Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:34

IIДС: Акыйкат сөз эңсеп жүрүп көзү өткөн мурдагы согуш туткуну


Абдырахман Алиев. 1960-жылдардын соңу. 1960s.
Абдырахман Алиев. 1960-жылдардын соңу. 1960s.

Абдырахман Алиевдин (1923–1971) элесине арналган блог.

Совет доорунда мурдагы согуш туткундарынын ысымдары Экинчи дүйнөлүк согушта каармандык кылгандардын арасында сейрек айтылчу. Туткун болуп кайткандарга карата сталиндик мамлекеттик машина ишенбестик менен мамиле кылган. Бул турум айрым пост-советтик өлкөлөрдө кийин да сакталып калган. XXI кылымдагы жаңы түшүнүк бул жаатта аң-сезимде бурулуш жасоого тийиш. Бир инсандын – Абдырахман Алиевдин татаал тагдыры тууралуу тарыхчы Т. Чоротегин баяндайт.

Туткун болуп калганы үчүн эле күнөөлүү болгондор

Ушул күндөрү Экинчи дүйнөлүк согушка катышкандар түгүл, ал кезде балалыгын өткөндөрдүн саны да четинен суюлууда.

Кыргызстан калкы бул согушка СССРдин курамында түздөн-түз катышты. Нечен кыргыздар баатырдык кылды, айрымдары аскер жетекчилигинин катачылыгынан жана ок-дарынын жетишсиздигинен улам жайран болду, айрымдар жаракат алып, туткунга түшүүгө мажбур болушту.

Азыр, XXI кылымдын башында, ар бир жоокердин тагдыры маанилүү экендигин адамзат дурус аңдап калды. Жоокердин аскер чинине, улутуна, партиялуулугуна, динине карабастан, ар бир жоокер – өз үй-бүлөсү зарыга күткөн киши, өз айылынын же шаарынын калайыгы зарыга күткөн кулуну эле да.

Ар бир үй-бүлө согуштан “кара кагаз” албасак экен деп эңсечү.

Бул – жалпы сүрөттөмө.

Ал эми жоокер капысынан туткунга түшүп калсачы? Иосиф Сталиндин режими согуш туткундарын да “эл душманы” деңгээлине чыгарган заманда согуш туткуну болуу – өлүмдөн да жаман болчу.

“Кара кагаз” алгандарды аяшаар эле. Бирок туткунга алынгандардын жакындары бул жоокер кылмыш кылгандай, чыккынчылыкка баргандай жазыксыз жерден жектелишчү.

Туткунга түшүп, баатырдык кылган анча-мынча гана инсандар Сталин өлгөндөн кийин гана Советтер Союзунун Баатыры наамын алууга чейин жетишкен.

Муса Жалилдин 1966-жылы тургузулган эстелиги. Казан шаары, Татарстан, Орусия.
Муса Жалилдин 1966-жылы тургузулган эстелиги. Казан шаары, Татарстан, Орусия.

Атактуу татар акыны Муса Жалил (1906–1944) жазган Моабит түрмөсүндөгү антифашисттик ырлар аны толук актоого, 1956-жылы Советтер Союзунун Баатыры наамын (өлгөндөн кийин) алууга, 1957-жылы лениндик сыйлыктын (өлгөндөн кийин) ээси болууга мүмкүн кылды. Болбосо Сталин тирүү кезде Муса Жалил нацисттер түзгөн Эдил-Орол легионунун жетекчилеринин бири, нагыз чыккынчы катары шектелип, ал түгүл “ал Аргентинага качып кетиптир” деген айың кептер да КГБда айтылган экен.

Атаганат, Муса Жалил жок дегенде өлгөндөн кийин арбагы ыраазы болгондой жылуу сөз угуп калды. Ал эми тирүү кайтып келген далай мурдагы туткундар өмүр бою жектелип жүрүп өтүштү, алардын чындыгын угууга эч ким аракет кылбады, бири батынбаса, экинчиси коркту, үчүнчүсү кайдыгер болду, төртүнчүсү ишенген деле жок...

Ушул жалпы кириш сөзгө улай бир окуяны эскере кетсем.

Каарман Алиястын олуттуу жаракаты

2010-жылы 7-апрелде бакиевдик авторитардык режимге каршы элдик ыңкылап маалында баатыр жигиттердин бири Алияс Алымкуловго снайперлердин огу тийди.

Ок анын жаагынан кирип, жүлүнүн айланып өтүп, айтор, баатыр жигитибиз аман калды – тилекке жараша, он миллиондон бир гана ирет жолукчу укмуштуу окуя болду. Кийин ал “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамына ээ болду.

Мен Алиясбек инимди 2005-жылдагы, 2010-жылдагы жана 2020-жылдагы элдик ыңкылаптардагы чыныгы баатырлардын бири катары ар дайым урматтайм.

Абдырахман Алиев. 1950-жылдар. Оң жак ээгинде тырык байкалат. Үй-бүлөлүк архив.
Абдырахман Алиев. 1950-жылдар. Оң жак ээгинде тырык байкалат. Үй-бүлөлүк архив.

Абдырахмандын ата-теги жана бир туугандары

Ал эми ушул сейрек жараат бул эскерүү макаласында сөз боло турган башкы каарман кишинин да башынан өткөн.

Ал – Абдырахман Алиев (1923–1972). Бул киши менин атамдан бир жаш кичүү болгондуктан, “Абдыракман байке” дечү элем.

Ал кишинин атасы, б.а. Аалы Нурмат уулу чоң ата 1940-жылдардын башында эле каза болсо керек.

Абдырахмандын чоң атасы – Нурмат, анын атасы – Усуп, анын атасы – Саты, анын атасы – Теңке, анын атасы – Ырысбай (Ырыспай). Анын Күмүш деген байбичесинен тарагандардын уругу тынымсейиттин күмүш уулу деп аталып калган. Абдырахман ушул күмүш уругунан.

Абдырахмандын бир туугандары – эжеси Мария, инилери – айтылуу диктор Капар Алиев, жаш кезинде автокырсыктан каза болгон Ашыракман, карындаштары Сабира жана кыргыздын алгачкы архитектор айымдарынын бири болгон Вера Алиева эле.

Освенцим (Auschwitz) концлагеринде жаңыдан боштондукка чыккан абактагылар. Польша. 1945. Reuters.
Освенцим (Auschwitz) концлагеринде жаңыдан боштондукка чыккан абактагылар. Польша. 1945. Reuters.

Туткунга түшүү

Абдырахман Алиев 1941-жылы Кызыл армияга чакырылган. Ал Улуу Ата мекендик согушта салгылашып жүрүп, 1942-жылы өз бөлүгүндөгү жооокерлер менен чогуу туткунга түшүп калган экен.

Тасма. Тилек Абдырахман уулу Алиев өзүнүн маркум атасы Абдырахман Алиев (1923–1971) тууралуу эскерет. 2021-жылдын 23-январы.

Абдырахмандын уулу Тилек Алиевдин кебине назар салсак:

“Менин атам Алиев Абдырахман 1941-жылы азыркы Он-Арча – мурунку Нарын (Тянь-Шань) облусунун Эчки-Башы айылынан башка элдер сыяктуу эле жашы жеткенине байланыштуу согушка аттанган. Ал согушка катышып, бир жылдын тегерегинде болгондо эле булардын бөлүгү курчоодо калып, туткунга түшүүгө мажбур болушкан”.

Ошентип, андан ары Абдырахман Алиевдин тагдырында “согуш туткуну” деген азаптуу өмүр барагы башталат. Ал кайсы абакта, кайсы концлагерлерде болгону дагы да тактоону талап кылат (эгерде КГБнын архивдери ачылып калса, анда кандайдыр-бир илик табылып калаар).

Соңку маалыматтарга караганда, нацисттик Германиядагы жана ал каратып алган аймактардагы буга чейинки айтылып жүргөн концлагерлердин санынан алда канча көп лагерлер, абактар болгон экен.

Кейиштүүсү, Абдырахман байкенин өзүн биротоло актоо тууралуу каттары жана документтери анын урпактарында сакталып калган эмес экен. Ал кишинин көзү өткөн 1971-жылы тун баласы Тилек болгону 12 жашар өспүрүм болчу.

Согуш азабын тарткан киши өспүрүм балага деле ачылып сүйлөгөнгө көңүлү чаппаса керек.

Бирок биз Тилектен өтүнүп, эсте калган бардык маалыматтары менен бөлүшүүгө көндүрдүк. Анын атасынын тагдыры жеке кишинин гана тагдыры болуп чектелбестен, элибиздин бүтүндөй бир муунунун XX кылымда баштан кечирген алааматтуу согуш доорунун өкүлүнүн тагдыры болуп саналат.

