Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Путин элдин суроолоруна түз эфирде жооп берет


Москва, Кремль.
Москва, Кремль.

Кремль президент Владимир Путин 30-июнда жарандардын суроолоруна түз эфирде жооп берерин билдирди. Салтка айланган иш чара бул ирет Мамлекеттик думага шайлоого 10 жума калганда өткөнү жатат. Бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын рейтинги, сурамжылоолор көргөзгөндөй, төмөндөп кетти.

Байкоочулар бул Кремль үчүн маселе жарытышы мүмкүн дешет. Былтыр мыйзам чыгаруучулар Путинге 2036-жылга чейин бийликте калууга мүмкүнчүлүк ачкан Конституциялык өзгөртүүлөрдү колдошкон.

Башка партиялар “Бирдиктүү Орусиянын” эсебинен Мамлекеттик думада жеңишке жетсе же 19-сентябрдагы шайлоого эл аз катышса, 2024-жылкы президенттик шайлоо татаал болушу ыктымал.

Сталинден бери бийликте эң узак жыл турган Путин кайра шайлануу үчүн ат салышарын же салышпасын айта элек.

Орусиялыктар инфляциянын өсүшүнө, маяналардын көтөрүлбөй, жашоонун начарлашына нааразы болгону менен, Путинди жактыргандар көп.

Бийлик президенттин аброюна сокку урган иликтөөлөрдү жарыялап келген Коррупцияга каршы фондунун жетекчиси, оппозиционер Алексей Навальныйдын жана башка оппозициялык кыймылдырды басып, куугунтуктап келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG