Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Текебаев: Жеңиш Молдокматовду камакка алуу - саясий куугунтук


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жеңиш Молдокматовдун камакка алынышын "саясий куугунтук" деп атады. Бул тууралуу ал 7-майда "Жалбырак" каналына курган маегинде айтты:

"Жеңиш Молдокматов "бийлик органдарынын имаратын басып алууга аракет кылды" деген жүйө эч кимди ынандырбайт. Бул күлкү келерлик. Акыл-эси жайында элдин баары Молдокматов өз позициясынын курмандыгы болду, бул - саясий куугунтук деп кабыл алышты. Мен да ушуну баса белгилейм, Жеңиш Модокматовду камакка алуу - саясий куугунтук".

Текебаев 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийин коомдук-саясий кырдаал туруксуздашып, 6-октябрдан 15-октябрга чейин өлкөдө иш жүзүндө бийлик болбогонун белгиледи. Молдокматовду ошол учурдагы бийлик органдарын басып алууга айыптоону туура эмес деп эсептей турганын билдирди. Ал президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, 6-15-октябрь аралыгындагы он күндүн барагын жабууну сунуш кылды.

Бишкек шаардык милициясы былтыркы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматовду 6-майда 48 саатка камакка алган. Бөгөт чарасы 8-майда каралат.

Милиция ал Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча шек саналып жатканын билдирди.

Молдокматов октябрь окуяларынын активдүү катышуучусу жана азыркы бийликке сын айткан саясатчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG