Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:27

«Эсимде» долбоору кезектеги сынагын жарыялады


XX-XXI кылымдардын көмүскө тарыхына арналган «Эсимде» долбоору кезектеги сынагын жарыялады.

«Ооздон оозго өткөн үй-бүлө тарыхы. Кыргызстан - XX кылым» аттуу сынактын максаты элди ХХ кылымдагы жеке тарыхын изилдөөгө чакыруу экенин «Азаттыкка» долбоордун жетекчиси Элмира Ногойбаева билдирди.

Анын негизи өзгөчөлүгү – карапайым элдин айтылбай, көмүскөдө калган тагдырына көңүл буруу.

Чоң ата, чоң энесинин, үй-бүлөсүнүн, айылынын же шаарынын ХХ кылымдагы тарыхы, эстен кеткис окуялары тууралуу баяндап берүүнү каалагандар сүрөт, видео, кат жана башка булактардан маалыматтарды кошуп баяндарын быйыл 1-июлга чейин жөнөтсө болот.

2018-жылы «Адам тагдыры. Кыргызстан – XX кылым» сынагы жарыяланып, жеңүүчүлөргө долбоор басып чыгарган китептер жана «Раритет» дүкөнүнө сертификаттар тапшырылган болчу.

Тарыхчы Элмира Ногойбаеванын тарыхтагы жана элдин эсиндеги көмүскө окуяларды, фактыларды, процесстерди изилдөө жана аңдап түшүнүү боюнча талкуу аянтчасы катары таанылган «Эсимде» долбоору «Азаттык» радиосу менен 2019-жылы бою кызматташты. Анын жыйынтыгында окурмандарга катаал жылдардын курмандыгы болгон адамдар тууралуу макалаларды, фактыларды билүүгө мүмкүнчүлүк ачылды.

Айрым окумуштуулар ырастагандай, сталиндик репрессияга 40 миңден ашуун кыргызстандык туш келген, экинчи бир маалыматта бул сан 20 миңдин тегерегинде экени айтылат. (RK)

XS
SM
MD
LG