрөрмүн деп, мага коюлган айыптарга макулмун деп аргасыз кол коюп бердим” деп жазган Токтоналы.

Токтоналыны Ашыралиев жалпы камерага которулгандан кийин «Манас» изилдөөчүлөр Ташым Байжиев, Зияш Бектенов, Тазабек Саманчин менен чогуу отурушканын эскерет.

Комбат Кузнецовдун жардамы

Ошентип акыры Токтоналы Ашыралиевге “Совет бийлигине, Советтер союзунун Коммунисттик партиясынын башкы линиясына каршы чыккан контрреволюциялык аракеттери үчүн 10 жылга эркинен ажыратылсын” деп өкүм чыгып, Орусиянын Воркута жерине айдалат.

“Мени менен чогуу 41 кишини учакка салып алып келишти. Ал жердеги Воркута лагеринин башчысы, мурдагы согуш учурунда угуп жүргөн генерал-майор Самадуров деген адам экен. Бизди келгенден кийин жети күн карантинде кармашып, жетинчи күнү ар бирибиздин фамилиябызды атап бөлүктүн начальнигине киргизе башташты. Эмнегедир менин фамилиям чыкпай жатып, эң акыркы болуп чакырылды. Тагдырдын тамашасын кара, каалганы ачып баш бакканымда, төрдө отурган комбат Кузнецовду көргөндө нес болуп туруп калдым. Көрсө, ал киши мурун эле билгендиктен мени акыркы кылып чакырганы ошондон тура”, - деп жазат Токтоналы Ашырлиев.

Ошентип Токтоналы согуштагы командири Кузнецовдун жашыруун жардамы менен жер үстүндөгү жеңил жумуштарга бөлүнүп аман калат. Жер алдындагы шахталарда иштеп жүргөндөрдүн көбү тирүү калган эмес.

1953-жылы Сталин өлүп, түрмөдөгүлөрдү эркиндикке чыгууга үмүт арттырган. 1956-жылы февраль айында саясий репрессия курмандыктары нааразылык акциясын өткөрүшүп, аларга коюлган кылмыш иштерин кайра карап чыгууну жогорку бийликтегилерден талап кылышкан.

Жети күндөн кийин Москвадан СССРдин Жогорку соту, Башкы прокуратурадан жүзгө жакын тергөөчү келип, саясий туткундардын ишин кайрадан карай башташат. Токтоналы Ашыралиевдин иши да карала турган болот. Февралда башталган сурак июнь айына чейин созулат. Акыры Жогорку сотто каралып, толук акталып чыгат.

1950-жылы Токтоналыны кармап алып кетишкенде аялы Чынар эки кенедей балдары менен калып, өлбөстүн күндөрүн көрүп жан багат. Андай оор учурга карабай ата-энесиникине эки баласын калтырып, сүтүн саап ичип отурган жалгыз эчкисин сатып, өзү эңсеген мугалимдик кесипке ээ болуш үчүн 1952-жылы Жалал-Абаддагы педогогикалык окуу жайга кетет.

Токтоналы 1956-жылы түрмөдөн акталып келгенден кийин Торкен колхозунда тоют топтоо бригадири болуп иштейт. Ошол жылы колхоздо тоют топтоо жылдагыдан көп болуп, райондо биринчи болот. 1957-жылдын башында башкарманын орун басары, көп өтпөй башкармасы болуп дайындалат.

Шевцовдун какшыгына жооп

Токтоналы Ашыралиев башкарма болуп турганда облустук жыйын болуп, анын репрессияланышына себепкер болгон Шевцов менен жолугуп калат. Ал киши Ош облустук элдик көзөмөлдөө кызматында иштеп турган. Токтоналыны көргөн Шевцов: "Оо, жолдош Ашыралиев, сен ушул убакка чейин тирүү жүрөсүңбү?", – деп какшыктап сурайт. Анда Ашыралиев "Ооба, жолдош Щевцов, мен эмдигиче тирүү жүрөм. Себеби, сурак маалында мени тигил дүйнөгө кетиришке аракет кылышты. Бирок ал жакта чындыкты, акыйкаттыкты катуу кармашат экен, менин ак экендигимди, Шевцовду шайлоого катыштыгым жок экендигин билишкенде, ал жакка мени кабыл алышпай коюшту" деп жооп берген экен.

Токтоналы Ашыралиев.
Токтоналы Ашыралиев.

Токтоналы Ашыралиев 1957-1973-жылдары Токтогул районунун Торкен колхозунда башкарма болуп иштеген. Ошол жылдары чарба райондо, облуста, республикада биринчилерден болуп Ардак такталарда илинип турду. Жаңы мектеп, мугалимдер, догдурлар үчүн бир нече үйлөр курулган. Колхоздун канча деген кайрак жерлери өздөштүрүлүп, насосторду иштетип, жүздөгөн гектар аянттар сугат жерлерге айланып, мал чарбачылыгы алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен. Башкарманын көп жылдык мамлекетке жасаган эмгектери жогору бааланып, бир нече мамлекеттик орден-медалдар менен сыйланган.

Токтоналы Ашыралиев 2007-жылы 90 жаш курагында каза болгон. Колхоз башкармасы өз колу менен курдурткан Торкен орто мектебине эли-журту Токтоналы Ашыралиевдин атын беришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG