Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:52

Беларуста оппозициячыл юристти колдогон студент кармалды


Екатерина Винникова
Екатерина Винникова

Минск шаарында Беларус мамлекеттик университетинин Юридика факультетинин бүтүрүүчүсү Екатерина Винникова кармалды. Ал 29-июнда диплом тапшыруу кечесинде сөз сүйлөп, камактагы оппозициячыл маанайдагы юрист Максим Знак жана башка саясий негизде жумуштан бошотулган мугалимдерге ыраазычылык билдирген. 1-июлда милиция Винникованы суракка чакырып, "уруксатсыз митинг өткөрдү" деген административдик протокол түзүшкөн. Андан соң бүтүрүүчүнү бир суткага камашкан.

Ошондой эле, Екатерина Винникова жашаган жатакананын бөлмөсүндө тинтүү жүрүп, ноутбугун милиция алып кеткен.

Беларуста былтыр август айындагы талаштуу президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланып жатат. Демократиячыл күчтөр нааразылык акцияларды уюштуруп, бийлик аларга каршы басымды күчөткөн. Он миңдеген адам камалып, бир катар оппозициячыл саясатчылар, активисттер өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

АКШ, Европанын бир катар өлкөлөрү былтыркы шайлоонун жыйынтыгын жана Александр Лукашенкону мыйзамдуу лидер катары таануудан баш тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG