Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:26

Молдокматовдун камалышы: бийликке суроо


Жеңиш Молдокматовдун Бишкек шаардык сотунун алдындагы тарапташтары.

Абакта отурган оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматов дагы эки ай камакта калтырылды. Ага октябрь окуялары боюнча “массалык башаламандык уюштуруу” беренеси менен айып тагылууда. Ошол эле маалда октябрь окуяларынын башка активдүү эки катышуучусу Евразия экономикалык комиссиясына министр болду.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жеңиш Молдокматовду 6-сентябрга чейин абакта калтырды. Ал 6-майда Ички иштер министрлигине суракка чакырылып, камакка алынган. Ага октябрь окуяларында атайын кызматтын имаратын басып алуу тууралуу айып тагылып, кийин “массалык башаламандык уюштуруу” беренесине өзгөртүлгөн.

Соттун дагы эки айга камакта калтыруу чечиминен кийин Молдокматовдун апасы Айтбүбү Авасканова президент Садыр Жапаровго кайрылды.

“Соттор жогору жактын айтканын аткарат экен. 2012-жылы сиз камалганда энеңиз кандай түйшүккө түшүп, жүрөгү ооруганын билсеңиз керек. 2020-жылы 5-октябрда 10-15 миң киши чыккан. Үч партиянын жеңишин жокко чыгаруу талабы менен революция болгон. Ошонун аркасы менен бийликке келдиңер. Революция болбосо түрмөдө отурмаксыңар. Жаш кадрларды тепсегенден башка эч нерсе билбейт экенсиңер. Акчасы барларды чыгарып, акчасы жокторду кармап отурасыңар”.

Жеңиш Молдокматовдун апасы Айтбүбү Авасканованын президентке кайрылуусу. 01.07.2021

Жеңиш Молдокматовдун апасы “акчасы барларды чыгарып, акчасы жокторду кармап отурасыңар” деп акыркы окуяларды айтып жаткандай.

Октябрь окуяларынан кийин аткаминерлердин жоон тобу “Коррупция”, Мыйзамсыз баюу” беренелери менен камалып, жазасы акчага айырбашталган учурлар көп болууда.

Акыркы жолу “Кумтөр иши” боюнча камалган мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев тил кат менен бошотулду.

Мамлекетке 1,5 млрд. сом зыян келтирди деп атайын кызмат кармаган “Кыргыз темир жолу” ишканасынын мурдагы жетекчиси Василий Дашков Бишкектеги "Бикард" менчик бейтапканасына жаткырылды.

Ички иштер министрлиги Жеңиш Молдокматовдун иши тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Молдокматовдун адвокаты Урмат Сыдыковдун айтуусунда, аны тергөө "качып кетет" деп үй камагына чыгарууга каршы болуп жатат.

“Жеңиш Молдокматовду сотко алып келишкен жок. Ал онлайн дагы катышкан жок. Болгону бир кагаз алып келишти. Биз бул мыйзамга туура келбей турганын айтып, сотту башка күнгө жылдыргыла дедик. "Сотко алып келгиле деп талап кылбайбыз, жок дегенде онлайн катыштыргыла" дедик. Ал өтүнүчүбүздү дагы жокко чыгарып койду. Булар эгер чыкса "качып кетет, тергөөгө жолтоо кылат" деп жатат”.

Ач кулактан тынч кулакпы?

Жеңиш Молдокматов Садыр Жапаровдун бийлигин кескин сындаган саясатчылардын бири. Мындан улам саясат талдоочу Турат Акимов Жеңиш Молдокматов саясий негизде камакта отурат деп эсептейт.

Турат Акимов
Турат Акимов

“Жеңиш Молдокматов Жетим-Тоо, референдум, Кемпир-Абад, Баткендеги чек ара боюнча бийликке каршы чыкты. Көз карашы башка болуп баратканын сезгенден кийин түрмөгө салып, каралардын астына таштап, Ормон опуза кылып бекитип таштады. Биз бир күндүк маселени чечүү стратегиясы менен жашап жатабыз. Муну алысты көрө билбестик дейт. Өзү кечээ эле ушундай берене менен айыпталып качып кеткен. Ташиев болсо ушундай берене менен отуруп чыккан. Буларды бошоткон соттор жумуштан айдалып, качып жүрүштү. Бүгүн башкы прокурор болуп отурат. Биз логикасы жок эл окшойбуз”.

Жеңиш Молдокматов камалардан эки күн мурун Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалга Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы (УКМК) Камчыбек Ташиевди айыптап, анын кызматтан кетишин талап кылган.

Ага чейин кыргыз-өзбек чек арасын тактоодо Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, Өзгөнгө барган.

Молдокматов октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун конституциялык реформасына дагы каршы чыккан. Ал “Ханституцияга каршы” кыймылын жетектеп, президенттик шайлоо учурунда Садыр Жапаровго каршы добуш берүүгө үндөгөн.

Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө, казино ачууга каршы чыккан.

Бири суракта, бири куймакта

Ички иштер министрлиги былтыр берген маалыматка караганда, парламенттик шайлоодон кийинки окуялар боюнча жапырт башаламандык уюштуруу, адам өлтүрүү, жеке мүлккө зыян келтирүү жана башка беренелер менен беш-алты кылмыш иши козголгон.

Жеңиш Молдокматовго чейин октябрь окуяларына катышкан ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго ИИМдин имаратын басып алуу боюнча кылмыш иши козголуп, эки жолу камалып чыкты.

Октябрь окуялары боюнча сурактын биринчи толкуну былтыр ноябрь айында болгон. Анда Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков, Эмил Токтошев жана Мирлан Жээнчороев суракка чакырылган.

Сурактын экинчи толкуну өткөн айда уланып саясатчы жана журналисттер Клара Сооронкулова, Рыскелди Момбеков, Али Токтакунов, Азият Жекшеев суракка чакыртылды.

Жогоруда суракка чакыртылгандар октябрдагы бүдөмүк күндөрү учурдагы президент Садыр Жапаровду колдобогон саясатчылар экени белгилүү.

Ошентип октябрь окуяларына катышкан саясатчылардын бир тарабы сурактан суракка чакыртылып жатса, бир тобу жогорку кызматтарга дайындалды.

Мисалы, октябрь окуяларына катышкан Камчыбек Ташиев УКМКны жетектеп жатса, Максат Мамытканов менен Темирбек Асанбеков Евразия экономикалык комиссиясына Кыргызстандын атынан министр болду. Алмамбет Шыкмаматов Инвестициялар министри болуп иштеп жатат.

Октябрь окуясында маанилүү роль ойногон Сыймык Жапыкеев Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматына андан кийин Ысык-Көл облусунун прокурорлугуна дайындалып, кийин кызматтан кетти.

Булардан башка дагы октябрь окуяларына катышкан бир канча адам мамлекеттик кызматтарда отурат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев октябрь окуялары боюнча козголгон кылмыш иши логикага сыйбай турганын айтууда.

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“5-октябрдагы митингге мен дагы баргам. Ал башалмандык эмес, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг болгон. Октябрь окуяларынын жыйынтыгында Садыр Жапаров жана командасы бийликке келди. Эгерде Жеңиш Молдокматовду жоопко тарта турган болсо анын ишин дагы такташ керек. Сооронбай Жээнбековду бийликке кайтарыш керек. Ал кезде биз дагы эмне болуп жатканын көрүп турбадыкпы. Азыр билинип калды, ошол жерге катышкан бир топ бийликти басып алуу максаты менен барган экен да. Октябрь окуясы боюнча эч кандай кылмыш иш болбош керек. Логикага, акылга сыйбайт”.

Коомдук ишмер Кадыр Кошалиев Кыргызстанда бийлик менен бийликтин оппозициясы араздашууну токтотуп, консенсуска келиш керек экенин белгиледи.

Кадыр Кошалиев
Кадыр Кошалиев

“Кыргыздар ымалага, консенсуска келип, болгон күчүбүздү мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жумшасак жакшы болмок. Биздин убактыбыз, энергиябыз тирешүүгө кетип калып жатат. Октябрь окуясында кимдер гана катышкан жок. Биринен-бирин бөлүп кароо мүмкүн эмес”.

Жеңиш Молдокматов 2010-жылдары коомчулукка улутчул активист катары таанымал болгон. Кийин “Замандаш” партиясын жетектеп, 2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоого катышкан. 2021-жылдын башында “Замандаш” партиясынын лидерлигинен кетип, “Туран” партиясынын башына келген.

Октябрь окуялары өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. Мамлекет башында турган Сооронбай Жээнбеков былтыр 15-октябрда президенттик кызматтан кетерин жарыялап, 16-октябрда ишин толук өткөрүп берген.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG