Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Свердлов райондук соту маркум Азимжан Аскаровдун адвокатынын арызын кароону токтотту


Азимжан Аскаров абакта. 2011-жыл.
Азимжан Аскаров абакта. 2011-жыл.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокаты Айдар Сыдыковдун маркумдун өлүмү боюнча даттануусун кароону токтотту. Бул тууралуу “Бир дүйнө Кыргызстан” уюму 2-июлда кабарлады.

2010-жылдагы июнь коогасында жапырт башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 69 жаштагы Азимжан Аскаров 2020-жылы 25-июлда, №47 абакта пневмониядан каза болгон.

Буга байланыштуу соттук өндүрүш ачылып, тергөө иштери башталган. Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын тергөөчүсү бул ишти кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу иликтөөнү токтоткон. Азимжан Аскаровдун аялы Хадича Аскарованын кызыкчылыгын коргоп жаткан жактоочу Айдар Сыдыков муну мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептеп, сотко кайрылган эле.

“Бир дүйнө Кыргызстан” уюму кабарлагандай, Свердлов райондук сотунун тергөө судьясы Алтынбек Түмөнов өз чечимин даттануу тиешелүү мөөнөттөн кечигип, быйыл 28-июнда түшкөнүн жүйө келтирген.

Адвокат Сыдыков болсо Аскаровдун өлүмү боюнча кылмыш иши токтотулганы тууралуу токтомду быйыл 16-июнда гана алганын, ал жана уюмдун адвокаттары бул аралыкта эки томдук ишти изилдеп чыгышканын билдирет.

“Бир дүйнө Кыргызстан” мыйзамга ылайык алар 10 күндүн ичинде сотко кайрылууга укуктары болгонун, документти алган ага 16-июнь эсептелбей турганын белгилейт. Уюм 17-июндан баштап эсептелгенде 10 күндүк мөөнөт 27-июнга чейин созуларын, ал күн жекшембиге дал келгендиктен 28-июнда, мыйзам чегинде арыз жолдошконун маалымдайт.

Азимжан Аскаровду жактаган тарап ошол себептүү сот өз ыйгарым укуктарынан аша чапты деп баалайт. Алар Бишкек шаардык сотуна жана Дисциплинардык сотуна кайрыларын кошумчалады. Свердлов райондук соту бул жагдай боюнча комментарий бере элек.

Буга чейин Европа Бирлиги, Human Rights Watch уюму жана эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, кайрылуу тараткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG