Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Жарандардын арыз-дооматынан улам 32 салык кызматкерине чара көрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик Салык кызматы жыл башынан бери жарандардан 100 арыз, кайрылуу түшкөнүн билдирди. Анын негизинде 32 салык кызматкерине чара көрүлдү.

"Эки адам кызматынан төмөндөтүлдү, 17си катуу сөгүш алды, жети кызматкерге сөгүш берилип, бирөө кызматына толук шайкеш эместиги тууралуу эскертүү алды, беш кызматкер ротация болду", деп жазылат маалыматта.

Ушул жылдын март айында Салык кызматынын Бишкек шаарынын Свердлов райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары жана Бишкек шаарынын Ленин райондук башкармалыгынын инспектору 240 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет алар акчаны салык төлөөдөн баш тартууга жардам бергени үчүн сый акы катары талап кылганын, жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, жасалма документтерди жасашканын билдирген.

Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылга жылга карата планын көбөйтүп, мамлекеттик бюджетке 96 млрд. 768 млн. 796 миң сом каражат чогултуу милдетин койгон. Мунун ичинен 78 млрд. 690 млн. сом республикалык бюджетке, 17 млрд. 159 млн. сом жергиликтүү бюджеттерге түшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG