Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

8-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат


8-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 17...22,

Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 17...22,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...+1, күндүз 4...9°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 13…15, күндүз 25…27°.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG