Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:28

Парламент БШКнын мүчөлөрүн шашылыш бекитти


Биринчи катарда президенттин квотасы менен сунушталгандар: Жупуева, Наспеков, Шайлдабекова, Койчукеев, Дубанбаева, Жумалиева. Экинчи катарда парламенттин квотасы менен сунушталгандар: Гаипкулов, Шайназаров, Бекматов, Эшимов, Жылкыбаев, Маматов.

Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңы курамын талкуусуз бекитти. Мурдагы комиссиянын мөөнөтү ушул күндөрү бүттү. Бул жолу мүчөлөрдүн жарымын президент, жарымын парламент сунуштады.

Башта мамлекет башчы алардын үчтөн бирин алып чыгууга укугу бар эле, калганы позиция менен оппозицияга бөлүнчү. Жаңыдан киргизилген эреже БШК бийликке көз каранды болот деген талаштарды жаратты.

Жаңы мүчөлөрдүн баяны

Сессиянын эң акыркы күнү болгондуктан Жогорку Кеңеш 30-июндагы жыйынында 20га жакын мыйзам долбоорун карап, шашылыш добуш берди. Иш күнү аяктагандан кийин депутаттар жумушун дагы узартып, андан ары Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы мүчөлөрүн бекитүү маселесин күн тартибине киргизди.

Бул тушта президент Садыр Жапаров жана парламенттеги фракциялар сунуштаган талапкерлерди Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети карап чыкты.

Соңунда комитеттин төрагасынын орун басары, депутат Уланбек Исмаилов аларды жалпы палатага тааныштырды.

Уланбек Исмаилов
Уланбек Исмаилов

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн кызмат ордуна шайлоо үчүн президенттин сунушу келип түштү. Ага ылайык, Шайлдабекова Нуржан Кармабековнанын, Наспеков Марс Дамировичтин, Дубанбаева Анар Сартбаевнанын, Койчукеев Нурлан Чокоевичтин, Жумалиева Акбалык Калыевнанын жана Жупуева Айдана Садыковнанын талапкерлиги сунушталды”, - деди ал.

Мамлекет башчысынын квотасы менен көрсөтүлгөндөрдөн Нуржан Шайлдабекова соңку беш жылдан бери БШКнын төрайымы катары белгилүү. Марс Наспеков “Кыргызпочтасы” ишканасынын мурдагы директору.

Анар Дубанбаева экс-судья, 2020-жылдын башында Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен чыккан митиндердин уюштуруучусу, былтыр “Мекенчил” партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан.

Нурлан Койчукеев да ушул эле партия менен жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого барган. Өзү адвокат. Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин анын атынан Соттор кеңешинин Дисциплинардык комиссиясына мүчөлүккө кирген.

Акбалык Жумалиева ишкер, Ошто мейманкана иштетет. “Фейсбуктагы” активдүү жарандык позициясы менен таанылган. 2020-жылкы Жогорку Кеңешке шайлоого “Бир Бол” партиясынан катышкан.

Айдана Жупуева болсо мурда Сотторду тандоо кеңешинде иштеген. Акыркы мезгилде БШКнын аппаратынын шайлоону уюштуруу бөлүмүндө эксперт болуп эмгектенчү.

Парламент жыйынында тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Уланбек Исмаилов андан ары депутаттар сунуштаган талапкерлерди эсептеди.

Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

“Мындан тышкары Жогорку Кеңештин парламенттик фракцияларынан Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн кызмат ордуна талапкерлерди бекитүү үчүн төмөнкүдөй чечим келип түштү. “Бир Бол” фракциясынан Бекматов Абдыжапар Гапыровичтин, “Ата Мекен” фракциясынан Гаипкулов Искендер Төрөбаевичтин, “Кыргызстан” фракциясынан Эшимов Акылбек Жусуповичтин, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Шайназаров Тынчтыкбек Ураимовичтин, КСДП фракциясынан Жылкыбаев Узарбек Газиевичтин жана “Республика - Ата Журт” фракциясынан Маматов Кайрат Адамкалыевичтин талапкерлиги көрсөтүлөт. Аталган сунуштар боюнча комитеттин чечими бар”, - деди ал.

Бул талапкерлердин ичинен Абдыжапар Бекматов, Акылбек Эшимов жана Тынчтыкбек Шайназаров буга чейин БШКда мүчө болгон. Бекматов менен Эшимов беш жылдай Шайлдабекованын орун басары катары иштеп келсе, Шайназаров былтыр сентябрда депутаттык мандатын тапшырып, ушул кызматка кеткен.

Искендер Гаипкулов парламенттин үчүнчү чакырылышында “Ак Жол” партиясынан, алтынчы чакырылышында “Ата Мекен” партиясынан депутат болгон. Мурда Салык кызматын, Эсеп палатасын жетектеген, Садыр Жапаровдун бийлигинин тушунда аз убакыт президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп иштеди.

Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Ысык-Көл жана Ош облустарындагы өкүлү болуп иштеген. Оштун жетекчилигинен былтыр парламенттик шайлоого “Республика” партиясынан катышкан. Кайрат Маматов болсо Бишкек шаардык шайлоо комиссиясын башкарчу.

Ошентип көрсөтүлгөн кишилердин талапкерлигин кароо парламентте талкуусуз уланды. Айрым эл өкүлдөрү суроосуз эле добуш берүүгө өтүүнү сунуштаса, кээси ага кошумча бардык 12 талапкерди бир бекитүүнү демилгеледи.

Спикердин орун басары Нурбек Сыдыгалиев тийиштүү токтомду добуш берүүгө коюп, катталган 105 депутаттын 102си колдоп берди. Каршы добуш болгон жок. Жалпы процесс жарым саатка жетпеген убакытта бүттү.

Нуржан Шайлдабекова
Нуржан Шайлдабекова

Андан ары депутаттар бекитилген мүчөлөрдү дароо эле сыртка чыгарууга шашты. Ошентсе да БШКнын азыркы төрайымы, кайрадан шайланган Нуржан Шайлдабекова депутаттарга ыраазычылык билдирүүгө үлгүрдү.

“Бизге ишеним көрсөтүп, колдоп бергениңиздерге рахмат. Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамы бардык шайлоолорду мыйзамдуу, демократиялуу, таза жана анык өткөрүүгө болгон аракеттерин жумшайт деп ишендирип кетебиз”, - деди ал.

Президент сунуштаган талапкерлер кайсы критерийлер менен тандалганы белгисиз. Ал эми депутаттык фракциялар сунуштаган талапкерлердин айрымдары бир нече талапкердин ичинен жеңип чыккан.

Өмүрбек Бакиров
Өмүрбек Бакиров

КСДП фракциясынын лидери Өмүрбек Бакиров “Азаттыкка” өз тобунун талапкери жөнүндө буларды айтты:

“Бизде үч талапкер көрсөтүлдү. Алардын ичинде Узарбек Жылкыбаев мурда Ысык-Көлдө облустук шайлоо комиссиясында иштеген экен. Мына ушул жагдайды эске алып, анын кесипкөйлүгүн карап, дээрлик бир добуштан колдоп, алып чыктык. Мурда иштеген деген критерий менен тандалды”.

Тандоо жана көз карандысыздык

Деген менен коомчулукта өлкөнүн башкы шайлоо комиссиясынын жаңы мүчөлөрүнө ичи чыкпагандар да арбын. Кайсы бирлери бул курам да бийлик башындагыларга ийкемдүү топтолгонун белгилешсе, кээлери шайлоону уюштуруудан өзүн окчун кармагандар топтолду деген ойдо.

Укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикири мындай:

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

“Бир жагынан алганда Шайлдабекованын кайра калганы туура. Анткени ушуга чейин Боршайкомдо реформалар, өзгөрүүлөр киргизилип жаткан. Жаңы бирдемелерди баштабайт, мына ошол нерселерди аягына чыгарышыбыз керек. Бирок жаңы кирип жаткан адамдар мына ошону түшүнөбү, колдоп береби же жокпу белгисиз. Биз маселен жарандык коом БШКнын азыркы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны колдоп, аны кайра мүчөлүккө шайлоо боюнча кол топтоп жатканбыз. Тилекке каршы, андай позициясы бар адамдарды киргизген жок, бийлик уккан жок. Калгандарынан мен өтө чоң нерселерди күтпөйм. Алардын көбү чоң саясий окуяларда чечкиндүү жана көз карандысыз пикирлерин айта албай калабы деп чочулайм”.

Арийне, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” мыйзамдын буга чейинки редакциясына ылайык, БШКнын 12 мүчөсүнүн төртөөнү президент көрсөтчү, төртөөнү парламенттеги башкаруучу коалиция, төртөөнү бийлик тийбеген фракциялар сунуштачу. Бул президент менен парламенттин, позиция менен оппозициянын балансын сактоо максатында каралган эле.

Бирок былтыр Садыр Жапаров бийлик башына келгенден кийин сунушталган Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, 12 мүчөнүн алтоону президентке, алтоону парламентке көрсөтүү укугу берилген. Жаңы Баш мыйзам референдум менен кабыл алынгандан кийин, мыйзамды да өзгөртүү муктаждыгы жаралган.

Натыйжада депутаттар Бакыт Төрөбаев, Жылдыз Мусабекова, Осмон Турдумамбетов, Нургазы Айдаров, Гүлкан Молдобекова, Чынара Урумкалиева, Таабалды Тиллаев “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” мыйзамына ушул боюнча өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоорун июнь айынын башында алып чыгышкан. Документ парламентте шашылыш кабыл алынып, 26-июнда ага президент кол койгон.

Кантсе да бул жагдай Борбордук шайлоо комиссиясына карата президенттин таасирин күчөтөт деген чочулоолорду жаратты. Кайрадан Динара Ошурахуновага сөз берели:

“Жаңы Конституция менен биз “супер президенттик” башкарууга келбедикпи. Жарандык коом ага каршы чыкканына карабай кабыл алышты. Эми бардык органдар, анын ичинде БШК да президентке көз каранды болуп калары турган иш. Президент эми бардык жактан бийлигин күчөтөт. Албетте, парламенттин алтынчы чакырылышы өзү деле бийликке күн карама болуп калган, алар баары бир президент менен макулдашып, анан талапкер чыгарышчу. Бирок баары бир оппозициянын ичинен комиссияга көз карандысыз кишилер сунушталып калчу жана президенттин төрт эле киши БШКда олтурса, анын таасири аз болмок. Эми президенттин квотасы менен барган кишилер алты киши, алар дээрлик бардык маселени өздөрү чечип калат. Бул деген сөз БШК толугу менен президентке күнкарама болот дегенди түшүндүрөт”.

Быйыл 10-январда президенттик шайлоо менен чогуу өткөн референдумда калк “президенттик” жана “парламенттик” башкаруу формаларын тандаган. Анда биринчи башкарууну жактаган добуштар көп болгон.

Натыйжада ага негизделген жаңы Конституциянын редакциясы 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен чогуу референдумга коюлуп, анын жыйынтыгында толук кабыл алынган.

Баш мыйзамды иштеп чыккан Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев тескерисинче мына ошондо кирген жаңы эреже баланс кылат деп эсептейт.

Бекбосун Бөрүбашев
Бекбосун Бөрүбашев

“БШКнын мүчөлөрүнүн жарымы президентке баш ийсе, ошонун көзүн карайт деп жатышат. Калган жарымы парламентке баш ийет, эмне үчүн парламенттин көзүн карап калат дешпейт? Биз бийликтин эки бутагын тең кылып бөлүп бердик. Себеби бул эки институт тең эл тарабынан түз шайланган, экөө тең өкүлчүлүк органдар. Биздин идеянын логикасы ошондой. Ошону өзүбүздүн түшүнүгүбүз менен жазып бердик, парламентке өткөрдүк, парламент карап элге койду. Эл колдоду, демек бул элдин позициясы деп ойлойм”.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү беш жылдык мөөнөткө шайланат. Өз каалоосу менен кызматтан кеткен жагдайда башка учурда ал бул убакыттын аягына чейин иштей берүүгө укуктуу.

Жаңы курам эми өздөрүнө жаңы төрага же төрайым шайлап алышы керек. Алардын алдында 11-июлдагы Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине жана күздө парламенттик шайлоону өткөрүү милдети турат.

Комиссиянын буга чейинки курамы 2016-жылы июнь айында шайланган. Ошол эле жылы июль айында ишин баштап, азыркы төрайым Нуржан Шайлдабекованы өздөрүнө жетекчи катары бекитип алышкан. Бул курам 2016-жылы референдумду, 2017-жылы президенттик шайлоону, 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоону өткөргөн.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG