Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 15:04

Алптарды талдаган Асаналиев


Кеңешбек Асаналиев.

Быйыл Кеңешбек Асаналиевдин 90 жылдык мааракеси белгиленет.

Демейде "адабият деген эл үчүн жазылат, аны эл баалайт" деп айтып келебиз. Чындыгында ошондой. Бирок ар бир иштин көзүн таап, ак-карасын кесипкөйлүк дарамет менен талдап да, баалап да бере тургандар – негизинен адабияттын сынчылары го.

Маселен, XIX кылымдагы орус адабиятында Пушкин менен Гоголдун, Лермонтов менен Грибоедовдун ким экенин, алар орус тарыхында эмнеси менен каларын орус сынчысы Виссарион Белинский өз убагында ачып берип кеткен.

Ал эми француз адабиятында Флобер менен Мопассандын, Блэз Паскаль менен Бальзактын чыгармаларын дагы бир атактуу сынчы Сент-Бев учурунда эле эң сонун кылып баалап, айтчусун айтып кеткен экен.

Кыргыз адабияты - жолдуу адабият, анткени адабиятыбыздын тарыхында бир катар залкар сынчылар жаралып, ушул уникалдуу өнөрдүн пайдубалын түптөп кеткен. Ошолордун ичинен эң эле мыктысы жана билимдүүсү, башкаларга караганда принципиалдуулугу, керек болсо көк жалдыгы менен адабият тарыхында калган сынчы жана адабиятчы Кеңешбек Асаналиев десек аша чаппайбыз.

Биз, кийинки муундун, 70-80-жылдардын адабиятчылары жана сынчылары, ошол Кеңешбек агайдын таалими менен илимге, сынга аралаштык. Мен, маселен, агай менен беш жылга жакын бир кабинетте, бир сектордо чогуу иштедим. Таалим-тарбиясын алдым дегендей. Ушул эле ойду адегенде адабият сынчысы болуп эмгек жолун баштап, кийин саясатка, мамлекеттик кызматка өтүп кеткен Камбаралы Бобулов, Салижан Жигитов, Абдыганы Эркебаев да айтмак.

Кеңешбек Асаналиев. Сынчынын тагдыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:53 0:00

К. Асаналиев сынчы да, адабиятчы да эле. Анын жетекчилиги менен 1980-жылдарда кыргыз совет адабиятынын эң биринчи терең да, сапаттуу да жазылган эки томдук тарыхы жазылган. Ал тарыхты жазууга агайдын өзүнөн баштап, С.Жигитов, А. Садыков, О. Сооронов, С. Байгазиев, мен болуп катышканбыз. Баса, мен ошол кезде топтогон материалдарымдын жана илимий-теориялык тажрыйбамдын негизинде 2013-жылы эки томдуу “История кыргызской литературы ХХ века” деген эмгегимди жаздым.

Дал ошол Кеңешбек Асаналиев тарабынан азыр өз алдынча илим катары калыптанып калган Айтматов таануу илими түптөлгөнүн да баса белгилебесек болбойт. Чыңгыз Айтматов менен жаштайынан тааныш жана дос болуп, анын чыгармаларынын эң биринчи окурманы жана сынчысы да ошол Кеңешбек Асаналиев эле. Айтматовдун нечен китептерине баш сөз жазып, орус тилинде да, кыргыз тилинде да эң жогорку деңгээлдеги макалаларды, анализдерди жазган ушул Кеңешбек Асаналиев агай болчу.

Эми Асаналиевдин адамдык тагдыры, инсан катары бейнеси тууралуу да эки ооз сөз айта кетели.

Чынын айтышыбыз керек, сынчынын тагдыры татаал. Ага тарыхтан, айрыкча дүйнө адабиятынын тарыхынан, орус адабиятынын тарыхынан ондоп мисал келтирсек болот. Кеңешбек Асаналиев адабият тармагынан эң биринчи академик болуш керек эле, болбоду. Негизги себеби – сынчылык кылам деп жүрүп абройлуу деген академиктердин каарына калган. Нечен орден менен медалдарды алыш керек эле, албады. Ага себеп дале болсо ошол аттуу-баштуу адабият авторитеттерине тийгизген тили, сыны болду. Айтканынан кайтпаган кашкөйлүгү болду. Ал гана эмес "илимдин доктору" деген наамды алтымыштан эбак ашканда араң алды.

Маркестин сыйкырдуу реализминин табышмагы

Маркестин сыйкырдуу реализминин табышмагы

Сантос Нобел сыйлыгына татыган Колумбиянын экинчи өкүлү. 1982-жылы жазуучу Габриэл Гарсиа Маркес адабият боюнча сыйлыгын алган.

Тескерисинче нечендер дал ошол авторитеттүү жазуучулардын чыгармаларын диссертация кылып жаза коюп, түшүнө кирбей турган наамдар менен даражаларды алды. Баарынан да Асаналиев менен Жигитовдун тырмагына татыбай туруп. Айла канча, кыргыздын турмушунун ачуу чындыгы ушул, андан эч кайда качып кутула албайбыз. Мактангандык эмес, фактыны гана келтиргендик деп түшүнгүлө: 2014-жылы "Кыргызстандын Эл жазуучусу" деген наамды мен алып бердим. Бул менин улуу устаттын алдында өтөгөн парзым болду.

Кеңешбек Асаналиев Сокулук районунун Саз деген айылында 1928-жылы туулуп, мектепти да ошол Сокулукта бүтүргөн. Бир кезде "Кыргызстан мамлекеттик педагогика институту" деп аталган азыркы Кыргыз улуттук университетин 1950-жылы аяктаган. Ошол эле жылы Ленинграддагы "Пушкинский дом" деп аталган илим изилдөө институтунда аспирант болуп окуп, Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы боюнча кандидаттык диссертация жактаган. Орустун тилинде сайратып макала жазганга, чыгармаларды ийне-жибине чейин талдаганга жана сындаганга ошол жерден үйрөнгөн.

Ошентип, адабиятчылардын ичинен эң эле чыгааны, билимдүүсү катары таанылып, бара-бара анын артынан жоон топ мыкты чыкма сынчы-адабиятчылар тарбияланган. "Кыргыз адабий сынынын эң эле таанымал тарбиячысы жана бүтүндөй мектеп түзүп кеткен залкары ким?" деп суроо салсак, анда албетте, Кеңешбек Асаналиевдин аты биринчи болуп аталмак.

Кеңешбек агай эки жолу үйлөнүп, эки кыз, бир уулдуу болду. Тилекке каршы, биринчи аялынан тапкан уулу мезгилсиз кайтыш болуп, агайды көп кейишке салганы азыр да баарыбыздын эсибизде.

Кеңешбек Асаналиев тууралуу сөз болгондо анын Чыңгыз Айтматов менен достугун, пикирлештигин атайылап айта кетпесек болбос. Биринчиден, Чыкебиз менен жашташ, санаалаш болуп, ошол санаалаштыгынан өмүр бою жазган жок. Экинчиден, жазуучунун чыгармаларына эң биринчи баа берип, адабий коомчулукка жарыя эткен да ушул киши болгонун жогоруда айттым. Айтматовдун чыгармачылыгын дээрлик отуз жылдай изилдеп, ар бир китебине, ар бир жаңы чыккан чыгармасына эң биринчилерден болуп баа берип, макала жазып, атайын изилдөөлөрдү жазып турган да Кеңешбек агай болду.

Маселен, Айтматовдун атактуу “Гүлсарат” повети 1968-жылы чыкканда “Жоргоңон жазба, Гүлсары!” деп чагылгандай тез, бутага мелжегендей таамай, ар бир сөзү билим менен зор эрудицияны, чоң илимий жана эстетикалык даярдыкты көрсөтүп турган макаласын “Ала-Тоо” журналына биринчи болуп чыгарган. Мындай макалаларды санай берсек сөзүбүз оңой менен бүтмөк эмес.

Кеңешбек Асаналиев.
Кеңешбек Асаналиев.

Ырас, агайыбыз Айтматов деп ак эткенден так этип жүрүп, көп жылдык эмгегин, нечен көз майын коротсо да, Чыкебиздин жарытып деле жардамын көрбөдү – муну да айта кетпесем болбостур. Чыкебиздин атын ойда пайдаланып, пайдасын көргөндөр, алимент катары азыркыга чейин алгандар таптакыр башкалар болду. Кантели, пенде экенбиз, көрпенделик баарыбызда бар экен.

Кеңешбек Асаналиев канткен менен диапазону кенен, арышы алыс адабиятчы эле. Ал кыргыз адабиятындагы Алыкул Осмонов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков сыяктуу залкарлар тууралуу да азыркыга чейин маанисин жогото элек эмгектерди жазды.

Сынчынын “Адабий айкаш” деген көлөмдүү китеби анын акыркы чоң эмгеги болуп саналат. Бул китебинде атактуу сынчы кыргыз адабиятындагы бир катар маанилүү жана орчундуу окуялар, процесстер, жазуучулар менен акындар тууралуу эскерүүлөрдү жазып, кыргыз адабиятындагы биринчи мемуардык эмгекти жаратты. Кыргыз адабиятынын тарыхын окуп-үйрөнгүсү келген киши бул китепти сөзсүз окушу керек.

Быйыл Кеңешбек Асаналиевдин 90 жылдык мааракеси белгиленет. Бул мааракеге азыртан эле ар кандай даярдык көрүлө баштады. Ал туура, анткени мындай улуу адамдардын атын атап, эмгектерин эске алмайынча адабиятыбыз өспөйт, жаңы муунду тарбиялаш да кыйын. Анын үстүнө руханий эстутум - улуттун ургаалдуу алга жылышынын бирден-бир шарты болуп эсептелет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG