Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Асаналы Тердикбай уулу - манап тукуму жана агартуучу


Кеңешбек Асаналиев (1927--2007).
Кеңешбек Асаналиев (1927--2007).

Таанымал сынчы Кеңешбек Асаналиевдин атасы Асаналы Тердикбай уулу баштан кечирген азаптуу тагдырдын көлөкөсү уулуна да тийген. Бекташ Шамшиевдин блогу.

Большевиктик репрессияга жалгыз бир адам же анын жакындары эле эмес, бүтүндөй улуттар, жалпы эл туш келген. “Эл душманынын” баласы болуу - өмүр бою басым-кысым алдында коркуп жашоону билдирчү. Айтылуу сынчы Кеңешбек Асаналиевдин атасы Кеңеш бийлигинин алгачкы муундагы агартуучуларынан болгон. Ал репрессиядан из жашырып аман калганы менен согушта курман болгон.

Бир топ жыл адабиятчы, сынчы Кеңешбек Асаналиев менен чогуу жүрүп, кеп-кеңешин угуп, бир да ирет ал кишиден атасы тууралуу уккан эмес элем.

Асаналы Тердикбай уулу (Тердикбаев) өз маалындагы билимдүү инсан, агартуучу, анан да манап тукумунан болгон экен. Кеңешбек Асаналиевдин көзү өткөндөн кийин чыккан “Адабий айкаш” эскерүү китебинде атасы тууралуу ал момундай маалымат берилген:

“Учуру келгенде өмүр таржымалыман бир аз кабар берсем, атам Асаналы Тердикбаев, мен кайдан билейин, айылдагы аксакалдардын айтымында, чоң манаптын тукумунан чыккан, колдон келип турганда адегенде эле эскиче молдолук жагына багыт алыптыр. Айылыбызда эки молдо болгон экен, бири менин атам, экинчиси – Жаңыбаев Мамбеталы, кийин көрүнүктүү тилчи, методист, окуу китептеринин автору. Совет бийлиги келгенде атам тез эле ориентациясын өзгөртүп, кайрадан жаңыча окуп, мугалимдик кесибине өтүп кетиптир”.

Кеңешбек Асаналиев эскиче молдолук дегенде диний багытты эмес, араб ариби менен жаңы усулда билим берүү, “усул-и жадидчиликти” эске алып жатат. Эндекей жаткан калктын сабатын ачып, билим менен илимдин пайдасын көпчүлүккө жеткирүү, улуттук аң сезимди ойготуу маселесин алдыга койгон жадидчилердин эмгегин совет бийлиги башында жактырып, пайдаланып, соңунда “эл душманына” айлантып салган.

Эл арасында өтүмдүү кыймылдын улуттук баалуулуктарды алдыга жайышы бара-бара большвиктик жаңы бийликке жакпай калган. Мына ушул жагдайды убагында туюп-билип калгандар жаңы бийликке кызмат кылып, калк сабатсыздыгын жоюу, маданий революцияны ишке ашыруу жүрүмүнө жапатырмак киришкен.

К. Асаналиевдин эскерүүсүнө караганда, Кеңешбек биринчи класска барган кезде мектепте сабак өтчү атасы Асаналы бир күнү эле жок болуп калган.

Ага чейин колхоз башкармасы Мааматкайыпты “формачан кишилер” келип ат арабага отургузуп алып кетишет. Башкарма болгонго чейин ал киши да агартуу тармагында иштеген мугалим экен. Бул эми 1935 – 1936-жылдар.

“Мен биринчи класста окуп, бүтөр учурунда атам эмне үчүндүр үйдөн да, айылдан да көрүнбөй калды. Бир окуя болду окшойт. “Асаналы молдо (ушинтип аташчу) качып кетиптир” деген сөздөрдү угуп жүрдүм. Кийин билдим, чын эле качып кетиптир, ошол жылдары Чүйдөгү Кегети деген айылда мугалим болуп иштеп жүрүптүр. Мурдагы агартуу системасынын кызматкери, кийин биздин колхоздун башкармасы Мааматкайыптын камалышы менен менин атамдын “качып кетишинин” ортосунда кандайдыр бир байланыш бар экенин мен кайдан билдим, кийин өз башымдан өткөн тагдырдан улам табийгы түрдө өзүнөн-өзү келип чыккан логикалык корутундуга аргасыз болдум”.

Кийин согуш башталды.

1937 – 1938-жылдары өзгөчө күчөп кеткен репрессия каары бул кезде кыйла тартылып, бирок токтолбой жүрүп турган.

Асаналы Тердикбаев колхоздун жооптуу кызматтарынын биринде иштеп турганда аскерге чакырылып, Кантта уюшулган атчандар дивизиясында даярдыктан өтүп, үй-бүлөсүнө Калинин фронтуна эртең жөнөйбүз деген каты келип, көп узабай анын кан майданда курман болгондугу тууралуу “кара кагаз” алышкан. Кайгылуу кабарды айылдык кеңештен аялына угузушуп, мөөр басылган катты колуна беришет.

Асаналы Тердикбай уулу (Тердикбаев) 1899-жылы Кыргызстандагы Чүйдүн Саз деген айылында төрөлгөн. Айыл 1940-жылдары Фрунзе облусунун Каганович (кийинки Сокулук) районунун Октябрь атындагы колхозу болуп турганда согушка жөнөтүлгөн. 21-гвардиялык аткычтар дивизиясында кызмат кылып 1944-жылдын 16-январында Калинин облусунун Пустошкин районундагы Торчилово деген кыштактын жанында курман болгон, сөөгү ошол жердеги мүрзөгө коюлган.

Орусия Коргоо министрлигинин архивинде Асаналы Тердикбаев тууралуу ушундай маалымат сакталып калган.

Согуш күчөп, айылда кары-картаңдар менен кыз-келиндер, тестиер балдар калып, Кеңешбек Асаналиев окуусун таштоого мажбур болгон. Сабакты мыкты билгендиги, анан да сулуу жазганы үчүн аны сельсоветтин катчысы кылып дайындашкан. Үч-төрт жыл колхоздун кара жумушун кылып, балалыкты деле билбей калган. Кийин айылдык кеңештин катчысы болуп калганда, согушта курман болгондордун “кара кагазын” жакындарына тапшырып, жакындарынан айрылуу, башында оной эле жеңип коёбуз деген согуш кандай экенин жон териси менен сезген.

“Бул окуя согуштун үчүнчү жылында мен айылдык советте секретарь болуп иштеп жүргөн кезимде болду. Колума эки “кара кагаз” тийди. Карасам Стамбай дегендин балдары. Менин таякелерим. Апамдын атасы Майлыбай менен Стамбай бир тууган, Ат-Башыдан келген моңолдор. “Кара кагазды” сельсоветтин төрагасы Жумагул Түкбашевге апкелип, көргөздүм. Чоочуп кетти, көрсө мурдараак улуу агасыныкы келген экен, угузбай жашырып коюптур. Бир жакшылык болор деп ойлогон экен. Тескерисинче, болуп атпайбы. Эми үчөөнү катары менен угузуу керек. Кечинде айылдын абышкаларын чогултуп, угузуп коюшту, “үн” чыгарып...”

Ошентип колхоздун ар кыл иштерине аралашып окуусун токтотуп койгон улан согуш бүткөндөн кийин Фрунзедеги № 5-мектепке келип, онунчу класска кирип, 1946-жылы орто билимге ээ болуп чыгат. Окууну “кантип бүткөнүмө, эмненин таасири менен бүткөнүмө эмдигиче жооп таба албайм” деп белгилеген айтылуу сынчы эскерме баянында.

Согуштун айынан окуудан өксүп калган үчүн алгебралык түшүнүктөрдү “синус”, “косинус” дегендерди билбей эле жетилүү аттестатына ээ болуптур. Сүйлөө сабактарды мыкты билгендигин эсепке алып, мугалимдер көтөрмөлөп, алдыңкы аттестатка ээ болгон. Анан дилгир улан башында Фрунзедеги медициналык институтка тапшыргысы келип, бирок да тагдырдын дагы бир жолу менен педагогикалык институтка келип кирет.

Студенттик учуру тынч мезгил, а бирок балакеттүү репрессиянын экинчи толкуну башталып калган кез эле.

Кеңешбек Асаналиев ошол учурга мүнөздүү бир окуяга күбө болуп калышканын мындайча эскерет:

“Бир күнү Т. Саманчин биздин аудиторияда Молдо Кылыч туурасында мурда баштаган сабагын улантып жаткан. Бир убакта эшик ачылды да, кайра жабылды. Тазабек Саманчиндин эмне үчүндүр өңү бузулуп, кубара түштү. Шыдыр жүрүп, эргиген сабак кандайдыр бир нерсеге урунгансып, мүдүрүлүп, андан ары бошоңдогондон бошоңдоп өзүнүн мурдагы деңгээлине жетпей койду. Коңгуроо болуп, Т. Саманчин кагаздарын жыйнап, папкасын көтөрүп сыртка чыкты. Коридордо эки киши күтүп турган экен. Саманчиндин эки жагынан чыгып, сыртты карай алып кетишти. Подъездде “эмка” машина күтүп туруптур, ошого түшүштү да, борборду карай кетишти. Ошол бойдон Т. Саманчин бизге сабак окуганы келбеди. Ошондой эле Т. Байжиев да көрүнбөй калды. Ошентип, биз көзүбүздү чала-була ачкан бойдон калдык. Т. Саманчиндин, Т. Байжиевдин, З.Бектеновдун тагдырларын күн өтпөй, жума өтпөй эле уктук. “Буржуазиячыл-улутчул” күнөө коюлуп, камакка алыныптыр”.

Репрессия дагы күчөп, анын каары улуттук интеллигенциянын мыктыларына тие баштаган. Окууну бүтөргө жакын Кеңешбек Асаналиев туңгуч ыр китебин чыгармак болуп, анысын басмага, болгондо да, белгилүү акын Ясыр Шивазага тапшырат. А бирок кол жазма Узакбай Абдукаимовдун колуна тийип, туңгуч жыйнак чыкпай калат. Анын себебин автору түшүнбөй кала берет.

Сыртта элүүнчү жылдар, жеңиштин дымагы менен жашап аткан калк асманын кайрадан отузунчу жылдардын каардуу илеби каптап, куугунтук күч алып душман издөө, буржуазиячыл улутчулдарды отургузуу өнөктүгү кайра башталып калган. Совет бийлигинин көнүмүш иши - жок кылуу, отургузуу күчөгөн. Бул ирет кыргыз филологиясынын мыктылары айыпталып, күнөөнү “Манас” эпосунан издөө күчөп жаткан. Ташым Байжиев, Зияш Бектенов, Тазабек Саманчин камалып, калгандары качан кармап кетет экен деп элейип коркуп турушкан.

“Демек, бул үч адамдын жеке тагдырына балта чабуу – бул кадимкидей калыптанып, өнүгө баштаган кыргыздын улуттук филология илиминин тагдырына балта чабуу деген сөз. Чынында да филология илиминин тамырына балта чабылды”, - деп жазат К. Асаналиев эскерме баянында.

Албетте, илим изилдөө, билим берүү иштерине шарт түзүп, баарынын башында коммунисттик бийлик турган. Москвадагы чон бийлик А. Ахматова, М. Зощенко, Б. Пастернак сындуу дүйнөлүк аты бар акын-жазуучулардан саясий айып таап, куугунтукка ала баштаса, жалпы өлкөгө жайыла баштаган чет өлкөгө жүгүнүүчүлөрдү айыптоодон Кыргызстан четте калбашы керек эле.

Бирок бул жерде комполиттер эмес, буржуазиячыл улутчулдардын тобу табылган. “Манас” эпосу менен жазгыч акын Молдо Кылычты изилдеген окумуштуулар Т. Саманчин, Т. Байжиев, З. Бектеновдор камакка алынган. Алардын артынан да биртоп кишилер чыкмак.

Асаналы Тердикбай уулунун “илгерки “иштери” үчүн оор саясий айып тагуу, ал аркылуу баласына “бут тосуу”, зыян келтирүү аракети” башталмак. Жагдайдын ушундай опуртал жагына ооп кетишинен чочулаган Узакбай Абдукаимов жаш акын Кеңешбек Асаналиевдин тун жыйнагын чыгартпай коюп атпайбы.

Калтыс чакта акылдуулук кылган устатынын жакшылыгын Кеңешбек Асаналиев өмүр бою унутпай, кийин У. Абдукаимов тууралуу мыкты эскерүүлөрдү, “Майдан” романынын жаңычылдыгын талдаган макалаларын жарыялаган.

Кеңешбек Асаналиевдин атасына байланыштуу дагы бир маселе - анын Ленинградда кандидаттык диссертациясын коргоо алдында калкып чыккан экен. Кайсы бир куйтунун чагымчылдыгы аркылуу “эл душманынын” уулу илимий ишин коргоого чыгып жатканы тийиштүү кызматтарга билдирилип, а бирок ири илимий борбордун кадыр-баркы күчтүүлүк кылып, ал ирет да үч жылдык аракеттин жыйынтыгы натыйжалуу аяктайт.

Иши кылып Кеңешбек Асаналиев бала кезинен коммунисттик системадан биротоло жүрөкзада болуп, ошондон коммунисттик партия катарына да өткөн эмес, өзүн саясий кутумчулардан алыс кармаган.

“Адам өзү каалаган коомду, бийликти тандап ала албайт, жаралганда, көз жарып дүйнөгө келгенде “эмнеге”, “кандайга” туш келсе, ошол анын бешенесине жазылган тагдыры,- дейт Кеңешбек Асаналиев. – Мен төрөлүп, элдир-селдир акыл-эсиме келгенде, айлана-чөйрөмдө “Кеңеш” өкмөтү (атым да ошондон алыныптыр, айылдагы Кайрыке деген билимдүүрөөк келин коюптур), “колхоз” деген бар экенин билдим. “Кеңеш” өкмөтү (ошол учурдагы котормо аты) эмне экенин, нукура маани-маңызын, кайдан келип, кантип чыкканын кийин, өтө эле кийин, кечигип түшундүм, ал эми “колхоз” деген эмне экенин отө эле эрте, биринчи класска барганда барганда эле “жонконуман” көрүп-сезип, биле баштадым. Байкуш апам күндүн нуру жерге түшө электе кетменин көтөрүп кетчү, күндүн көзү көрүнбөй калганда келчү. Жаз башталгандан, кеч күзгө чейин, көргөн күнү ошол. Эмне тапты, эсимде бар, муну эч качан унутпайм, согуш алдында бир жолу, согуштан кийин бир жолу “эмгек күн” деп аталган “эмгек акысын” алды окшойт. Баарынан шумдугу, 30 сотук короосундагы айдаган жүгөрүсүн чөп басып кетсе, же сугарылбай кургап баратса, күндүзү керели кечке колхоздун ишине кетип, түнкүсүн айдын жарыгына салып экөөлөп чобүн оточубуз, же сугарчубуз. Ушунчалык амалкөйлүк, ушунчалык арамзалык менен жигин билгизбей, шек алдырбай адамды адамды аёосуз эзген, чындай келгенде эч кандай акы бербей, байыркыча айтсак, кулча жумшап, азыркыча – маңкурттай иштеткен каардуу системаны кантип ойлоп, кантип тапканына адамдын акылы жетпейт".

Жаңы коомго үмүт артып, ага жалгыз уулунун атын берип, агартуучулукту уланткысы келген атасын совет бийлиги кодулап отуруп жок кылмак. Согушка катышып акталып каламбы деген үмүт менен кан майданга барып ал киши кайтпай калган. Совет бийлиги идеялык душманын унуткан эмес.

Манаптын тукуму, эл бийлөөчү таптын өкүлү Асаналы Тердикбай уулунун кан майданда курман болуп калышы анын жалгыз уулуна карата басым-кысымдын токтолушуна алып келген жок. Куугунтук саясат менен иши жок, илимге өмүрүн арнаган таланттуу адабий сынчыны бучкактап, жолуна тоскоол болуп келди.

Анткен менен калыстык, адилеттикти туу туткан Кеңешбек Асаналиев өмүр жолун таза жашап өттү. Дүйнөлүк улуу жазуучунун чыгармаларын терең талдап, жалпы союздук аренадагы саналуу сынчылардын катарында жүрдү.

Улуу илимпоз өмүр жолун жашырбай ачык баяндап, улут адабият тарыхы менен теориясын, сын өнөрүнүн кандай оор, карама-каршылыктуу жолун басып өткөнүн кызыктуу сүрөттөп берген мурас калтырды.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG