Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:03

Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн чет жакка чыгып кетти


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алып, чет өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу маалыматты "Азаттыка" аталган мекеменин басма сөз кызматкери Назгүл Кыдыралиева ырастады.

Ал Ташиевдин кайсы дартка чалдыкканын айткан жок, башкы чекист аз күндө кайтып келерин гана белгиледи.

Мунун алдында бир катар басылмалар атайын кызматтын башчысы азыр Кыргызстанда эмес экенин жазып жатышкан.

Камчыбек Ташиев ден соолугуна байланыштуу быйыл кышында да чет жакта дарыланып келген. 12-февралда ал Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болгон.

Кийин, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында жаңжал башталган учурда Баткенге барбаганы суроо жараткан. УКМК бул убакта ал чет жакка дарылануу үчүн кеткенин кабарлаган. Көп өтпөй Ташиев жарым жолдон кайтып келгенин билдирген болчу. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG