Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Ысык-Көл: майыптыгы бар кызды зордуктаган киши 10 жылга кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облустук соту майыптыгы бар кызды зордуктоого айыпталган 37 жаштагы адамды 10 жылга камоо тууралуу Ысык-Көл райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Облустук сотто 1-июлда болгон жараянда айыпталуучу кылган күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Кыздын майып экенин билип туруп, аны эркине каршы зордуктаганын айтты.

"Теңдик" коомдук уюмунун директору Гүлмира Казакунованын “Азаттыкка” билдиришинче, кыз тубаса шал болуп туулган, окуя болгон март айынан бери атайын баш калкалоочу жайда турат.

27 жаштагы майып кыздын зордукталышы боюнча кылмыш ишин буга чейин Ысык-Көл райондук соту караган. Сот айыпталуучуну Кылмыш кодексинин 161-беренеси (“Өмүрүнө коркунуч келтирген коркутуу менен зордуктоо”) боюнча күнөөлүү деп таап, он жылга эркинен ажыраткан. Сот чечимине нааразы болгон тарап кийинки инстанцияга кайрылган.

Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдагы эсеби боюнча үй-бүлөлүк зомбулукка арызданып, күч органдарына, баш калка жайларга 6 628 аял кайрылган. Алардын 86% иш сотко жеткиче эле арызын кайра кайтарып алган. Аялды сабаган 200 адамга гана кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылган.

Укук коргоочулар жалпы запкы көргөн аялдардын канчасынын майыптыгы бар экенин тактоо мүмкүн эместигин белгилеп келишет. Алардын айтуусунда 2017-жылы кабыл алынган "Үй-бүлөлүк зомбулук" жөнүндөгү мыйзамда майыптыгы бар адамдар тууралуу эч нерсе каралган эмес.(ZKo)

XS
SM
MD
LG