Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Акматалиев: Кыргызстан коррупция менен күрөштүн "репрессиялык баскычында"


Алмазбек Акматалиев
Алмазбек Акматалиев

Президенттин алдындагы Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев "Кумтөр иши" боюнча акыркы камоолор тууралуу пикирин билдирип жатып, Кыргызстан коррупция менен күрөштө репрессиялык баскычта экенин билдирди.

Ал мындай оюн "Азаттык" радиосунун "Коррупцияга каршы күрөш: жапырт кармоолордун майнабы кандай?", - аттуу талкуусуна катышып жатып айтты.

“Кумтөрдү кайтарыш керек беле, керек болчу. Коррупция менен күрөшүш керек беле, күрөшүш керек болчу. Коррупция менен күрөшүү практикасында дүйнө өлкөлөрү эки баскычты басып өткөн. Биринчи репрессиялык баскыч - камоо, отургузуу, “кустуруу”. Экинчи баскыч анан алдын алуу, институттарды өзгөртүү сыяктуу системалык жол. Кыргызстан биринчи баскычка жаңы кирип жатабыз. Буга таң калбашыбыз керек. Грузияда, Сингапурда, Кытайда дагы ушундай болгон. Коррупцияга өтө батып кеткен өлкөлөр репрессиялык баскычтан секирип өтө албайт”, - деди Акматалиев.

Атайын кызмат "Кумтөр иши" боюнча бир топ азыркы жана мурдагы аткаминерлерге "Коррупция" беренеси менен айып коюп жатат. Кылмыш иши козголгон айрым саясатчылар саясий куугунтук жүрүп жатканын билдирүүдө. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG