Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:54

Жапонияда өзгөчө кырдаал режимин узартуу маселеси  каралууда


Жапония.
Жапония.

Жапониянын өкмөтү 7-майда баш калаа Токио баштаган үч префектурада өзгөчө кырдаал режимин май айынын соңуна чейин узартуу маселесин талкуулайт. Мындай чара жайкы Олимп оюндарынын алдында коронавирустун жайылышын ооздуктоого багытталган. Байкоочулар жапон өкмөтү чектөөлөрдү узартат деп божомолдоп жатышат. Анткени Токиодогу спорттук иш-чаранын башталышына үч айга жетпеген убакыт калды. Пандемияга байланыштуу былтыр өтпөй калган Олим оюндарына 11 миңден ашык спортчу катышат. Буга чейин Жапония мелдештерге чет өлкөлүк көрүүчүлөрдүн келишине тыюу салган.

Жапонияда коронавирус пандемиясынын кесепети башка мамлекеттерге карата азыраак сезилсе да, өлкөдө вируска каршы эмдөө кампаниясы жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG