Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:43

"Мугалимдин күндөлүгү" сынагы башталды


Аралыктан окутуу маалы. Иллюстрациялык сүрөт.
Аралыктан окутуу маалы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда пандемия башталып, окуу процесси аралыкка өткөндөн тартып өз ишмердигин баштаган Онлайн университет мугалимдер үчүн сынак жарыялады.

8-февралда жарыяланган конкурска өлкөнүн бардык булуң-бурчундагы мугалимдер катыша алышат.

Анын шарты боюнча карантин, пандемия шартында балдарды окутуу, жеке тажрыйбасы тууралуу эскерүүлөрдү 5-10 беттен турган баян кылып жазышы керек.

Онлайн университеттин жетекчиси Элира Турдубаева баяндар 1-мартка чейин кабыл алынарын "Азаттыкка" билдирди:

"Киши өзгөчө кырдаалга туш болуп, эмоциялары көкүрөгүнө батпай, бүдөмүк ойлору түйшөлтүп туруп алганда күндөлүк жазат. Бир эсе, күндөлүк кишинин ээ-жаа бербеген сезимдерин чыгарууга жол ачса, экинчи жагынан, акыл токтотуп, болуп өткөн нерселердин маанисин, кийинки жашоого тийгизе турган таасирин аныктап чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Былтыр дүйнөнү каптаган COVID-19 илдети мугалимдерди ошондой аргасыз абалга кептеп, агартуучулук тажрыйбасында көптөгөн жылдар бою ишенимдүү колдонуп келген окутуу усулдарын жарактан чыгарып, кыйла түйшүккө салды. Бүгүн сабак берген ар бир мугалимдин күндөлүккө жаза турган сөзү, бөлүшө турган ойлору көп".

Сынакка баяндарды каалоочулар naizabekova.b.alina@gmail.com электрондук дарегине жибере алышат.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам мектеп, окуу жай, бала бакчалардын баары аралыктан окууга 2020-жылдын март айынан тартып өтүшкөн. Бир жылдан бери билим берүүчү жайлар толук ачыла элек. (BCh)

XS
SM
MD
LG