Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

Мектепте мугалим - cыртта кара жумушчу


Кыргыз жазуучусу Рыспек Адиевдин “Мугалим” аңгемеси ушу тапта абдан чоң талкууга түшүп, талаш жаратып аткан темага – билим берүүчүнүн коомдук кадыр-баркын көтөрүү көйгөйүнө арналган.

Кыргызстандык жазуучу Рыспек Адиев мугалимдин турмушу аркылуу бүгүнкү турмуштун мүнөзүн, буга чейин топтолгон көйгөйлөрдүн бир тобун алдыга жайып, коомдогу кризис өтө элe тереңдеп кеткенин белгилеген.

Китепке жумшалган акча

Жетишпеген турмуштун айынан баш калаадагы мектептердин биринде иштеген мугалим келиштире үй салган жаңы чыкма байдын короосунда кудук казууга макул болот. Ага Закир деген жигит кошулуп, иш кызуу башталат.

Үй ээси 24 метр тереңдикте кудук казып, кошуналардыкынан мыкты, таза суу чыгарып берүүнү табыштайт. Айтканга оңой болгону менен жыйырма метрден терең кудук казуу – тозоктун-тозогу, ага кара жанын карч урган, казылган жер «күп» этип түшүп басылып калышынан чочубаган, чукулдук менен күрөктү тынбай иштеткен, керелден-кечке жанын аябаган адам гана чыдай алат.

Иш жаңы башталганда кара жумушка бышпаган Кадырдын шайы кетип, «манжалары камтуудан калып, бирде сабы кесилген күрөгүн, бирде жоон «лом» темирин колуна алып куралдарын тез-тез алмаштырган менен жумушу арбыбай» кыйналып аткан. Жогорто отурган өнөктөшү «интеллигент, тур ыкчамда, мындай темп менен бул жумушту он күндө да бүтө албайбыз» деп шаштырып турат. Айла жок турууга туура келет.

Закир кара жумушка чымыр, дүгдүңдөп иштей берчү, чарчоо дегенди билбеген неме экен, тезирээк жумушун бүткөрүп салалы деп эле турат. Аны менен Кадыр ушул кудук казууга келгенде таанышты.

Терең кудук казууга баары эле макул боло бербейт экен, иш издеген топ жумушчунун арасынан экөө гана калышкан. Закир болбосо иш мынчалык ыкчам жүрмөк эмес. Ал буга чейин кудук казып, иш ыкмасын билип калган тура. Ушул Кадырга жагып, экөө чогуу иштеп калышкан.

Кадыр мугалимдиктин бир-эки жумалык тыныгууларында эмгек биржасына чыгып, колунан келген ишти аткарып азыноолок тыйын таап алчу.

«Күзгү каникул учурунда ал биринчи жолу эмгек биржасына чыгып, эки күн курулуштун калдыктарын күрөк менен автоунаага жүктөшөм деп, эртеси кыймылдай албай калганын эстеди. Анда ал башкача чарчаган эле, каруу-күчү гана кетпей, сай-сөөктөрү ажырап кетчүдөй сыздап денеси бир укмуш ооруган, кара жумушка көнбөгөн булчуңдары жараксыз болуп калыбына келбечүдөй алсызданган. Бир күн эс алып, анан сөөктөрүнүн ооруганына карабай биржага кайра чыккан болучу. Бирок, ошол сөөктөрүнүн сыздап ооруганы бир ай дегенде араң өттү. Ар күнү мектепте сабак өтүп жатканда денесин сыздата оорутуп келген ооруну тиштене жеңип, окуучуларына күлүп-жайнап сабак өткөн менен ичинен оор жумуштун залакасын сезе турган».

Ошентип кара жанын кыйнап отуруп тапкан акчасына кызы менен уулуна кышкы бут кийим сатып берген. Андан ашкан акчасына кыйладан бери эңсеп келген географиялык энциклопедияны, дүйнөлүк адабияттын он томдук китебин сатып алган.

Билим үчүн өмүрүн арнаган чыныгы мугалим гана келечек муунга татыктуу тарбия бериш үчүн кыйналып тапкан акчасын китепке жумшайт. Китеп деген рухий мүлктү унутуп бараткан коомдо мугалимдин мындай аракетин баалаган киши аз.

Кыргыз окурманы жыл бою эки жарым барак текст окушары буга чейин эле аныкталган. А негизи көпчүлүк эл китеп бетин ачпай, күндөлүк тиричиликтин көйгөйү менен гана алектенип калганы деле жашырын-жабык сыр эмес.

Китеп окуясы Кадырдын бир жумада иштеп тапкан акчасынан өөнөп китеп сатып алышынан улам козголуп калды. Ал акча болбосо Кадыр менен аялынын тапканы жалдап алган ижарасына, тамак-аш менен жол киресине араң жетмек, мугалимдин турмушу ушундай. Кадырдын кийинки таап алган иши кара күчтү көп талап кылганы менен акысы дурус. Келиштире үй салган жаңычыкма кыргыз байы кудук казып аткандарга метрине эки миң сомдон төлөп бермей болгон.

Жооруган кол, арбыбаган кудук

Кудук тереңдеген сайын казылган кум ташты өйдө чыгаруу кыйындап, кара жумушка быша элек мугалимдин алы куруп, бирок уятынан гана иштеп аткан. Ичкен тамагынын кубаты жоктугунанбы же улам-улам куркулдатып суу ичкенгеби алы куруп, жаны жер тартып, мууну бошой берди.

Булары аз келгенсип Кадырдын колу жооруп, күрөк кармаган сайын азап чегип, айла жок иштеп аткан.

«- Колдоруң жараксыз болуп калган го, эртеңкиге жарабасаң таарынычым жок, жардамчыга башка бирөөнү таап алайын, эмгек акыңды болсо кожоюн эсептешкенде алып берем, - деди Закир Кадырдын колун коё берип жатып.

- Эч нерсе эмес, биринчи күндөрү дайыма ушундай, көнүп кетем, жасап эле жүргөн жумуш, кара жумуш жасабай жүрүп көнө түшүпмүн, - деди Кадыр чарчаганын билгизбөөгө аракеттенип.

Жаңы түшүп жаткан короо жайдын четине казылып жаткан кудук салынып бүтүп калган эки кабат үйдөн окчун жайгаштырылгандыктан, үйдүн эшигинин астына илинген электр жарыгы кудукка жете бербей жатты. Төрт метр казылган кудуктун топурагы итапкан экен, тегерек топуракка толо түшүптүр. Жыйырма метрлик кудуктан чыкчу топурактын көлөмүн болжоп болбойт. Короо жайда дагы он чакты адам иштеп жүрүшүптүр. Бир эле учурда короо жайдын бир бурчунда келиштире салынып жаткан кемегеге жана үйдүн аянтынын чоңдугуна, үйгө керектүү жыйналып коюлган курулуш материалдарына караганда үйдүн ээси «колунан келип турган» адам экенинен кабар салгансып турду.

Тегерете караган Кадырдын оюн билгенсип Закир:

- Үйдүн ээси, жаш болгон менен судья болуп иштейт экен, таарынтпайм деди. Чогултуп эле бир алганыбыз оң го, болбосо иштегениңе акыңды алып берсем болчудай, - деди».

Иш минтип башталып-баштала электе Кадырдын алы кетип, мууну бошошуп, жолдо эки катар токтолуп, эс алып үйүнө араң жетет. Эртеси деле ошол эле иш улантылат.

Бирок бул ирет Кадыр кара жумушка азыноолок көнүп, кечээкидей илең-салаң эмес, баскан-турганы жандуу болуп калган. Түштө тамактанышып, азыраак эс алып отурушканда Закир өнөктөшүнүн мугалим экенин билип, «балдарыбызды окуткан мугалимдерибизди бага албаган биздин чоң кайгыбыз, эмне кылалы» деп өкүнүчүн билдирет.

Жарыбаган эмгек акыга кайыл болуп иштеп аткан мугалим минтип ара-чолодо кара жумуш кылып, үй-бүлөсүнүн керегине жараштын камында жүрбөйбү.

Закир да айыл чарба техникумун бүтүп, чарбада иштеп жүргөн кызматкер экен. Заман оошкону мурдагы кесиби жарабай, минтип кудук казып, кара жумушта иштеп үй-бүлөсүн багып жатыптыр. Кудук улам тереңдеп, жумуш оорлой баштайт. Кадыр кыйналганына кайыл болуп Закир менен алмак-салмак тереңге түшүп, казылган топуракты алып тынбай иштешти.

Боорукер окуучу

Кадыр тереңдеп бараткан кудукта отуруп мугалим үчүн кыйла ынгайсыз бир учурга туш келгенин эстейт. Кыш келип, суук күчөп турган чакта алар жаңы бүткөн үйдүн короосун иретке келтирип, буттары суу болуп иштеп атышкан. Үй ээси жумушчуларды үйүнө киргизип тамак берип, үшүгөн адамдар жылуу үйдө кесме ичип отурушкан.

«Ошол маалда үй ээсинин он-он бир жаштагы баласы энесине жардам берип кесилген нандарды көтөрүп кирди. Бала кирер менен отургандарды карап туруп калды. Адатта таза жүрчү, салабаттуу анын мугалими бир кишиден кийин кир кийимчен, чарчаган, уйпаланган чачы менен тердеп-кургап тамак ичип отурганын көрүп бала эмне кыларын билбей туруп калган эле. Мугалими да окуучусун көрдү. Бул тиктешүүнү башкалар байкашпады.

Анан ал өкүнүчтүү абалдан чыгуу үчүн күтүлбөгөн абалга кабылып, бир чети таң калуу менен караган окуучусуна кайрылды.

- Азамат, сенин үйүңө келген турбаймбы, билген эмесмин, - деди.

- Саламатсызбы, агай,- деди окуучусу үнүн пас чыгарып.

Отургандар жана баланын энеси аны карап калышты. Окуучусу көтөргөн нанын энесине бере салып сыртка шашыла чыгып кетти.

- Мугалимсиңби,- деди жанындагы ага жашташ бирөө, кара жумушту аркалаган, талаа жердебиз деген эркектер көп учурда бири-бирине «сен» деп кайрылгандыктан Кадыр анын бул мамилесинен адаттан тыш эч нерсе көрбөдү».

Кадырдын ачык суроого берген ачык жообу отургандарды ойго салат.

Мугалим бала-чакасы үчүн бош боло калганда минтип кара жумуш кылып, акча таап жатканын жашырбай ортого салат. Эшикте буту суу болуп иштеп аткан агайына окуучусу кургак кончтуу өтүк алып келип берет. Иштеп аткан мугалимди карап турган үй ээси «мунун орду жок, ичип жүргөн неме болсо керек» деп ойлойт. Аялы мугалимдин айлыгы эч нерсеге жетпегенден ушинтип акча таап жүрөт, деген пикирде болчу. Окуучусуна жолуккандан кийин мугалим ал үйгө барып иштөөсүн токтотот.

Ал эми бу кудук казып аткан жерде мугалимдин окуучусу жок, экөө гана иштейт. Кудукту казып, акчасын алышса анысы эки жарым айлык маянасына жетет экен. Мугалим бул акчасына аялына пальто, өзүнө костюм-шым алышты ойлоп койгон. Өзүнө жер бөлдүрүп алып, үй салышка азырынча чама-чаркы жетишпейт.

Кээде мектепти таштап, башка ишке өтүп кеткиси келет. Бирок аны караган окуучуларынын көз карашын эстегенде мындай оюна өзү да уялып кетчү. Билим үчүн өмүрүн арнаган мугалимдин «окуучуларын эч ким, эч нерсе, эч бир байлык алмаштыра албайт, бул анын жообу эле, ал аларсыз жашай албайт, бул байлыктын артынан түшкөндөрдүн көпчүлүгү түшүнбөгөн кесип…» – дейт автор.

Күн сайын жер казып, кудукту тереңдетип, чоң таш чыкса жип менен көптөп алып чыгышып, түйшүктүү жумуш аягына чыгып баратты. Мугалим да кара жумушка аз-аздан көнүп, кудук тереңдеген сайын иш аягына чыгарын ойлоп кубанып жүргөн.

Акыры тынбай жер чукуган экөө суу чыкчу катмарга жетишти, бирок үй ээси суу чыккандан кийин да кудукту эки метр тереңдетүүнү талап кылып, эмки жумуш суу ичинде улантылды. Сууну насос менен сордурушканына карабай, улам көтөрүлүп, муздак суу ичинде иштөө мүмкүн болбой калды.

Бирок да үй ээсинин буйругун аткарыш үчүн эми экөөлөп кудук казышты токтотпой, үстүнөн дагы экөө ылайды алып турмай болушту. Үй ээси кошуналардыкына караганда эки метрге терең 26 метрлик кудук каздырганын айтып мактанып, муздак сууга чөмүлгөн экөө акыларын алышып жолго түшүштү.

Экөө ажырашып, өз жолдоруна түшкөндө бир топ күн чогуу иштешип, бирин-бири билип калган адамына бир чети сыймыктанып, экинчи жагынан анын алдында өзүн уяттуу сезип, Закир чын эле чүнчүп турду.

Мугалимдин - жаңы муунга билим берген улуу өнөрдү аркалаган адамдын жаңы кыргыз коомунда туш келген көйгөйдүн бири ушул.

Ал арыз-арманын ачык айтуудан тартынган, өзү каалаган кесибин өлөр-өлгүчө таштабаган, арыдым-талыдым дебей иштей берген керемет жан. Ушу тапта аны орундуу-орунсуз сындагандар толтура. Кыйынчылыгын көрүп босогодон ат тизгинин тартып, беш жыл корогон эмгегине нааразы болуп, башка кесипти, башка ишти жөндөп кеткендер деле толтура.

Бирок да айлыгынын аздыгына, үстүнө үйүп койгон милдеттеринин көптүгүнө нааразы болбой, күн сайын мектепке келип, сабагын өтүп, жаңы муунга жакшылыктын үрөнүн сээп келаткан биздин замандын баатырларына ырахмат айтып, алардын турмушун жасап-түзөбөй, натуралисттик тактык менен сүрөттөп берген Рыспек Адиевдин аңгемесинде козголгон көйгөйлөр азыркы кыргыз коому үчүн өзгөчө маанилүү, актуалдуу экенин белгилей кетким келет.

Жазуучу Р. Адиевдин элет турмушун, айрыкча тоолуктардын жашоо-тиричилигин таасын сүрөттөгөн аңгемелери бардыгын, аларды кызыккан окурман 2016-жылы «Аңгемелер» деген жыйнагынан таап окуса болорун, 1916-жылдагы Улуу Үркүн тууралуу поэмасы, экологиялык көйгөйлөр, жаратылыш менен коомдун ширелген түйүнү жөнүндө повести ж.б. чыгармалары окурмандарды кайдыгер калтырбай тургандыгын айтуу менен бүгүнкү мугалим тууралуу баяныбызга чекит койсомбу деп турам.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG