Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Кадамжайда селден улам 1500 адам коопсуз жайга көчүрүлдү


Тазалоо иштери. Кадамжай району.
Тазалоо иштери. Кадамжай району.

7-майга караган түнү Кадамжайдын Ак-Турпак айыл аймагындагы Кайтпас, Торговый жана Өрүкзар кыштактарын суу каптоо коркунучу жаралып, 1500 адам коопсуз жака көчүрүлдү.

Торговый айылынын жолдорун, коомдук тамактануучу жайдын жана дүкөндөрдү сел каптады.

Тазалоо иштери. Кадамжай району.
Тазалоо иштери. Кадамжай району.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, райондогу куткаруу кызматынын адистери жана жергиликтүү тургундар кырсыкка каршы күрөшүп, 7-майда таңга жуук суунун деңгээли төмөндөдү. Эртең менен тургундар кайра үйлөрүнө кайта башташты.

“Сел жана cуу ташкындарынан коргоо" мамлекеттик агенттигинин Баткен облусундагы бөлүмү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кадамжай райондук бөлүмү зыянды тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Тазалоо иштери. Кадамжай району.
Тазалоо иштери. Кадамжай району.

5-6-май күндөрү нөшөрлүү жаандан улам Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын бир катар аймактарында сел жүрүп, жолдорго, короолорго зыян келтирди. (JsA)

Кадамжай району. Жаандан кийинки көрүнүш. 7-май.
Кадамжай району. Жаандан кийинки көрүнүш. 7-май.

XS
SM
MD
LG