Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Чек арада жабыркагандарга берилчү кенемтенин көлөмү аныкталды


Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда мерт болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга бир жолку төлөнүүчү кенемте тууралуу долбоорду даярдап, коомдук талкууга чыгарды.

Ага ылайык, курман болгондордун үй-бүлөөлөрүнө бир миллион сомдон берилет. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен оор жараат алды дегендер 100 миң сомдон алат. Азыраак жараат алгандарга 50 миң, ал эми жарааты жеңилдерге 30 миң сомдон бөлүнөт.

28-30-апрель күндөрү жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 190го жакыны жараат алды. Дүйшөмбү 6-майда бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын расмий кабарлады.

Президент Садыр Жапаров 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүлөт жана аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG