Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Түркия Стамбул конвенциясынан расмий түрдө чыкты


Түркиянын Стамбул конвенциясынан чыгышына нааразы болгондордун акциясы
Түркиянын Стамбул конвенциясынан чыгышына нааразы болгондордун акциясы

Түркия 1-июлдан тарта Стамбул конвенциясы деп аталган аялдарга зордук-зомбулукту токтотуу боюнча эл аралык документтен расмий түрдө чыкты. Мындай чечимди быйыл жазында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган кабыл алган. Расмий Анкаранын мындай кадамы эл аралык коомчулуктун сынына кабылып, өлкөдө нааразылык акциялары өткөн.

1-июлда президент Эрдоган аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү боюнча жаңы улуттук план иштелип чыкканын жарыялады. Ал 2021-2025-жылдарда зордук-зомбулукка каршы мыйзамдарды карап чыгуу жана натыйжалуу ишке ашыруу сыяктуу максаттарды камтыйт.

Бирок бул күнү Стамбул, Измир, Анкарада миңдеген кишилер нааразылык акциясына чыкты. Алар колдоруна “Биз Стамбул конвенциясынан баш тартпайбыз”, "Биз унчукпайбыз, коркпойбуз, баш ийбейбиз" деген ураандар жазылган плакаттарды кармап турушту.

Европа Кеңешинин 2011-жылы Стамбулда кабыл алынган келишими үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүдө өтө маанилүү укуктук документ болуп эсептелет. Аны кеңешке кирген бардык 47 мамлекет жактырган.

Бул жааттагы алгачкы европалык документте аялдарга каршы кылмыштын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуунун, кыз-келиндерди коргоонун, зордукчул аракеттерге баргандарды кылмыш жообуна тартуунун стандарттары камтылган.

Келишимди 34 өлкө, анын ичинде Түркия 2012-жылдын жазында биринчи болуп ратификациялаган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG