6-майда АКШда жашаган кыргызстандыктар Вашингтондогу Тажикстандын элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар 29-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жайкын тургундар набыт болгонун айыптап, эл аралык коомчулукту көңүл бурууга үндөштү.
Акцияга катышкандардын бири Сейитбек Усманов АКШнын Конгрессине кайрылып, чек арадагы кагылышта оор аскердик техника колдонулганына, жайкын тургундардын мерт кетип, жабыр тартканына көңүл бурууга чакырды.
Буга чейин Германияда, Италияда, Швейцарияда, Британияда, Канадада жана АКШнын бир катар шаарларында жашаган кыргызстандыктар Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдына акцияга чыгышкан.
28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды. Тажик бийлиги 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.
Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап ок атууну "биринчи баштаганын" билдирүүдө. Тажик бийлиги болсо кыргызстандыктарды "башка мамлекетке каршы куралдуу күч колдонгон" деп айыптаган жана кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны "агрессия" деп мүнөздөгөн.
Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш ишин ачып, иликтөө жүргүзүүдө.