Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:02

Шайлоо: Ошто 76 талапкер тизмеден чыгарылды


Ош шаарындагы шайлоо учуру. 11-апрель, 2021-жыл.
Ош шаарындагы шайлоо учуру. 11-апрель, 2021-жыл.

Ош шаардык шайлоо комиссиясы 20-июнда шаардык кеңешке ат салышкан тогуз партиянын 76 талапкерин шайлоодон четтетүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кушубак Ныязбеков билдирди.

Анын айтымында, «Ата Журт-Кыргызстан» жана «Улуттар Биримдиги» партияларынын 14 талапкери мурунку шайлоодо мыйзам бузганы үчүн тизмеден чыгарылды.

«763 талапкер тогуз партиядан катталган. Анын ичинен 76 талапкердин документтери толук болбой жана башка ар кандай себептер менен шайлоодон четтетилди. 76 талапкердин ичинен мурунку шайлоодо мыйзам бузганы үчүн 14 талапкер тизмеден чыгарылды».

Маалыматка караганда, эртең, 21-июнда мурдагы шайлоодо мыйзам бузгандардын аты-жөнү жарыяланат.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өткөн. Мыйзам бузуулар тууралуу арыздардан кийин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлда өткөнү жатат. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG