Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:38

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ЖАШ КАЛЕМГЕРЛЕРГЕ АК БАТАСЫН БЕРДИ


9-августта Кино үйүндө Айтматов фонду жана Швейцариялык өнүктүрүү жана кызматташтык фонду тарабынан чыгарылган «Алманын мөмөсү» аттуу альманахтын бет ачары өттү. Бул адабий жыйынга Чыңгыз Айтматовдун өзү баштаган жазуучулар, акындар, сынчылар жана жаңыдан гана колуна калем кармап, адабияттын түйшүгүнө бел байлаган жаштар катышты.

Акыркы жылдарда Айтматов фонду акын-жазуучу болом деп дилгирленген жаштарды колдоо иретинде жыл сайын Ысыккөлдүн жээгинде алар үчүн чыгармачылык эс алууну уюштуруп келатат. Ал жыйындарга Кыргызстандагы таанымал акын-жазуучулар катышып, өздөрүнүн тажрыйба-билимдерин жаштар менен бөлүшүп турушат.

Устаттардын талкуусунан өтүп, көз майын коротуп отурган редакторлордун чыпкасынан кийин окурмандардын сынына коюлган чыгармалар «Алманын мөмөсү» деп аталган альманахка чыкты. Альманах, айтып коюш керек – дароо үч тилде – кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарык көргөн, башкача айтканда, журналга кирген чыгармалар дароо эки тилге которулган. Журналды Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов ошол журналга чыгармалары кирген жаш жазуучу, акындарга өз колу менен тапшырды:

- Баарыңардын келгениңерди чын ыкласымдан, чын жүрөктөн куттуктайм. Жаңыдан адабиятка оозанып жүргөн дебютанттарды куттуктап коёлу, кадырлап коёлу, силердин (адабиятка) келгениңер чоң мааниге ээ.

Жаш калемгер Эльдар Аттокуров төбөсү көккө тийип сүйүнүп турду, анткени ал атактуу Айтматовдун өзү менен кол кысышып, анын ак батасын алды. Анын пикири мындай болду:

- Айтматов фонду уюштурган жайкы мектептин катышуучусумун. Журналга кирген чыгармалар жаш калемгерлердин тырмак алды эмгеги. Чыгармалар дароо үч тилде чыкты. Котормо азыркы заманда өтө кымбат жана татаал иш. Бизди Ысыккөлгө чейин алып барып, тамак-ашыбыздан тартып, чыгармаларыбызды жарыкка чыгарганга чейинки жүктү моюнга алган Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык фондуна жана Айтматов фондуна ыраазыбыз.

Адабий жыйынга катышкан сынчы Кеңешбек Асаналиев дүйнөнүн 165 тилине чыгармасы которулган атактуу жазуучунун кадыр-баркына дагы бир ирет токтолууну туура көрдү:

- Чыке, жаш кезиңиздеги өмүр-баяныңызды мен жакшы билем. Ошондон бери ушул күнгө чейин тынымсыз аракеттин үстүндө, тынымсыз изденүүнүн үстүндө, тынымсыз эмгектин үстүндө келатасыз. Чыке, ушунуңуз сизде бар болсун, ийгилик каалайм.

Чыңгыз Айтматов өз сөзүндө азыр жаштардын дүйнөсү башка экенин, заман да башка экенин, азыр эркиндик келип, демократия орноп турган шартта чыгармачылыкка кенен жол ачылып турганын баса белгиледи. Жазуучунун пикиринде жаштар учурдан пайдаланып, эркиндиктин шарапаты менен дүйнөнү таңгалдырган жакшы чыгармаларды жазууга белсениши керек.
XS
SM
MD
LG