Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:06

COVID-19: Хорватия Кыргызстанга вакцина берет


'Sputnik V' вакцинасы
'Sputnik V' вакцинасы

Хорватия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берүүгө даяр экендигин билдирди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматында кайсы дары жөнүндө сөз жүрүп жатканы так айтылган жок.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 18-июнда "Анталия дипломатиялык форумунун" алкагында румыниялык кесиптеши Богдан Ареску, Хорватиянын тышкы жана Европа иштери боюнча министри Гордан Радман, ошондой эле Черногориянын тышкы иштер министри Жорже Радулович менен жолуккан.

Казакбаев европалык кесиптештерин ушул жылдын ноябрь айында Бишкекте өтө турган биринчи Евро биримдик - Борбор Азия экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө 2021-жылдын 29-мартында башталган. Кыргызстандыктар Кытайдын SinoPharm жана Орусиянын Sputnik V вакцинасы менен эмделип жатат.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 90 миңден ашуун жаран эмдөөдөн өтсө, июндун бери коронавируска чалдыккандардын саны өсүп жатат. Ушул аптада Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө COVID-19дун "үчүнчү толкуну" байкалганын расмий жарыялады. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG