Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:20

Шайлоо: шарты маалым, мөөнөтү белгисиз


Жогорку Кеңештин имараты.

Президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ “Президенттин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун Конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтырып оңдоп чыкты. Документ бир катар суроолорду, талаш-талкууну жаратты.

Шайлоонун шарты

Шайлоо тууралуу мыйзам долбоору парламенттин кароосуна жиберилди. Анда 35 депутатты бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча, калган 55 депутатты партиялык тизме менен пропорционалдык системага ылайык шайлоо каралган.

Пропорционалдык тутум менен шайланчу 55 депутат саясий партиянын съездинде бекитилген тизмедеги талапкерлердин ичинен тандалат. Мындан тышкары саясий партиялар парламентке келиши үчүн 3% босогодон өтүшү керек.

Жумушчу-эксперттик топко Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Бактыбек Турусбеков, Умбеталы Кыдыралиев жана Айнуру Алтыбаева кирген.

Айнуру Алтыбаева талкуу учурунда айрым бир маселелерге байланыштуу орток пикир табылганын кеп салды. Анын пикиринде, долбоордо партиялык коррупцияга жол берген жобо сакталып калды.

Айнуру Алтыбаева
Айнуру Алтыбаева

“Жумушчу топко төрт депутат мүчө болуп киргенбиз. Биз парламент партиялык тизме менен шайланып келишин, шайлоочу партияга, анын ичинен талапкерге добуш беришин сунуш кылдык. Бирок парламент толугу менен бир мандаттуу шайлоо системасы аркылуу келсин дегендер дагы болду. Жыйынтыгында орток пикирге келе алдык деп ойлойм. Эми 55 депутат мурдагы эле эски система менен, партиянын съездинде бекиген тизме аркылуу шайланып келет. Бул партиянын ичиндеги коррупция күчүндө калды дегенди түшүндүрөт. Бирок аялдар үчүн 30 пайыздык квота Борбордук шайлоо комиссиясында талапкерлердин тизмесин каттоодо эле эмес, мандаттарды бөлүштүрүүдө дагы сакталары жазылды. Муну мыйзам долбоорунун жакшы жактары деп эсептейм”.

Бир мандаттуу округдардын ар биринде 85 миңден 115 миңге чейин шайлоочу болору айтылып жатат. Мындай система менен шайланган депутаттын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда жаңы шайлоо өткөрүлөт.

Андан сырткары талапкер бир эле учурда партиянын тизмеси менен жана бир мандаттуу округдан шайлоого катыша албайт. Буга чейин 21 жашка чыккан жаран депутаттыкка талапкер боло алса, жаңы мыйзамда 25 жаш деп көрсөтүлгөн.

Депутат Абдывахап Нурбаев мыйзам долбоордо бир партиянын үстөмдүгүнө жол берген тобокелчилик бар экенин айтты.

Абдывахап Нурбаев
Абдывахап Нурбаев

“Шайлоого катышкан партия 55 мандаттын 50% гана ала алат" деген норма кирбей калыптыр. Антпесе “Алга Кыргызстан”, “Ак Жол” жана “Биримдик” сыяктуу партиялар парламенттин жарымынан көбүн ээлеп алат. Баягыдай монополия болуп, элдин нааразы пикири күчөйт. Соңку шаардык кеңешке шайлоо көрсөткөндөй, бизде административдик ресурс, добуш сатып алуу дагы эле күчүндө. Ал эми бир мандаттуу шайлоо системасы менен карапайым жарандар эмес, байлар шайланат. Алар парламентке келгенден кийин бийликтин партиясы менен биригип кетет. Мыйзамдын тобокелчиликтери ушунда”.

Ал арада Жогорку Кеңеште БШК тууралуу мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды. Бул дагы мыйзамдарды жаңы Конституцияга ылайыкташтыруу жараяныны алкагында жүрдү.

Ага ылайык, Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн теңин президент, калганын парламент сунуштайт. Буга чейин төрт мүчөсүн парламенттеги башкаруучу коалиция, төртөөнү Жогорку Кеңештеги азчылык, калганын президент сунуштап келген.

Улам " өмүрү" узарган алтынчы чакырылыш

Парламенттик шайлоонун жол-жобосу белгилүү болгону менен, качан өтөрү билине элек.

Былтыр 22-октябрда Жогорку Кеңеш мөөнөтүн узартуу жана жаңы Конституция кабыл алынмайынча парламентке кайра шайлоо өткөрбөй туруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алган. Документте парламент депутаттарын кайра шайлоо же жаңы шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирбестен жарыяланары белгиленген.

Бирок президенттик администрация май айынын акырында керектүү мыйзамдар кабыл алынмайынча шайлоонун мөөнөтүн дайындоого болбой турганын билдирген. Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаров дагы шайлоонун мөөнөтү боюнча бир нече жолу пикирин өзгөрткөн болчу.

Жарандык активист Руслан Акматбек шайлоо мөөнөтүнүн улам-улам жылып жатышын мындайча чечмеледи.

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

“Бийлик үчүн ар бир шайлоо тобокелчилик болуп саналат. Алар отурган жерин бекемдеп алмайын шайлоо өткөрө бербейт. Анткени көзөмөлгө ала албай калышы мүмкүн. Экинчи себеп, азыркы Жогорку Кеңештин "өмүрүнүн" узун болушу бийлик үчүн пайдалуу. Анткени каалаган мыйзамын өткөрүп алат. Парламент нотариустун милдетин аткарып калбадыбы. Мындан тышкары саясий лидерлерди камап, саясий талааны бир сыйра тазалап атышат. Ушундай окуялардан улам кезектеги шайлоо бийликтин мыйзамы менен өтөт дегенди түшүндүрөт”.

Шайлоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колдоосу менен үч окууудан өтүшү керек. Андан кийин президент шайлоону дайындайт. Азыркы мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоонун мөөнөтү үч ай мурун белгилүү болушу шарт.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, парламент 30-июндан кийин каникулга чыгышы керек. Депутат Рыскелди Момбеков Конституциялык мыйзамды кабыл алууга үч ай убакыт керектигин айтып жатат.

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

"Бийлик шайлоону октябрда өткөргүсү келсе, анда Жогорку Кеңеш каникулга кеткенге чейин мөөнөтүн жарыялаш керек болчу. Азыр келген мыйзам 90-100 күндүн ичинде парламенттен өтөт. Мындан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы бекий элек. Шайлоо округдарына бөлүү иштери дагы жүргөн жок да. Эгерде мыйзам долбоору сентябрда кабыл алына турган болсо, анда шайлоо декабрь-январь айларында өтөт. Азыркы учурда жаңы келген депутаттар "июль айында иштеп берели" деп кол топтоп жүрүшүптүр. Алар өздөрүн таанытып алуу үчүн эле ушундай кылып жатышат. Регламент боюнча туура эмес. Бүтпөгөн иштер калып калса кезексиз жыйынга чогулуш керек болот".

Кыргызстанда парламент депутаттары беш жылга шайланат. Азыркы 6-чакырылыштагы депутаттардын мөөнөтү 2020-жылдын соңунда аяктаган. Бирок бийлик алмашуу жана коомдук-саясий жагдайдан улам ишин улантууда.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG