Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Алматыда Кытай консулдугунун алдына акцияга чыккандар бошотулду


Байболат Күнболатулы
Байболат Күнболатулы

Казак полициясы 1- июлда эртең менен кармап кеткен активисттерди ошол күнү кечинде бошотту. Бул тууралуу кармалгандардын бири активист Байболат Күнболатулы жана анын энеси Зауатхан Турсын билдирди. Анын айтымында, полиция аларды эртең менен эч себепсиз үйүнөн алып кетип, 12 сааттан ашык бөлүмдө кармап турган.

Күнболатулы "1-июлда Бээжинде Коммунисттик партиянын 100 жылдыгын белгилеп жатканда казак бийлиги Алматыдагы Кытайдын консулдугунун алдындагы акцияга чыкпасын" деп, ушундай кадамга барышы мүмкүн дейт.

Шинжаңдагы туугандары абакка түшүп, кабарсыз кеткендердин жакындары февралдан бери Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында пикет өткөрүп келишет. Акциянын катышуучуларын казак полициясы бир нече жолу кармап, кайра бошоткон.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" аттыккан жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бирок Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" катары мүнөздөйт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG