Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Залкар тарыхчынын кыйчалыш барактарга ээ тагдыры


Академик Бегимаалы Жамгырчиновдун чакан айкели. Күн-Туу айылындагы Б.Жамгырчинов атындагы орто мектеп, Сокулук району, Кыргызстан. 22.11.2014.
Академик Бегимаалы Жамгырчиновдун чакан айкели. Күн-Туу айылындагы Б.Жамгырчинов атындагы орто мектеп, Сокулук району, Кыргызстан. 22.11.2014.

Көйкашка кыргыз тарыхчысы, академик Бегимаалы Жамгырчиновдун өмүр жолу сыдыргыга салынгандай жеңил болгон эмес. Ал да совет доорунда тар жол, тайгак кечүүлөрдөн өтүүгө мажбур болгон. Б.Орунбековдун блогу.

Кыргыздан чыккан тарых илимдеринин биринчи доктору, профессор, академик Бегимаалы Жамгырчинов совет доорунун сталиндик каар бийликтин тушунда анын кыргыз тарыхына байланыштуу илимий эмгектеринен, макалаларынан идеологиялык ката табышып, республикалык коммунисттик бийликтин катуу сынына кабылып, куугунтук курмандыгына айланган учурлары тууралуу мурда айтыла берчү эмес.

Ата-теги. Кичи мекени

Бегимаалы Жамгырчинов (Жамгырчы уулу Келдибек небереси) 1914-жылы 15-октябрда Бишкек (Пишпек) үйөзүнө караштуу Күн-Туу айылында жарык дүйнөгө келген. Анын атасы - Жамгырчы Келдибек уулу кыргыздын солто уруусунун күнтуу уругунан болгон. Энеси Үпөл да солто уруусунан эле.

Жамгырчы Келдибек уулунун (1874–1956) күмбөзү. Күн-Туу айылынын батыш көрүстөнү, Сокулук району, Чүй облусу, Кыргызстан. 22.11.2014.
Жамгырчы Келдибек уулунун (1874–1956) күмбөзү. Күн-Туу айылынын батыш көрүстөнү, Сокулук району, Чүй облусу, Кыргызстан. 22.11.2014.

Күн-Туу айылы совет доорунда мурдагы Кызыл Аскер районуна, азыркы Чүй облусуна караштуу Сокулук районуна киргени жалпыга маалым.

Бегимаалынын туулгандыгы тууралуу датасы (15-октябрь) - шарттуу түрдө тандалган. Академиктин уулу Мидил Жамгырчиновдун айтымында, 15-октябрды күз мезгилинин бышыкчылыктуу маалына ылайыктап тандап алгандыгы, ошондой эле Улуу Октябрь революциясы менен байланыштырып коюшу да ыктымал болгондой.

Айрым кыргыздар совет доорунда тегатын алганда татарлардыкына окшоп "-инов" деген куранды мүчөнү атасынын атына кошуп алаар эле (мисалы, жазуучу Касымаалы Баялинов). Бегимаалы да тегатын "Жамгырчиев" дебестен, "Жамгырчинов" деп алган (орус адабиятында "Джамгерчинов" деп да жазылып келет).

Алгачкы жогорку билимдүү тарыхчылардан

Бегимаалы Жамгырчы уулу 1931-жылы Кыргызстанда биринчи жолу ачылган педтехникумуна кабыл алынган 16 кыргыз уландарынын бири болгон.

1936-жылы пединститутту мыкты бүтүргөндөн кийин ал жерде окутуучу катары эмгек жолун улантып, тарыхчы болууга бел байлайт.

193839-жылдары жаш Бегимаалы Украинанын Одесса облусундагы Скадовск районуна караштуу Чалбасы кыштагында, Херсон облусуна караштуу Виноградово кыштагында мектепте сабак бергени маалым.

Көрсө, ал Украинага сүргүнгө айдалган мурдагы кыргыз бай-манаптарынын балдарына билим берген экен. Анын жубайы менен кошо Украинага барып иштеши да анын өзүн сталиндик куугунтуктоолор доорундагы кыйыр кодулоонун бир түрү болгон.

Бегимаалы Жамгырчы уулу (Жамгырчинов) кыргыздан чыккан тарых илиминин алгачкы кандидаты, биринчи доктору, профессор даражасын алган инсан.

1943-жылы СССР Илимдер академиясынын Кыргыз бөлүмү (филиалы) ачылганда, Бегимаалы Жамгырчинов биринчилерден болуп анын илимий кызматкери катары кабыл алынып, кыска убакыттын ичинде эле илимге болгон дилгирлиги, акылгөй жөндөмү бар экендигин көрсөтө алган.

Алар жөнүндө тарыхчы илимпоз Темир Асанов буларды айтат:

– Бегимаалы Жамгырчиновдун илимдеги жолу абдан жакшы башталган. Окуу жайды жакшы бүтүргөндүгүнө байланыштуу эмгек жолун мугалимдиктен баштап, илимге да кызыга баштаган. 1943-жылы Улуу Атамекендик согуш күчөп турган мезгилде СССР Илимдер академиясынын Кыргыз филиалы ачылып, ошол жерде иштей баштаган.

Ошентип Бегимаалы Жамгырчинов кыргыз тарыхын изилдөөгө баш-оту менен киришип, Советтер Биримдигинин негизги архивдерин түрө кыдырып, кыргыздын илимий тарыхын жазууга аттанат, башка уюштуруу иштерин да колго алат. Ошондой зор жоопкерчиликти өз мойнуна алып, иштеп жаткан 36 жаштагы Бегимаалы СССР Илимдер академиясынын Кыргыз бөлүмүнүн тарых, адабият жана тил институтуна директор болуп дайындалат.

Анын тарых илиминдеги, маданияттагы, жалпы эле кыргыз айдыңдарынын арасындагы жылдызы улам жана баштайт. Ошол жылдардагы жаралган эмгектерин эске алганда, Жамгырчинов кыргыз тарыхын илимий негизде изилдөөгө алууда, калыптанышынын башатында тургандыгын кыргыз тарыхчылары бир ооздон белгилешет.

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Рыскул Жолдошев буларга токтолду:

– Албетте, ар бир элдин өз тарыхы кылымдар бою сакталып келген. Кыргыз тарыхы илимий негизде совет заманында калыптанды десек болот. Бегимаалы Жамгырчинов - кыргыздардан чыккан кесипкөй, адискөй тарыхчылардын башатында турган адам.

Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин Сталиндин жана анын жөкөрлөрүнүн баяндамаларында айрым советтик айдыңдардын өкүлдөрүндө, өзгөчө илимий чөйрөдө "космополиттик көз караштар жайыла баштады" деген дооматтар жаңы күч менен айтыла баштайт.

1946-жылы “Звезда”, “Ленинград” журналдарына жарык көргөн КПСС Борбордук Комитетинин катчысы Ждановдун “Космополитизм менен күрөшүү жөнүндө” деген макаласында советтик илимпоз айдыңдардын арасында "буржаузиялык көз караштарга азгырылып жаткандар" көбөйүп жатканы, аларга карата чара көрүү талаптары айтылат.

Академик Бегимаалы Жамгырчиновдун 100 жылдыгына арналган илимий жыйындын көрнөгү. КР УИАсынын имараты. Бишкек ш., Кыргызстан. 21.11.2014.
Академик Бегимаалы Жамгырчиновдун 100 жылдыгына арналган илимий жыйындын көрнөгү. КР УИАсынын имараты. Бишкек ш., Кыргызстан. 21.11.2014.

Ошентип, асабасы көкөлөп турган тарыхчы Жамгырчиновдун айрым эмгектери тоталитардык бийликтин Москвадан соккон бороон-чапкынына кабылып, Кыргызстандын жетекчилеринин идеологиялык баяндамаларында сынга алынат.

Ал тууралуу тарых илимдеринин кандидаты Рыскул Жолдошев буларды айтат:

– Ошол учурдагы Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин идеологиялык маселелер боюнча катчысы Керим Орозалиев жыйындагы баяндамасында “кээ бир окумуштуулар, анын ичинде тарыхчылар саясий-идеологиялык жактан кемчиликтерди кетирип жатат" деп белгилеп, тарыхчылар Бернштамды, Абрамзонду жана Жамгырчиновду сынга алган.

Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин ур-тепкисине Бегимаалы Жамгырчиновдун 1944-жылы жазылган «Кыргыздар Ормон хандын доорунда», 1945-жылы жарык көргөн «Кыргыздардын XVIII кылымдын аягындагы согуш мамилелеринин тарыхынан», 1946-жылдагы «Кыргыздын санжырасы» китептери алынып, алардан буржуазиялык көз караштагы эскичиликти "көксөө ниетин" табышкан.

Жамгырчиновдон эмгектеринен кине табуу муну менен эле токтогон эмес. 1952-жылы Кыргызстан КП БКнын пленуму болуп, анда Биринчи катчы Исхак Раззаков “Кыргызстандагы идеологиялык маселелердин абалы жана жакшыртуунун жолдору” деген баяндама менен чыгып сүйлөп, айрым адабият, маданият, илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн, анын ичинде Жагырчиновду Ормон хан жана Курманжан датка, Полот хан ж.б. тарыхый инсандарга кайрылып, “дагы эле буржуазиялык көз караштарга орун берип жатат” деп сынга алып сүйлөгөн.

– Баяндамада биринчи катчы (Раззаков) “ тарыхчылар Жамгырчинов, Хасанов буржуазиялык көз караштарга жол берип, эскини көздөп жатышат, феодалдык инсандар Ормон хан, Курманжан датка ж.б. инсандарды даңазалап жатат”, деп сынга алган, - дейт тарых тарых илимдеринин кандидаты Рыскул Жолдошев.

Дал ушул окуялардан кийин Бегимаалы Жамгырчиновду академиядан алыстатып, туңгуч ачылган университетке ректор (19511954) кылып жиберишет. Бул университет азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.

Иосиф Сталин 1953-жылы мартта өлгөндөн кийин кыйла жеңилдөө сезилет. Бирок бул жүрүм да дароо эле боло койгон эмес.

Албетте, күн бирде ачык, бирде бүркөк дегендей, Б.Жамгырчинов ректор кезинде бир нече айга Бишкектен (ал кездеги Фрунзеден) ичкерки Орусияга качып барып, куугунтуктун чоң толкунунан кутулган деп айтып жүрүшөт.

Илимдеги эмгеги да эске алынып, Б.Жамгырчинов Кыргыз Илимдер Академиясынын кыргыз тегиндеги алгачкы тарыхчы академиги болгон.

(Кыргызстандын туңгуч академиктерине жогорку илимий наамды тапшыруу үчүн чакырылган Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын отуруму 1954-жылдын 20-декабрында Бишкектеги опера жана балет театрынын имаратында өткөрүлгөн. Бул отурумдагы аземде Б.Жамгырчинов да академик наамын алган).

Б.Жамгырчинов башкарган Кыргыз мамлекеттик университети үч жылда өлкөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайына айланып, зоболосу бийиктеп турган тапта, аны кайра Илимдер академиясына окумуштуу катчы кылып дайындашып, кызматынан төмөндөтүшөт. Ал кызматта да болгону эки жыл эмгектенген.

Эң кызыгы, Бегимаалы Жамгырчиновдун 19551966-жылдары (дээрлик 10 жыл) кайсы кызматтарда иштегени тууралуу маалыматтарды табуу бизге кыйынга турду. Ал Кыргызстан ИАсынын Президиумунун мүчөсү да болгону маалым. Мисалы, академик Жамгырчинов жазыксыз жерден кодуланып жаткан этнограф Мукаш Айтбаевди колдоого алганы 1959-жылдагы бул органдын жыйынынын протоколунда чагылдырылган.

Дал ошол жылдары Жамгырчинов өзүнүн мурда жактаган докторлук диссертациясынын текстин андан ары тереңдетип, "Кыргызстандын Орусияга бириктирилиши" деген монографияны Москвада орус тилинде жарыялаган (Джамгерчинов Б.Д. Присоединение Киргизии к России. – М.: Изд-во социально-экономической литературы, 1959.).

Өз доору үчүн бул эмгек өтө олуттуу болуп саналат. Бирок Кыргызстан Компартиясын 1961-жылдын 9-майынан — 1985-жылдын 2-ноябрына чейин жетектеп турган Турдакун Усубалиевдин кысымы менен академик Жамгырчинов ушул эле китебин айрым өзгөрүүлөр менен 1963-жылы Бишкекте "Кыргызстандын Орусиянын курамына ыктыярдуу баш кошуусу" деген аталышта (Джамгерчинов Б.Д. Добровольное вхождение Киргизии в состав России. – 2 изд. – Ф., 1963.) жарыялоого аргасыз болгон.

Азыркы тарыхчылар калыс белгилегендей, Б.Жамгырчинов жазган ушул эмгектин эле өзүнүн архивдик мол маалыматтары Түштүк Кыргызстан эле эмес, Түндүк Кыргызстандын да падышалык Орусия тарабынан зомбулук менен каратылып алынганын тастыктайт. (Караңыз: Өмүрбектегин Т.Н., Чоротегин Т.К. Түндүк Кыргызстандын Орусияга каратылышы. - Бишкек: "Учкун" концерни, 1992. – Кыргызстан Жаш Тарыхчылар Жамааты. "Кыргыз таануучунун китеп текчесине").

Академик Жамгырчинов 1966-жылы Кыргызстан Илимдер академиясынын вице-президенти кызматына дайындалат. Ал кызматта он жыл иштегенден кийин 1976-жылы аны жумуштан алышып, Кыргызстан ИАсындагы Тарых институтунун бөлүм башчысы кызматын ыраа көрүшпөй, ага сектор башчылык орунду араң беришкен.

Ал 1982-жылдын 31-октябрында Бишкекте каза болгон. Анын сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча"көрүстөнүнө коюлган.

Тарыхчылардын баамында, Бегимаалы Жамгырчиновдун “ХIX кылымдагы Кыргызстандын саясий тарыхынын очерктери”, "Кыргызстандын Орусияга бириктирилиши" , "Кыргызстандын Орусиянын курамына ыктыярдуу баш кошуусу" деген монографиялык китептери кыргыз тарыхнаамасындагы терең изилденген, архивдик материалдарга өтө бай, өзөккү эмгектер катары бааланат.

Академиктин ушул эмгектеринин ичинен бир китебин кайра жаздырышып, Кыргызстандын "Орусияга ыктыярдуу кошулушу” деген жобону ага таңуулашкандыгы тууралуу тарыхчы Темиркул Асанов да мындай дейт:

Бегимаалы Жамгырчиновдун “Кыргызстандын Орусияга бириктирилиши” деген китеби 1959-жылы эле чыгат. Ал кезде идеологиялык маселелерге абдан маани берилип, “элдин достугу, биримдиги” деген суроолор биринчи планга коюлган. Ошол учурда Кыргызстандын Орусияга кошулушунун 100 жылдыгы белгилөө дымагы башталган. Ошого байланыштуу тарыхчынын эмгеги 1963-жылы “Кыргызстандын Орусияга ыктыярдуу баш кошуусу” деген ат менен чыккан.

Совет заманында кыргыздын тарыхы жогорку окуу жайларында, мектептерде милдеттүү түрдө окутулган эмес; ал мезгилдин идеологиялык талабына жараша университеттин тарых факультетинде гана дарстар өтүлгөн.

Академик Жамгырчинов өз демилгеси менен “жок дегенде мектептерде факультативдик курс катары окутулса” деген ниетте “Кыргызстандын тарыхы” деген алгачкы окуу куралын жазганы өз элинин алдында тарыхчы катары чоң эрдикке тете болгон.

Тарыхчы Асанов буларды кошумчалады:

–​ ​ Ал кезде кыргыз тарыхы университеттин тарых факультетинде гана окутулган. Башка окуу жайларда, мектептерде таптакыр окутулган эмес. Ошол кенемтени толтуруу үчүн “кыргыз тарыхы жок дегенде мектептерде факультативдик курс катары окутулса” деген демилгени Жамгырчинов көтөрүп, эң алгачкы “Кыргыз тарыхы” деген окуу китебин жазган.

Бүлөсү. Тарыхчы уулу

Академиктин жубайы – маркум Настабүбү Иманкулова (1919 - 2010) кесиби боюнча мугалим болгон. Көп жылдар бою Бишкекте № 5 мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп иштеген.

Бегимаалы Жамгырчиновдун үч уулу, бир кызы, небере-чөбөрөлөрү бар.

Анын тун уулу Мидил Бегималиевич Жамгырчинов (орусча: Мидил Джамгерчинов) 1938-жылы 17-июнда Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында туулган.

Профессор Мидил Жамгырчыновдун 80 жылдыгына арналган мааракелик жыйындын көрнөгү. 2018.
Профессор Мидил Жамгырчыновдун 80 жылдыгына арналган мааракелик жыйындын көрнөгү. 2018.

Ал – кыргыздын белгилүү тарыхчысы, тарых илимдеринин кандидаты, Ала-Тоо жана Шибер кыргыздары боюнча Орусиянын XV–XIX кылымдардагы архивдик маалыматтары боюнча ири адис. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын профессору болуп иштеп жүрүп, ардагерликке чыккан.

Мидил агай Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын кыргыз тарыхынан ажыратып салууга умтулган 1982-84-жылдардагы коммунисттик идеологдорго жана цензурачыларга ачык каршы чыккан. Ал XVI – XVIII кылымдарда Жунгар хандыгынын баскынчылыгы күчөп турган чакта бир катар кыргыз топтору Памирге чейин ооп кеткенин, бирок ар дайым Түндүк Кыргызстанда кыргыз урууларынын өкүлдөрү кала бергендигин тастыктаган илимий макалалар жарылаган. Мидил Жамгырчинов кыргыз тарыхын изилдөө үчүн заманбап чыгыш таануучу адистерди даярдоого зор салым кошкон.

Академик Бегимаалы Жамгырчинов Бишкек шаарында. 17-февраль, 1967-жыл.
Академик Бегимаалы Жамгырчинов Бишкек шаарында. 17-февраль, 1967-жыл.

Эстутум

Академик Бегимаалы Жамгырчинов кыргыздардын этногенезине жана этностук тарыхына, маданиятына, XIX–XX кылымдардагы Кыргызстан менен Орусиянын мамилелерин изилдөөгө арналган 140тан ашык илимий эмгектердин, окуу китептердин автору катары кыргыз тарых илимине, маданиятына опол-тоодой эмгек кылган улуу инсан болгон. Анын салымдары Кыргызстан эгемендик алгандан кийин калыс баага татып келет.

Академик Жамгырчиновдун ысымын түбөлүк калтыруу максатында анын ысымы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнография институтуна (2017-жылы), өзү туулуп-өскөн Күн-Туу айылындагы орто мектепке, Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирине ыйгарылган.

Академик Бегимаалы Жамгырчиновдун жүз жылдык мааракесине арналган илимий жыйындар жана коомдук-маданий иш-чаралар 2014-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жыйын залында жана 22-ноябрда ал туулуп-өскөн Күн-Туу айылындагы анын ысымын алган орто мектепте өткөрүлгөн.

(Караңыз: Кыргыздын туңгуч совет тарыхчысы, академик Бегимаалы Жамгырчиновго 100 жыл: (Макалалар топтому) / Жооптуу редактор Т. К. Чоротегин. – Бишкек: “Maxprint” басмаканасы, 2014. - 76 б. - “Мурас” фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. - ISBN 978-9967-12-443-1.).

XS
SM
MD
LG