Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

Тихановская Беларус боюнча эл аралык конференция уюштурууга чакырды


Светлана Тихановская
Светлана Тихановская

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская Беларустагы саясий кризисти жөнгө салуу боюнча жогорку деңгээлдеги эл аралык конференция уюштурууну сунуштады. Ал «Твиттердеги» баракчасына аталган конференцияга АКШ, Британия, Орусия, Европа Биримдигинин өкмөтү, парламенти, жарандык коомдун өкүлдөрү, беларус демократиялык күчтөрү жана Александр Лукашенконун режиминин өкүлдөрүнүн катышуусу маанилүү экенин жазды. Ага чейин Тихановская АКШнын Конгрессинин комиссиясынын онлайн жыйынында сөз сүйлөп, Кошмо Штаттарды эл аралык конференцияны уюштурууга көмөктөшүүгө чакырган. Оппозиционер эл аралык тилектештик жана конкреттүү кадамдар Беларустагы саясий кризисти жөнгө салуу жана адам укуктарын коргоо үчүн салымы чоң экенин кошумчалады.

Светлана Тихановская АКШ бийлигин Лукашенконун режимине басымды күчөтүп, кошумча санкцияларды киргизүүгө чакырды.

Ал ошондой эле Евробиримдикке кайрылып, Беларустагы жарандык коомго көмөк болчу комплекстүү план жарыялоого үндөдү.

Беларуста соңку бир жылдан бери Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган каршылык акциялары токтобой келет. Бийликти сындаган саясий ишмерлерди, жарандык активисттерди, журналисттерди камакка алуу уланууда.

Былтыр августтагы президенттик шайлоодон бери баш-аягы 27 миңден ашык киши кармалып, 400дөн көбү соттолду. Алардын айрымдары кыйноого кабылып, бир нече адам каза болгону жөнүндө кабарлар чыккан. Оппозициячыл бир нече саясатчы өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG