Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:52

Жороев: Шайлоо институтуна ишеним жоголду


Эмил Жураев

Жоон топ эски жана жаңы саясий партиялар шаардык кеңештерге кайра шайлоого парламенттик шайлоого чейин өзүн таанытуу жана шаарлардагы бизнес кызыкчылыктарга байланышкан чечимдерди кабыл алууга катышуу үчүн баратышат. Мындай пикирин саясат таануучу Эмил Жороев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

11-июлда өтө турган шаардык кеңештерге кайра шайлоого Бишкек шаарында 18, Ош шаарында 9, Токмок шаарында 6 партия ат салышууда.

- Эмил мырза, мына үч шаарда кайра шайлоо болгону турат. Талдоочу, дегеле шайлоочу катары деле байкоолоруңуз менен бөлүшсөңүз.

- Кайра шайлоо, албетте, кыйынчылыктар менен, шайлоочулардын да, талапкерлердин да чарчоосу менен коштолот. Бюджеттик сарптоолорду айтпай эле коелу. Албетте, мунун бардыгын демократиялык башкарууга, демократиялык саясатты жүргүзүүгө сыноо катары карасак болот.

Шайлоо мыйзамсыз, туура эмес өткөн, кескин бузуулар катталган шартта кайрадан шайлоого баруу - өтө маанилүү, туура жана принципиалдуу маселе. Бузуулар эл тарабынан легитимсиз деп таанылып жатканына карабай, ошол бойдон калтырып коюу туура эмес болмок.

Азыр эми шайлоочулар да муну түшүнүп, туура баа бериши абзел. Ага жараша экинчи шайлоону жогорку деңгээлдеги катышуу менен өткөрүү зарыл болмок. Реалдуу шартты байкаганда, албетте, шайлоо өйдө болушу кыйын. Апрелдегиден да шайлоочулардын катышуусу аз болот.

- Аз болот деп атпайсызбы. Буга шайлоочулардын кызыкдар эместиги себепкерби же партияларга ишенимдин жоктугубу?

- Бул комплекстүү маселе. Сөзсүз түрдө ишенимдин азаюусу таасир этет. Шайлоочулар буга чейинки шайлоолордогу бурмалоолорду, коррупциялашууну, таза эместикти, добуш сатып алууларды көрө берип, шайлоо институтуна ишенимин жоготуп алышты. Мындан тышкары жайкы аптап, экономикалык, социалдык ар кандай маселелер таасир этет. Эң негизгиси коронавирус деген кесепет турат. Энтузиазм берүүчү факторлор өтө аз. Ушулардын бардыгын көрүп туруп өзгөчө Борбордук шайлоо комиссиясы жана анын регионалдык бөлүмдөрү үгүттөө, шайлоочуларды шайлоого катыштыруу боюнча иш-аракеттерин күчтөндүрүүсү зарыл болчу.

- Азыр Токмокто 6, Ошто 9, Бишкекте 18 партия ат салышып жатат. Алардын бир тобу - жаңы партиялар. Программаларын, идеологиялык багыттарын элге жеткире алабы? Эл аларды кантип тандап, кантип шайлашат?

- Апрелден бери деле биздин партиялык система өзгөрүп кетиши мүмкүн эмес болчу. Бирок, ашкере туруксуздуктун байкалганы албетте кейиштүү . Үч-төрт ай мурун эле аты угулбаган же шайлоого катышпаган партиялар кайра шайлоо жарыяланганда чыга келгени коомдун саясий партияларга ишенимин ого бетер басаңдатат. Албетте, буга чейин катышып, таанымал болуп калган партиялар да бар.

Шайлоочулар ошол партияларга карап добуш берет. Бирок, белгисиз, жаңыдан пайда болгон партияларга берилген добуштарды сүрөөнчүлөрдүн партия ичиндеги талапкерлерине берилген добуштар деп эсептеш керек. Анткени, кыска мөөнөттө партия катары алардын кандай максатта түзүлгөнүн таанууга реалдуу мүмкүнчүлүк болгон жок да.

- Андай болгондо бул партиялар кандай максатты көздөп баратышат? Чын эле шаарды өнүктүрүүгө ынтызарбы же келерки парламенттик шайлоого упай топтоо аракетиби? Эмнени каалап жатышат?

- Эки чоң максат бар, менимче. Биринчиден, парламенттик шайлоого даярдык. Экинчиден, ошол үч шаарда тең конкреттүү бизнес кызыкчылыктар бар. Шаарда көп маселелер, муниципалдык маселелер чечилет. Ошондой чечим чыгаруу процесстерине катышуу кызыкчылыгы бар деп ойлойм. Ал партиялардын атынан чыгып жаткан тизмедеги талапкерлер бул шаарлардын маанилүү экенин даана билишет. Арийне, мындай партияларда кандайдыр бир партиялык идеяны, платформаны, өнүгүүгө болгон өзгөчө көз карашты алып чыгалы деген ойлор өтө сейрек кездешет.

- Одоно мыйзам бузду деп үч шаарда шайлоо жокко чыгарылды. Эми кайра шайлоо кынтыксыз өтөт деп ишенсе болобу?

- Күтүп, байкашыбыз керек. Шайлоого бир нече күн калды. Ар кандай маалымат булактарынан байкасак, кайсы бир деңгээлде дооматтар уланып жатат. Бирок, апрелде орун алгандай массалык түрдө бузуулар орун алабы-жокпу биз 11-июлдагы добуш берүү күнүндө же ага жакын байкайбыз. Анткени, эң массалык мыйзам бузуулар ошо шайлоо күнүнө жакын калганда байкалат.

- Шайлоочулардын катышуусу кандай болот, сиздин баамыңызда?

- Менимче, тилекке каршы көп шайлоочу келбейт. Эгер апрелдеги шайлоодо үч шаарда тең 30 пайыздын тегерегинде болсо, Бишкекте андан аз болот. Ош менен Токмок шаарларында деле мурдагыдан аз болот.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG