Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:02

Атасын 75 жыл күткөн бир туугандар


"Эсимде: өткөн тарыхты эстеп" долбооруна таандык сүрөт.

"Эсимде: өткөн тарыхты эстеп" аттуу талкуу аянтчасы тарабынан даярдалып жаткан “Чиеш тагдырлар II” китебиндеги Аида Кубатованын кулакка тартылып, сүргүнгө айдалган үй-бүлөнүн тагдырын баяндаган макаласын сунуштайбыз.

Буга чейин тарыхтын ачылбаган барактарында калган айрым адамдардын өмүр таржымалы бүгүнкү жана эртеңки кадамыбызды туура таштоого өбөлгө болот деген ниеттебиз.

Тарыхты адамзат башынан кечирген олуттуу окуялар, коомчулук, анын ичинде ар бир адамдын жеке тагдыры да түзөрү белгилүү.

Репрессия темасына кайрылган учурда көпчүлүк элдин анын капшабына кабылганы жөнүндө өлкө эгемендикке ээ болгондон кийин гана ачык айтыла баштады.

Учурда репрессияга кабылган адамдардын балдары да саналуу эле калды. Алар узак мезгил бою оор окуяларды жүрөк түпкүрүнө бекитип, бирөөгө сыр кылып айтуудан да чочулап жашашты. “Эл душманынын баласы” деген атка калуудан корунуп, кемсинип, укуктары чектелип азап чегишти.

Өткөн кылымдын 30-жылдарындагы Сталиндик репрессияда кыргызстандыктардын көбү Орусия, Украина, Казакстан жана Өзбекстанга айдалганы белгилүү.

"Жети атамды билбеген кулмун” же “Кулактын” уулу Бейше атанын баяны

Сталиндик доордун кандуу жылдарында кулакка тартылгандарды жаңы бийликке коркунуч жаратчу күч катары эсептешип, Кыргызстандан сырткары аймактарга мажбурлап көчүрүшкөн.

Буларды белгилеп жатканыбыздын себеби, Украинага айдалгандардын катарында биздин чоң атабыз (тагыраак айтканда, жолдошумдун чоң атасы) Ниязалы Ашыр уулу да болгон.

Украинага айдалган кыргызстандыктар Одесса облусундагы Харлов районуна жана Николаев облусундагы Скадовск районунун Чалбасы кыштагына (азыркы Херсон облусу, Цюрипинск району, Виноградово кыштагы) жайгаштырылган.

Украинага айдалып кеткен Ашыр уулу Ниязалынын уулдары Ниязалиев Бейше (1931–2015) жана Кубатбек учурда Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылында жашашат.

90-жылдары эл ичинде ата-тегине, деги эле кыргыз элинин тарыхына кызыккандардын саны артты. Ошол учурда Бейше атанын жанына чогулган балдары, неберелери: “ата, биздин дагы жети атабызды билгибиз келет, ошолор тууралуу айтып бербейсизби?” деп сурап калышты.

Мен дагы кызыгып кулак салдым. Атабыз оор күрсүнүп, “балдарым, жети атасын билбеген кул деп айтышчу эле, мен да ошондой кулмун” деп жашып кетип, жер чукулады. Баарыбыз ыңгайсыз абалда калдык.

Бейше ата бир далайга чейин көзүн жуумп олтурду да, ушунча жыл жүрөгүнө катып келген сырды айта баштады.

“Апамдын, айылдаштарыбыздын айтканы боюнча, атам Ниязалы бардар жашаган соодагер экен. Тез-тез эле Анжиян, Наманган, Талас аймактарын түрө кыдырып, соода кылып, үйүбүздөн эл үзүлбөй, акчаны арбын таап, тууган-урукка тең караган адам болгон дешет. Үйүнө кайтканда күн сайын согум союлуп, апаларыбыз, жок дегенде "күн алыс сойдурсаң боло" деп жемелешчү экен. Апаларыбыз дегеним, атамдын эки аялы болгон. Биринчи аялы Жумагүлдүн балдары токтобой коет. Бала дегенде ак эткенден так эткен үй-бүлө кеңешип, кийин атам бир топ жашка барып калганда экинчи аялын (Үмүрбаева Дилде) алыптыр. Атамдын эки жубайынын ынтымагына эл таң калчу экен, эже-сиңдидей ээрчишип Сатар, андан кийин Нурийла деген кыз багып алышат. Сатарды атам Ташкентке окууга алып барып киргизет. Кайсы окуу жай экенин билбейм, айтымы медицина жаатында окуган окшойт. Көп узабай үйү бакытка бөлөнүп, баланын ыңаалаган үнү жаңырат. Ошол эңсеп жүрүп көргөн уулунун атын Бейше коюшат.

Бирок бактылуу учурлар узакка созулбайт, 30-жылдары атабызды кулакка тартышып, Украинага айдашат. Ошол учурда алардын колунда наристе (апам Дилде көз жарган соң, мени дароо эле Жумагүл апам багып калган экен) болгондуктан, аялдарга калууга уруксат беришет. Бирок апаларыбыз өмүрлүк жолдошунан ажырагысы келбей, атам менен кошо белгисиз тарапка жол тартышат. Калганда деле эч ким каралашпасын жакшы түшүнүшкөн го. Ниязалы суракка алына баштагандан тартып эле туугандары сыртын салып калганын кийин апам айтып калчу”.

Сүргүндөгү жашоо. Бөтөн жердин азап-тозогу

Жол азабы, көр азабы. Аптапта поезд Казакстандын кумдуу талаасын аралап баратканда тар купеге тыгылган элдин көрбөгөнү көр болот. Айрыкча балдар чырылдап ыйлап, жээкке чыгып калган балыктай аба жетпей кыйналышат.

Ошондо Бейшени колуна көтөргөн апасы терезеге элдин көптүгүнөн жете албай азап тартат. Ага боору ооруган купедегилер баланы колдон колго өткөрүп, терезеге жакындатып, дем алдырышканын айтып берчү эле. Бактыга жараша наристе аман калат. Ал эми тагдырдын оор сыноосуна моюн сунгусу келбеген бакма уулу Сатар Украинадан Кыргызстанга эки жолу качкан экен. Бирок, аны айылдаштары эле кармап беришиптир. Экинчи ирээт качканда жазалоо иретинде атайылап сыртынан мыктын учун чыгарып кагылган жыгач вагонго (товардык) салып алып барышат.

Жөлөнгөнгө мүмкүнчүлүк болбой, кээде тизелеп, кээде тикесинен тик туруп кыйналып келгенин айткан экен. Украинага жеткенде Сатардын мурдунан кан токтобой, жашоо менен кош айтышат.

Мына ушундай трагедияны баштан кечирген Ниязалы Ашировдун үй-бүлөсү мекендештери менен Украинанын Чалбасы кыштагын байырлап калышат. Уулу Бейше эс тартып, мектепте окуй баштайт.

Айтымы ошол жылдары элдин суроо-талабы менен балдарды окутуу үчүн Кыргызстандан мугалимдерди чакыртышкан экен.

Чалбасыда окуп-билим алышкан жаштар өз эне тилинде, ошондой эле орус жана украин тилдеринде билим алып, мектепте дене тарбия, музыкадан да сабатын жоюшкан. Элдин турмушу бир аз оңолуп, барган жердин шартына көнүп, дыйканчылыкты үйрөнүшөт.

Куугунтуктагы куугунтук. Жазыксыз жанды тооруган өлүм

Жер шартына көнө баштаган элдин турмушу бир аз оңолгондо “Новый путь” деген колхоз уюштурушат.

Бирок 1938-жылы жалпы союздук масштабда күчөгөн саясий репрессиянын капшабы Украинага айдалгандарга чейин жеткен. Ошол эле жылдын кыш айларында Ниязалыны да "кеңеш бийлигине каршы уюштурулган жашыруун уюмдун мүчөсү" деген жалган жалаа менен суракка алганы айдап кетишет. Кармалгандар менен кошо Скадовский районунун борборундагы түрмөгө камалат. Үй-бүлөсү ага колунан келишинче, тамак-аш ташып турат. Ошентип, Украинага айдалгандар алгач кулакка тартылып, эл-жеринен куулганы аз келгенсип, кандуу репрессиянын тырмагына илинишет.

Чындыгында эле алардын репрессияга кабылганы тууралуу изилдөөчү Зуура Алтымышова берген Украинанын Херсон облустук Державний архивинин материалдарында тастыкталып турат.

Андагы маалыматтарда, 1938-жылдын февраль айынан октябрь айына чейин Кыргызстандан Украинага көчүрүлгөндөрдүн арасынан жалпысынан 63 киши кармалып, Украин ССРинин Жаза Кодексинин 54-2, 54-7, 54-10, 54-11 статьялары боюнча жоопко тартылганы жазылып турат.

Аларга «1931–38-жылдар аралыгында Скадовск районунда жашап жаткан учурда жашыруун контрреволюциялык улутчул уюм түзүшүп, анын мүчөлөрү болушкан, Совет бийлигине каршы контрагитация жана ишмердүүлүк жүргүзүшүп, «Новый Путь» колхозун бүлдүрүүнү максат кылышкан, эски бай-манап укуктарын, уруулук таасирин жандандырууга аракеттенишкен жана мурда Кыргызстанда басмачылардын Кеңеш бийлигине каршы куралдуу күрөшүнө катышкан» сыяктуу айыптар коюлган.

Чалбасы кыштагынан Сатаркул Жангарачев (1888-жылы туулган), Кыдырбаев Абдылас (1903), Кундубаев Сагын (1895), Байбосунов Арун (1907), Байбосунов Кожогул (1895), Бактыгулов Бейше (1889), Сатаев Бопой (1893), Аширов Ниязалы (1885), Жанузаков Исраил (1911), Жанузаков Исак (1906), Султанов Жапания (1897) бар. Камакка алынгандардын тогузу атууга кеткен.

Алардын арасынан тирүү калган Байбосунов Арунду жана Жанузаков Исраилди 10 жылга эмгек түзөтүү лагерине жөнөтүү өкүмү 1938-жылы май айында жүзөгө ашкан.

Атасынын атылганын билбей түрмөгө каттаган балдар

28 жылдан кийин гана, тактап айтканда 1960-жылы январь-март айларында Одесса Аскердик Округунун Аскердик Прокуратурасы жана Херсон облустук Мамлекеттик коопсуздук комитети тарабынан камалган кыргыздардын соттуулугунун тууралыгы текшерилген.

1959-жылы күбө катары суралгандар Чалбасыда жашаган кыргыздардын арасында эч кандай уюмдун болбогондугу, алардын ак ниеттүүлүк менен иштегени, эч кимиси Кеңеш бийлигине каршы чыкпаганы жөнүндө көрсөтмө беришкен. Ошол эле учурда Кыргыз, Түркмөн, Өзбек ССРинин Борбордук Архивдериндеги маалыматтардан алардын басмачылардын катарында Кеңеш бийлигине каршы күрөшпөгөндүгү такталган. Репрессияланган кыргыздардын Скадовск районунда жашыруун контрреволюциялык уюмду түзүшпөгөндүгү аныкталып, коомчулукка белгилүү болгон.

Ниязалы Ашыр уулу да атууга кеткендердин катарында болгон. 1938-жылы 3-апрелде өмүр менен кош айтышкан. Бирок бул тууралуу анын үй-бүлөсү билбей, бир топко чейин түрмөгө тамак-аш жеткирип турушкан.

Ниязалы атылган күз айында кош бойлуу жубайы көз жарып, дагы бир уулдуу болушат. Муну жакшылыкка жоруган эки эне арка-бел болсун деген ниет менен наристеге Кубатбек деген ысым ыйгарышат.

Согушта баскынчылардын колунда калган Чалбасы

Ал арада Ата Мекендик согуш башталып, ошол жердеги кыргыздардын жүзгө жакынын Карагандыдагы шахтыга иштеткени алып кетишкен. Чалбасы кыштагы фашисттик баскынчылардын колунда калган.

1943-жылы Украина бошотулгандан кийин Чалбасыдагы кыргыздарга эл-жерине кайтууга уруксат берилген. Ниязалынын бар-жогун билбей, сарсанаа тарткан үй-бүлөсү, балким артыбыздан келип калабы деген үмүт менен Кыргызстанга жол тартышат. Улуу баласы Бейше ошол мезгилде 14 жашта болсо, кичүүсү Кубатбек бештеги бала экен. Алар 1945-жылы 1-январда Украинадан товар ташыган поездге түшүп, улам которулуп отуруп, 20 күн дегенде Беловодскиге келишет.

[1] Алтымышова З. Державний Архив Херсонской Области Украина, ф.4033, оп. 5., д.233, л.245–245 об.
[1] Державний Архiв Херсонської Областi Україна, ф.4033, оп.5, д.233, л.391.

Сүргүндөн кийинки жашоо

Кайтып келгендерди бул жакта деле оңдуу жашоо күтүп турган эмес. Аларды жашай турган үй-жай, жегенге азык менен эч ким камсыз кылган эмес. Албетте, бул учурда согуш жаңыдан аяктап эл каржалып турган, бир жагынан репрессияга кабылгандар менен катышкандан чочулаган маанай күч эле. Ошондуктан, эки эне балдары менен Дилде апанын жездеси Иманалы Малабаевдин үйүнө келип баш калкалап, бир-эки жыл жашайт.

Дилбде апа небереси менен.
Дилбде апа небереси менен.

Эки жылдан кийин жездеси менен эжесине ыраазылыгын билдирген эки аял балдарын жетелеп чыгып кетишет да күзгө чейин алачык жасап, сыртын шыбап жашай башташат.

Кийинки жылы жаз алды менен Украинадан көрүп келген ыкма менен ылай куюп үй салганга аракет кылышат. Колхоздо иштеп, балдарын багышат. Ушундай оор кыйынчылыктарды башынан өткөргөн энелеринин абдан ынтымактуу болгону жана экөө тең балдарды жанынан артык көрүп, бирдей кам көрүшкөндүгү уулдарынын жадында калган. Айылдаштары эки аялдын эгиздердей оокат кылганына, кайраттуулугуна таң беришчү экен.

Балдардын улуусу Бейше атабыз окуусун андан ары улантып, сегизинчи класстан тартып, Москва районундагы Буденный орто мектебинде окуган. Анын айтканына караганда, Украинада келгендердин балдарынын баары эле жакшы окуган. Бейше атабыз окууну аяктар менен эле үй-бүлөгө кам көрүү түйшүгүн мойнуна алыптыр. Алгач китепканада, кийин айылдык кеңешке катчы, анан төрагасы болуп иштейт.

Экинчи уулу Кубатбек Фрунзе көркөм өнөр окуу жайын бүтүрөт. Ал атасынын дайынын билүү үмүтү менен Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырат. Бирок советтик доордо баары жашыруун сакталгандыктан, атасы тууралуу эч кандай маалымат таба алган эмес.

Эки эне өмүрүнүн аягына чейин үмүт үзбөй Ниязалыны күтүшкөн. Бир чети балдарынын аман калганына, алардын очор-бачар болуп, неберелерин көргөндөрүнө каниет кылып жашап, дүйнөдөн өтүштү.

Аз да болсо көрүп-билип калган улуу баласы ата мээримин сагынып жүрүп өтсө, кичүүсү Кубатбек энелерине эркелеп чоңойуп, атанын жогун анча сезбей калганын моюнуна алат.

Солдон оңго биринчиси – Бейше Ниязалиев, үстүңкү катардагы экинчиси – Кубатбек Ниязалиев уулдары – Рашид, Руслан менен 1980-жыл.
Солдон оңго биринчиси – Бейше Ниязалиев, үстүңкү катардагы экинчиси – Кубатбек Ниязалиев уулдары – Рашид, Руслан менен 1980-жыл.

Балким, мындай сезим ошол мезгилде согуштан кийин атасыз жетим өскөн балдардын көбүндө болсо керек. Ошондой болсо да анда-санда атасынын жанында жүргөн балдарды көргөндө "менин да атам болсо кана" деп суктанганын айтып калчу.

“Ким күнөөлүү, бийликпи, системабы же татаал тагдырбы?”

Жакында эле 2013-жылы Бейше, Кубатбек аталарыбыз кокусунан изилдөөчү Зуура Алтымышованын макаласын окуп, андагы Херсон облустук архивинин маалыматтары менен таанышып калышат.

Андан атасы Ниязалынын 1938-жылы эле атылып кеткенин билишет. Ага-ини 75 жылга созулган күтүүнүн аягы ушинтип бүткөнүнө же сүйүнөрүн, же күйүнөрүн билбей бушайман болушту.

Небере-чөбүрөлөрүнүн баары чогулуп, чоң атасы Ниязалынын арбагына арнап куран окутуп, эскеришти. Ошондон эки жыл өткөндөн кийин Бейше атабыз дүйнөдөн кайтты. Кеч болсо да өмүр бою күткөн атасы жөнүндө чындыкты укканына ыраазы экенин айтып өттү.

Азыр айрым адамдардан жети атасын санагысы келбей ыргылжың тартканын көргөн сайын Бейше атабыздын “Мага аларды айтып берген адам болгон жок. Атасыз өстүк, жакын туугандар бизден боюн оолак тутуп, сурап-билүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок” деп муңайганы көз алдыма тартылат.

Буга ким күнөөлүү, бийликпи, системабы же татаал тагдырбы? Азыр деле канчалаган ата-энесинен эрте ажыраган, айрым учурларда атасын эле эмес, энесин да көрбөгөн балдар да коомчулукта арбын. Алар менен сүйлөшкөн учурда кыргыздарда кеңири тараган, биз сыймыктанган жети атасы тууралуу кептерди укканда, алардын кандай абалда калганы айтпаса да түшүнүктүү.

Ошондуктан, ансыз деле тагдырдын оор сыноосуна кабылып, “аялуу катмар” катары өсүп жаткан жаштарга “жети атасы” тууралуу түшүнүктөн тышкары, “мекенчилдик”, “гуманизм”, “ыйман”, “үй-бүлөнүн ыйыктыгы” ж.б. сыяктуу түшүнүктөрдү аң-сезимине сиңирүүгө аракет жасоо керек экенин эске алсак болор эле.

Киевдеги иш-сапар же СССРдин документтерин эмнеге жашыруун сыр кылып жашырышыбыз керек?”

Мындан эки жыл мурда иш-сапар менен Киев шаарына барып калдык. Ал жерде архивдердин, айрыкча Украинанын Улуттук коопсуздук кызматынын архиви кандай тартипте иштегени бизди кызыктырды.

Украинанын архивинен табылган сүрөт. Сүрөт Кураманов аттуу адамдын делосунун ичинен табылган.
Украинанын архивинен табылган сүрөт. Сүрөт Кураманов аттуу адамдын делосунун ичинен табылган.

Улуттук коопсуздук кызматынын архивине барган учурда, бизди сылык-сыпаа тосуп алышып, архивдин чакан окуу залы, заказдарды кабыл алуучу бөлмөсү жана документтер сакталган (сактоого ыңгайлуу, бардык шарттары бар) залын көрсөтүштү.

Украина Улуттук коопсуздук кызматынын архивиндеги документтер, 2019-ж.
Украина Улуттук коопсуздук кызматынын архивиндеги документтер, 2019-ж.

Бизди кызыктырган 1937–38-жылдардагы документтерди кантип колго бересиңер" деп сураганда, алар: “каалоочулар үчүн эшик ачык, арыз жазса, бардык документтерин таап беребиз” дешти. Жашыруун эмеспи десек, “Жок, мамлекеттин (СССРдин) документтерин эмнеге жашыруун сыр кылышыбыз керек?” деп жооп беришти. Буга далил катары, алар Украинага айдалып, көчүрүлүп келген кыргыздар тууралуу Киевде сакталып турган азын-оолак архивдик маалыматтарды, сүрөттөрдүн көчүрмөсүн жөн эле берип, таң калтырышты.

Алардан толугураак маалыматты кайдан аларыбызды сураганыбызда, "Херсон жана Одесса облустук архивдеринен сураштыргыла" деп кеңеш беришти. Учурда азыраак изилдөөчүлөр ал жерлерден документтерди алып келип, тарыхыбыздын актай барактарын толтурууга аракеттерди жасап жатат.

Биз өзүбүздөгү Улуттук коопсуздук кызматынын архивинде сакталып турган 20 миңден ашуун адамдын тагдырлары камтылган материалдар менен саналуу гана адамдар таанышкандыгын өкүнүч менен салыштырдык.

Макаланы даярдап жатып Ниязалы чоң атабыздын бир да сүрөтү, документтери сакталбагандыгын айта кетейин, балким алдыдагы изилдөөлөрдө Украинанын архивдеринен алына турган документтердин арасында башка дагы көптөгөн дайынсыз адамдар менен кошо сүрөттөрү же башка дагы маалыматтар табылат деген үмүттөмүн. Анткени, ар бир адамдын өмүрү, тагдыры өлкөнүн негизги байлыгы экендигин эстен чыгарбасак...

Аида Кубатова, тарых илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун Кыргызстандын XX-XXI кылымдардагы тарыхынын бөлүм башчысы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG