Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Байтерек президенттин Баткендеги сапарындагы чектөөлөрдү түшүндүрдү


Садыр Жапаров Баткенге 6-майда барды.
Садыр Жапаров Баткенге 6-майда барды.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек анын Баткендеги сапарындагы чектөө-тыюулар тууралуу дооматтарга комментарий берди. Ал "Фейсбуктагы" баракчасына сапарды чагылдыруудагы тоскоолдуктардын себебин түшүндүрдү. Ошондой эле жолугушуулардын бириндеги Ворух анклавына кеткен жол тууралуу суроо берген жаранды башка тургундардын жаалаганы, аны Жапаров "чагымчы" деп атаганы тууралуу дагы айтты.

"Баткен облусуна иш сапар акыркы мүнөттө эле чечилди. Тажикстан менен чек арада болгон акыркы окуяларда жабыркаган баткендиктер менен жолугушууну пиар үчүн же публика үчүн болгон жок деп айтсак болот. Мында башкы максат жергиликтүү тургундар менен көзмө-көз сүйлөшүү болчу. Белгисиз жаштар пайда болуп, чыр-чатактуу кырдаалды козутууга аракет кылышты. Ал айылдын тургундары бул жаштарды тааныбай турганын айтып, аларды бул теманы башка өңүткө бурмалабоону өтүнүштү. Азыр "хайп" кыла турган убак эмес, учурдагы эң маанилүү маселе - чыр-чатактарды токтотуу эле эмес, жаңжалдын биротоло кайталанбашы үчүн аракет кылуу", - деп жазды Байтерек.

"Азаттык" Жапаровдун Баткендеги жолугушууларында анын күзөтчүлөрү журналисттерге, жайкын тургундарга сүрөткө тартып, видео-аудиого түшүрүүгө тыюу салганын жазган.

Жапаров Баткенге 6-майда жумушчу сапар менен барган. Анда чек ара чечилмейинче Тажикстанга барбай турганын билдирип, коогада кыйраган турак-жайлар эки айдын ичинде калыбына келтирилерин айткан.

28-30-апрель күндөрү жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 190го жакыны жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG