Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

БИШКЕКТЕ УЛУУ ЖЕҢИШ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ


Жапаров Аманбек Дилденбай, Бишкек Бишкектеги борбордук Жеңиш аянтында Улуу Атамекендик Согуштагы жеңиш күнүнө карата митинг-реквием болуп өттү. Ага согуштун жана эмгектин ардагерлери, мамлекет башчысы катышты.

Өткөн кылымдагы жер шарына алаамат салган 1941-1945-жылдагы Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандан 363 миңден ашуун адам катышкан. Алардын 130 миңи курман болгон. Согуш мезгилинде Кыргызстанда эки аткычтар дивизиясы, 3 аткычтар бригадасы, 3 атчандар дивизиясы, 2 авиациялык полк түзүлгөн. Алардын ичинен легендарлуу 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы Москваны фашисттик Германиянын аскерлеринен коргоп, тарыхта өчпөс эрдикти жараткан.

Адамзат тарыхына кара так салган мына ошол согуштун катышуучуларынын урматына жана Улуу Жеңиштин 58 жылдыгына карата Бишкектеги Жеңиш аянтында митинг-реквием болду. Ага Улуу Атамекендик Согуштун, ооруктун жана эмгектин ардагерлери, мамлекет башчысы, чет өлкөлүк элчиликтердин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. Алар Өчпөс отко гүлчамбар жана гүлдестелерди коюшту. Митинг-реквиемди Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкулов ачып, президент Аскар Акаевге сөз берди.

- Улуу Атамекендик Согуштун ардактуу ардагерлери жана оорукта эмгектенгендер! Кымбаттуу кыргызстандыктар! Урматтуу меймандар! Адегенде 1945-жылдын 9-майынын таңында көптөн күткөн Жеңиш Күнүн, өмүрүндөгү эң бактылуу учурду башынан өткөргөн адамдарды, ошол улуу күнү менен куттуктайм. Бул күндү Экинчи дүйнөлүк согуштун оту каптаган жер шарында жашагандар үмүт менен күткөн. Мына ошол улуу күн жалпы элдердин биримдигинин, Атамекен үчүн кан-жанын аябаган эрдиктеринин негизинде келип отурат. Адамзат тарыхында ар түрдүү согуштар болуп келген, бирок мындай согуш алардан өзгөчөлөнүп турат. Ал көптөгөн мамлекеттердин, анда жашаган адамдардын тагдырына өчпөс из калтырып кетти. Бүгүн арадан бир топ жылдар өтсө дагы, биз ачык айтууга укуктуубуз, анткени адамзат тарыхында мындай согуш, мындай Улуу Жеңиш болгон эмес, - деди мамлекет башчысы.

Акаев жеңиш үчүн кан-жанын аябаган көп улуттун өкүлдөрүнүн ичинен Орусия Федерациясынын жана АКШнын аскердик күчтөрүнүн эрдиги зор экенине токтолуп, учурда жер шарына бүлүк түшүргөн терроризм Кыргызстан жергесин да кыйгап өткөнүн айтты. Баткен коогалаңында Кыргызстандын жоокерлери катылган душмандардын катыгын берген эрдиктерине токтолду. Жалпы Кыргызстандын тургундарын, согуштун, ооруктун жана эмгектин ардагерлерин Улуу Жеңиштин 58 жылдык майрамы менен куттуктады.

Согуш ардагерлеринин атынан Шаршен Усубалиев сөз сүйлөп, жер жүзүндө ар дайым тынчтык өкүм сүрүшүн тилеп, жаштарды эли-жерин сүйүүгө чакырды. Митинг-реквиемден кийин Жеңиш аянтында Бишкек шаар мэриясы уюштурган аскердик талаа ашканасында 2000ден ашуун согуш жана оорукта эмгектенген ардагерлерге, мамлекет башчысына, бийлик өкүлдөрүнө 100 граммдан арак, кара нан жана аскердик ботко берилди. Аскердик ырлар ырдалып, шаардык өздүк-көркөм чыгармачылык топторунун концерти тартууланды. Бишкек шаарында азыр согуштун 2880 ардагери калган.
Митинг-реквиемге келген согуш ардагери, бир нече орден-медалдардын ээси, 82 жаштагы Мырзабек Арунов аксакал мындай дейт:

- Мен эки согушка – 1940-жылдагы Фин согушуна жана 1941-45-жылдардагы согушка катыштым. Жеңишти Берлинден тостум. Согуштун жүзүн ары кылсын. Менин Кудайдан тилегеним - жергебизде тынчтык болуп, эл-журт бейпил турмушта жашаса экен деген эле тилек. Силерге каалаарым - бөөдө кырсыктан тышкары болуп, бакубат өмүр сүргүлө. Таалайлуу болгула. Падышабызга Кудай ыйман берсин.

Эмгектин ардагери, жаш кезинде ооруктун оор жумуштарын кылган Сагын Шералиева апа да жакшы тилегин айтты:

- Жашоо жаман, эмес Кудайга шүгүр. Өкмөт, райадминистрация, коомчулук деле унутта калтырбай, колунан келген жардамын бизден аяган жок. Кээ бир нерсе аткарылбай калса, ойдогудай болбой калса, ага капачылык жок.

Митинг-реквиемге келген согуш ардагери Эсенжан Тынаев аксакал өзүнүн чыгарган ырын окуп берди.

- Улуу Жеңиш - кут береке конгон жыл,
Ушул күнү эли-журтум кубанып,
Обон созуп, ыр ырдашып созгон үн.
Батыш жакта кара түтүн булады,
Кызыл аскер сүрүп чыкты туманды.
Кыргыз эли эрдиктерди жаратып,
Кан майданда жеңип чыкты душманды.
XS
SM
MD
LG