Быйыл болбосо да, алдыдагы жылдары чет элдик архивдерден Абдырахман байкенин каармандыгы тууралуу жаңы маалыматтар чыгып калгысы бардыр.

Абдырахман Алиев. 1960-жылдардын соңу. Үй-бүлөлүк архив.
Абдырахман Алиев. 1960-жылдардын соңу. Үй-бүлөлүк архив.

Концлагерден качуу

Абдырахман байкенин жаагында дурус эле көзгө түшкөн чоң тырык бар болчу. Ошонун пайда болуш себебин айылдагылар жакшы билишчү.

Ал нацисттик концлагерден качып чыгып, кармалып калат. Анан нацисттер аны жана башка шериктерин желкеге атышканда, калгандары мүрт кетет.

Теңир жалгап, Абдырахман байкени нацист артынан туруп башка атканда, ок жүлүнгө тийбестен, жаагынан чыгып, бирок ал аман калган экен.

Эми уулу Тилектин баянына кайталы:

“...А кишинин (б.а. атасы Абдырахмандын. – Т.Ч.) жазган кагаздарын окусам, “Орфлаг № 3” деген концлагерде болуп, ошол концлагерден кайра он киши качып чыкканга аракет жасашат, сүйлөшүшүп. Бирок алардын бул ою билинип калып, аларды атканы алып барышкан.

Ошондо өзүнүн жазган эскерүүсүндө онунчу (киши) – бир тажик адам бизди сатты, бизди – тогузубузду атты, онунчуну – тажикти атуу жайына алып келген жок, ошону чыккынчы деп ойлойбуз, деп жазганын окуган элем.

Ошондо бул кишини туткундан – Орфлаг № 3 деген концлагерден тогузун желкелерине тапанча такап туруп атканда, менин атамдын желкесинен ок кирип, ээгинен чыгып кеткен.

Бу киши ошо бойдон эсин жоготуп, өлүктөрдүн астында калып, тигилер (аткан нацисттер. – ТЧ) кеткенден кийин эсине келип, эптеп жан-далбастап басып жүргөндө ошол жерден бир албан койчу таап алып, бу кишини багып, айыктырышып, анан андан кийин бул (атасы. – ТЧ) калган 1945-жылга чейин ошол – албан жак дейт, – ошол партизандар менен бирге согуштун аягына чейин ошол жакта согушкан”.

Берки атуучу жайга келбей калган онунчу (“тажик улутундагы” делген) кишинин тегаты “Ачилов” (“Очилов”) экен, деп Тилек кошумчалады.

Тилек өспүрүм кезиндеги эсинде калганын дээрлик 50 жылдан кийин эстеп айтып жатат бул жагын түшүнүү менен кабыл алуу керек.

Бухенвалд концлагериндеги боштондукка чыккан туткундар. 16.4.1945.
Бухенвалд концлагериндеги боштондукка чыккан туткундар. 16.4.1945.

Интернетте “Офлаг” деген бир нече концлагер бар экен. Анын “оф” сөзү “офицердик” сөзүнөн кыскартылган, башкача айтканда, негизинен советтик жана башка офицерлер өзүнчө кармалган концлагер болгон. Бирок согуштагы башаламандык маалында кийин ар башка ылдыйкы аскердик чиндегилер деле камала берген.

Абдырахман байкенин аскердик даражасы кандай болгонун деле билбейбиз. 1941–42-жылдагы каатчылык маалында жоокер улам жаңы аскердик бирдикти башкарууга тапшырма алышы деле ыктымалдан алыс эмес болчу.

Кандай болсо да, “Орфлаг №3” деген “р” тамгасы кошулган аталыштагы концлагерди болочокто издөө керек болуп турат.

Тасма. Нацисттик “Освенцим” концлагери. Польша.

Антифашисттик кыймыл

Башына ок тийген соң, укмуштуудай окуя болуп, ок жүлүнгө тийбей чыгып кеткендиктен, тирүү калган Абдырахманды бир албан койчусу багып аман алып калгандыгы тууралуу маалымат бул концлагер Албания болбосо да, Югославиянын аймагына жакын Балкан жергесинде жайгашканбы? деп жоромол кылууга түртөт.

Югославиядагы партизандык топторго борбордук азиялык мурдагы советтик туткундар да жигердүү катышканы маалым. Алардын арасында мурдагы Түркстан легионунун өкүлдөрү да болгон.

Бул – бир жагы. Экинчи жагы – албандардын айрым өкүлдөрү Батыш Европанын башка аймактарында деле мал чарбачылыгында чабан же малай болуп бирин-серин жашашы деле мүмкүн болчу да.

Балким, Батыш Европанын Альпы тоолоруна жакын кайсы бир аймагындагы концлагерден качып, акыры татаал жолдор менен ал Балканга жеткирилгендир?

Югославиядабы, же башка жактабы, айтор, Тилектин атасы антифашисттик партизандык согушка катышкан экен. Демек, ал каарман жоокер катары өзүнүн нацисттерге каршы жеке күрөшүн уланткан десек болот.

Менимче, Иосиф Сталин барктабай койсо дагы, алааматтуу концлагерден качып чыгуунун өзү эле советтик туткун үчүн айырмалуу эрдик катары каралууга тийиш.

Советтик ГУЛагдын туткуну

Тилектин сөзүнө кайрадан конок берсек:

“Качан согуш бүтүп жыйынтыкталганда... Булар Советтер Союзуна келээри менен буларды кайра... баягы... артыкча Орто Азия менен кавказдыктардын ким туткунга түшкөнүнүн бардыгын... “эл душманы” катары көрүшүп, Сибирге айдап жиберген.

Бул Сибирде а киши Сталин өлгүчөктү – 1953-жылга чейин түрмөдө болгон. Анан 1953-жылы Сталин өлгөндөн кийин айылга келип, өзү айылда токой чарбасында эмгектенип жүрүп, 1971-жылы 49 жашында бу дүйнө менен кош айтышты, менин атам...”

Албетте, Экинчи дүйнөлүк согуш аяктап бара жатканда эле ар кайсы өлкөлөрдө антифашисттик кыймылдарга катышып жүргөн советтик жоокерлер (мурдагы туткундар) өз ыктыярлары менен Советтик армиянын бөлүктөрүнө кайтышкан.

Бирок аларды дароо убактылуу лагерлерге камап, ал жерден уруп-токмоктоп, ар биринин көрсөтмөсүн алышкан да, айрымдары атууга кетип, көпчүлүгүн Оролго, Сибирге же башка аймактарга узак мөөнөттүк сүргүнгө айдашкан. Антифашисттик кыймылдарга катышкандарын этибарга деле алышчу эмес.

Орусиянын Свердловск облусуна караштуу Тавда жергесиндеги «эмгек армиясында» иштегендердин каза болгондору көмүлгөн жалпы көрүстөн.
Орусиянын Свердловск облусуна караштуу Тавда жергесиндеги «эмгек армиясында» иштегендердин каза болгондору көмүлгөн жалпы көрүстөн.

Мен айылдан укканыма караганда, Абдырахман байке ошол сүргүндөгү жерде (балким, тайга болсо керек) карагай кыйып, дарыяга салышчу экен. Ал ошол кыйылган карагайларга кат байлап, Эчки-Башы айылдык кеңешине берип койгула, деп өтүнгөн текст жазып койчу, дешет.

Акыры кайсы-бир кат Эчки-Башыга чейин жетип, анан чын эле бизден согушка Алиев деген кеткен, деп жооп беришкен, дешет.

Кандай болсо да, Абдырахман байке Иосиф Сталин өлгөн 1953-жылы эмес, анан дагы 4 жылдан кийин гана акталып, өз айылына кайткан.

Караганды облусундагы Долинка кыштагында уюшулган "Карлаг" музейинде. Казакстан. 2017-жылдын 26-майы. Ал эми А.Алиев тайгада катаалдыгы Карлагдан кем эмес жайларда азап чеккен.
Караганды облусундагы Долинка кыштагында уюшулган "Карлаг" музейинде. Казакстан. 2017-жылдын 26-майы. Ал эми А.Алиев тайгада катаалдыгы Карлагдан кем эмес жайларда азап чеккен.

Анын 1957-жылы кайтканын Абдырахмандын иниси Ашыракмандын кызы (бирок иниси автокырсыктан набыт болгон соң, Абдырахман чоңойткон) Роза Аалиева эжекебиз биз менен маегинде тастыктады.

“Атабыз сиңдим Эмилия туулган 1957-жылы келген болчу”, – дейт 1955-жылы туулган Роза эжеке.

Буюрса, болочокто Абдырахман байкенин көзү тирүү калган жалгыз бир тууганы – Сабира эжеке, Капар байкенин кызы Зина эжеке, Ашыракмандын кыздары Роза жана Эмилия эжекелер, Тилектин карындаштары, башка туугандар да далай окуяларды эскерип айтып беришээр.

Абдырахман Алиев жубайы Шарипа Абыш кызы (1930–2008) менен. 1960-жылдар. Үй-бүлөлүк архив.
Абдырахман Алиев жубайы Шарипа Абыш кызы (1930–2008) менен. 1960-жылдар. Үй-бүлөлүк архив.

Атажуртка кайткандагы турмуш

Ал эми 1958-жылы Абдырахман байке (35 жашында) өмүрлүк жолдошко ээ болот. Жубайы Шарипа Абыш кызы (1930–2008) апабыз бир уул (Тилек), эки кызды (Айнур, Керээз) төрөп берген.

Албетте, Абдырахман акталгандыгы үчүн советтик лагерден (ГУЛагдан) кайтып келди да.

Бирок аны совет бийлиги баары бир башка согуш ардагерлерине кошпой, кодулоосун уланткан.

“Согуш туткуну болдуң беле, демек, чыккынчысың” деген тымызын кастык мамиле, мурдагы туткундарды жазыксыз жерден кодулоо жана жерүү Сталин өлгөн соң да, СССР биротоло куламайынча, ырааттуу улантылган.

Абдрахман байке өзүнүн ак экендигин андан ары тастыкташ үчүн далай ирет бийликтерге кат жазган экен. Бул тууралуу Тилек өз маегинде улам баса белгиледи.

Боксчу Борзенко өзүн актоого жетишкен

Ушул жерден чөлкөмдөгү башка бир окуя эске түштү.

“Кайра куруулар” доорунда Өзбекстандын борбору Ташкенде көпчүлүк ал кезде анчейин таназарга албаган олуттуу окуя болгон.

1989-жылы бул шаардын тургуну, хирург кесибин аркалаган Андрей Михайлович Борзенкого (1920––1992) “Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу” деген күбөлүктөн тышкары, башка сыйлыктар да тапшырылган.

Ошол горбачёвдук доорго чейин узак жылдар бою А.Борзенконун Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарындагы айырмалуу каармандыгын өтө жакын чөйрөсү гана билип, ал эми советтик бийликтер көз жумду мамиле кылып келишкен болчу...

Андрей Борзенко 1938- жана 1939-жылдары Борбордук Азиянын жумурияттарынын боксчулары катышкан мелдештерде чемпион болгон.

Улуу Атамекендик согушка аттанып, алгач эки ирет жеңил жаракат алганына карабастан, улам кайра урушка кирип турган. Анан үчүнчү жарааты оор болуп, ал аргасыздан нацисттерге туткунга түшкөн.

Айтылуу Бухенвалд абагынын жетекчилиги бир кезде Германиянын аскерлеринин оор салмактагы чемпиону болгон “Вилли” деген каймана аты бар боксчу, нацист жана кылмышкер кишини атайын башка абактан бул абакка алып келишкен. Вилли арык, чабал болуп калган Андрей Борзенкону жеңип, абактагылардын шагын сындырышы керек болчу.

Бирок Борзенко Виллини жеңип коёт. Туткундар моралдык жактан шыктанышат.

Көп узабай, 1945-жылы 11-апрелде саат 15:15те Бухенвалд концлагериндегилер шашылыш куралдуу көтөрүлүш чыгарышкан (түрмөчүлөр ошол күнү саат 17:00де аларды кырууга беленденип жатышкан эле). Көтөрүлүш ийгиликтүү аяктап, камактагылар концлагерди толук ээлеп алышкан.

АКШ аскерлери болсо Бухенвалдга саал кечигип, 13-апрелде гана кирип келишкен.

Андрей Борзенко (1920––1992) тууралуу Геннадий Свиридовдун романынын мукабасы. Москва, 2005.
Андрей Борзенко (1920––1992) тууралуу Геннадий Свиридовдун романынын мукабасы. Москва, 2005.

Борзенконун баатырдыгын далилдеш үчүн 1945-жылдан кийин дагы 44 жыл керек болду.

Эгерде Борзенко ал жылга – “Кайра куруулар” дооруна чейин жетпей каза болуп калган болсо, анда анын толук акталышы жана баатыр катары кадыр-баркка ээ болушу жүзөгө ашмак беле?

Муну кенен-кесири кошумчалап айтып жатканымдын сыры да бар: эгерде Абдырахман байке 1971-жылы 48 жашында каза болуп калбастан, эгемендик доорго чейин жашап бергенде, балким, ал деле өзүнүн биз билбеген каармандыктарын жана башка тагдырлык жагдайларын тастыктатууга көзү тирүүсүндө эле жетишмектир?

Күмбөздөгү так эмес дата

Кыргызстандын Ички Теңир-Тоо аймагында, Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылынын этегинде түндүк жак дөңсөөдө чоң атам Чоро ажынын ийленген чоподон курулган эски күмбөзү жайгашкан.

Андан бир аз чыгышыраакта Абдырахман байкенин кирпичтен курулган коргон күмбөзү турат. Анын бетинде темир тактачада өмүр жылдары “1923–1972” деп жазылган экен.

Мындагы “1972” жаңылыш жазылганын уулу Тилектен тактадым.

“Мүрзөдө атаңдын өлгөн жылы “1972” деп турат, маегиңде туура эмес айтып коюпсуң го”, – деп аны тамашага чалайын десем, Тилек тактап айтып калды:

“Атам 1971-жылы күзүндө кайтыш болду. Анын көкүрөк күчүгү – Керээз деген карындашым ал өлгөндөн бир нече айдан кийин, 1972-жылдын январынын башында жарык дүйнөгө келди, ошондуктан ага “Керээз” деген ат коюшкан”, – дейт Тилек.

Анын айтымында, ал кезде күмбөзгө жабыштырылчу темир тактачаны Бишкек (Фрунзе) шаарында даярдатышканда, өлгөн датасы ката жазылып калыптыр. Такта ошол боюнча кала берген экен...

Абдырахман Алиевдин күмбөзү. 2021-жылдын 27-январы. (Мында анын өлгөн жылы 1972-жыл деп ката жазылып калган.
Абдырахман Алиевдин күмбөзү. 2021-жылдын 27-январы. (Мында анын өлгөн жылы 1972-жыл деп ката жазылып калган.

Мүрзөдө да жылуу сөз күтүшөт дешет...

Айтмакчы, Абдырахман байкенин ысымы айрым документтерде “Абдурахим” деп да жазылган экен. Илгери советтик паспортту же туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү толтуруп жазууда мындай алешемдиктер көп кетириле берчү.

Демек, болочокто Абдырахман байкеге таандык документтерди архивдерден караштырууда Абдырахман, Абдрахман, Абдыракман, Абдурахим, Абдырайым ысымдарын, Алиев, Аалиев, Аалыев тегаттарын да салыштырып издөөгө туура келет.

Эчки-Башы айылы мурда (1939–1962-жылдары) Тянь-Шань облусунун Тянь-Шань районуна караштуу “Коммунизм” колхозуна кирчү. Бул жагын да болочокку архив таануучулар эске алуусу абзел.

Колхоз демекчи, 1957-жылы ГУЛагдан кайтып келгенден кийин деле ал өзү туулуп-өскөн колхоздо эмес, коңшу Каратал-Жапырык токой чарбасында иштеп калгандыгы да тымызын куугунтуктун илеби болду бекен, же жокпу, азыр жоромол гана кыла алабыз.

Айрым замандаштар: “Эми өткөн – өттү, кеткен – кетти. Мынча убакыт арадан өткөн соң, эски окуяны жазып эмне кереги бар?” деши деле ыктымал.

Эгерде тиги дүйнөнүн бар экендигине ишенгендер бар болсо, анда аркы дүйнөдөгү маркумдар өздөрү жөнүндө урпактары так, калыс маалымат алуусун самаша тургандыктарын айта кетсе болот.

Эгерде тиги дүйнөнүн бардыгына жана арбакка ишенбеген атеисттер учураса, алар деле эч бир кылым үчүн тарыхый акыйкаттыкты тактоо эч качан “эскирди” деп унуткарылбас иш-аракет болоорун дурус билишет.

Эчки-Башы айылындагы Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорго арналган эстелик. Он-Арча айыл аймагы, Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 2011-жылдын 3-апрели.
Эчки-Башы айылындагы Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорго арналган эстелик. Он-Арча айыл аймагы, Нарын району, Нарын облусу, Кыргызстан. 2011-жылдын 3-апрели.

Туткундун жакындары да бөөдө жерден азап чегип, чыйралышкан

Абдырахман байке 1957-жылы акталып, сүргүндөн бошонуп келгенге чейин анын бир туугандарына да өзгөчө оор болгон.

Менин ата-апамдар эскерип калаар эле. 1950-жылдардын башында (ал кезде Абдырахман нацисттерге туткунга түшкөнү тууралуу маалымат белгилүү эле) Капар байке жана башка бир туугандары өзгөчө кайгырып, басынып жүргөн учурлар болгон.

Абдырахмандын эки бир тууганы – Капар менен Вера өздөрүнүн тырышчактыгынын, мээнеткечтигинин, инсан катары тыңдыгынын аркасында гана өз киндиктерин өздөрү кесип, мыкты адис катары өсүп чыгышты го деп ойлоп кетем.

Капар Алиев (1925–1970), Абдырахмандын иниси. 1960-жылдар.
Капар Алиев (1925–1970), Абдырахмандын иниси. 1960-жылдар.

Кыргызстандагы журналисттердин ичинен алгачкы жолу Жогорку категориядагы диктор деген кесиптик даражага жеткен журналист, сатирик, диктор Капар Алиев (8.5.1927 – 12.5.1970) тууралуу кыргыздын чыгаан сатирик акыны Райкан Шүкүрбеков "кыргыздын Левитаны" деп атап, ыр жазган.

Капар Алиев орус режиссеру Сергей Урусевскийдин Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасына негизделип тартылган “Мен Тянь-Шань” көркөм тасмасында (1968, Мосфильм) рол аткарган. Капар агабыздын чакан юмордук аңгемелер жыйнагы да жарык көргөн.

Мекенчил катары таанымал болгон Капар байкенин кызы Зина Алиева совет доорунда айрым кыргызча чыгармаларды англис тилине которгон, англисчеден кыргыз жана орус тилдерине мыкты котормочу адис катары таанымал.

Архитектор Вера Алиева (15.7.1940 – 19.10.2014), Абдырахмандын карындашы.
Архитектор Вера Алиева (15.7.1940 – 19.10.2014), Абдырахмандын карындашы.

Вера Нурматовна Алиева (15.7.1940 – 19.10.2014) кыргыздын белгилүү архитектор айымы, педагог, окумуштуу, архитектура боюнча орусча-кыргызча сөздүктүн түзүүчүсү, маданият ишмери эле. Ал 1959-жылы Бишкек шаарында №5 Кыргыз орто мектебин аяктаган. Вера эже 1959–65-жылдары Москва шаарындагы Москва архитектура институтунда таалим алып, кыргыздын туңгуч архитектор айымы болуп калган. Ал Чыгыш Европада илимий стажировкада да болгон.

Вера эжеке 1972–78-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда архитектура боюнча дарстар да окуган. Ал кыргыз тилинин таламын талашып, Кыргызстан Илимдер академиясында “Архитектура боюнча орусча-кыргызча сөздүктү” жарыялаган. Анын бул ишмердигин тилчи, академик Бүбүйна Орузбаева колдоого алган.

Бул сөздүк кыргыз тилдүү архитектор окутуучулар жана студенттер тарабынан окуу куралга жардамчы колдонмо материал катары 1980-жылдардан тартып кеңири колдонулуп келди.

Вера эженин кыздары Асел жана Айгүл Догдуровалар Бишкекте туулуп-өссө да, кыргыз тилин мыкты өздөштүрүшкөн.

Вера Алиева эже атасынын аты деген жерге “Нурматовна” деп жаздырган. Нурмат – анын чоң атасы. Балким, мында да (чоң атанын ысымын экинчи тегат - "отчество" катары берүү) - тымызын же ачык куугунтук кылууну каалагандардын жолун адаштырчу ыкма болгондур?

Азыр бир беткей айтуу кыйын...

Абдырахман Алиев (1923–1971). 1960-жылдардын соңу. Үй-бүлөлүк архивден.
Абдырахман Алиев (1923–1971). 1960-жылдардын соңу. Үй-бүлөлүк архивден.

Жылуу сөзгө эч качан кеч эмес

Тилектин өз атасынын бедели тууралуу айткан сөзүндө калет жок:

“Мен атам жөнүндө эскергендерим ушул да... Бул киши, бирок, өкмөт тарабынан эч кандай жылуу мамиле (көрбөдү), же буларга кылган мамилелер башкача болгону менен, өзүбүздүн айылыбызда менин атам кадыр-барктуу кишилердин бири болчу. Элдин баары сыйлашчу. Ушундай сый-урмат менен жүрүп кетти, бул киши. Бирок эң өкүнүчтүүсү – буларга мамлекет тарабынан кийин дагы, азыр дагы... башкача мамиле кылганы азыркыга чейин мага оор сезилет, мен баласы катары эскерип айтып жатам”.

Абдырахман Алиев өзү, бала чактагы элестетишимче, бою узун, алыбеттүү, көзү тик караган, көп сүйлөй бербеген, өз кадырын өзү түшүнгөн салабаттуу киши болчу. Тилек атасын тартып шадылуу, бою бийик өстү.

Тилек Алиев (1959-жылы сентябрда туулган), Абдырахмандын уулу. 06.10.2013.
Тилек Алиев (1959-жылы сентябрда туулган), Абдырахмандын уулу. 06.10.2013.

Абдырахман байкемди атам Кадырмамбет Чоро уулу терең урматтачу. Айылда маңдай-тескей жашап, жамандык-жакшылыктарда ар дайым чогуу жүрүштү. Тилек экөөбүз да эгиз козудай ээрчишип чоңойдук. Бул жаатта узун сабак сөз болочокто деле жазылат.

Абдырахман Алиевдин жаркын элесин эми жалпы коомчулуктун назарына салуу аркылуу, балким, ал угууга үлгүрбөй калган жана урпактары буга чейин укпай келген анын тагдырындагы белгисиз каармандык барактарын таап чыгуу үчүн архив таануучу, полиглот жаш муундарды ыктыярдуу чыгармачыл изденүүгө шыктандырып жаткандырбыз.

Азыркы тапта бир нерсе айныксыз – Кыргызстандагы бардык мурдагы согуш туткундарынын тагдырларын 1991-жылы биротоло ураган коммунисттик империянын, анын желдети болгон КГБнын көзөмөлүндөгү цензурачыларынын көзү менен эмес, калыс жана ар тараптуу таразалаган заманбап түшүнүккө негизденгендердин көзү менен терең иликтөө мезгили келип жетти.

Бул – жалпы агым. Ар бир жалпы элдик толкун жеке инсандык суу бүртүгүнөн куралат эмеспи.

P.S.

Кыргызстандын тарыхынын ар кыл баскычтарында адилет бааны уга албай калган бабалардын тагдырларын жаңыча чагылдыруу аракеттерин жүзөгө ашырып жаткан заманбап жарандык демилгелердин бири –“Эсимде” долбоору. Шакиртибиз Элмира Ногойбаева жетектеген бул долбоордун жаңы жыйнагына биз да Абдырахман Алиев тууралуу чакан макалабызды сунуштадык.

Жакында бир америкалык тасманы көрдүм. Режиссёр Тодд Робинсон 2019-жылы жараткан “Акыры-түбү жетишилген толук чечим” (“The Last Full Measure”; аны орусчага “Отчаянный ход” деп которушкан) аттуу көркөм тасмада АКШнын Вьетнамга каршы согушу маалында жарадар жооокерлерди согуш талаасынан аман сактап калам деп жүрүп курман болгон учкуч Уильям Харт Питсенбаргер (William Hart Pitsenbarger; 8.7.1944 – 11.4.1966) жүзөгө ашырган эрдик тууралуу баяндалат.

Маркумга оболу “Аскер аба күчтөрүнүн чырымы” (Air Force Cross) деген медалды өлгөндөн дээрик 3 айдан кийин, 1966-жылы 30-июнда ыйгарышкан. Анын согушта чогуу болгон шериктеринин дээрлик 35 жылдык аракетинен соң, 2000-жылы 8-декабрда анын мурдагы сыйлыгы АКШдагы эң жогорку аскердик сыйлыкка – “Ардак медалына” (Medal of Honor) алмаштырылган.

Мында маселе – сыйлыкта гана эмес, маселе – бабалар өз каармандыгы үчүн жылуу сөзгө арзышы мезгил менен ченелбей тургандыгында жана кийинки бийликтердин саясий эркинин жана жаңы муундардын инсан таануу жаатындагы калыстыгынын зарылдыгында.

XS
SM
MD
LG