Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

АКШ аскерлери Баграмдагы базаны Ооганстанга өткөрүп берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Америкалык аскерлер Ооганстандагы Баграм аэродромун ооган өкмөттүк күчтөрүнө өткөрүп берди. Кезегинде Советтер союзу курган ири базаны АКШ жана НАТОнун аскерлери колдонуп келген эң чоң аскердик объект болчу. Террорчулукка каршы операция толук кандуу жүргөн жылдары Кабулдан 60 чакырым алыстыктагы аэродромдо он миңдеген аскерлер жайгаштырылган. Базанын ооган күчтөрүнө өткөрүлүп берилгенин атын атоону каалабаган америкалык расмийлердин бири билдирди.

“Коалициянын бардык күчтөрү Баграмдан чыгарылды”, - деп билдирди ал.

Баграмдагы аскер базаны өткөрүп берүү АКШнын ооган жергесинен жоокерлерин чыгаруу жараяны жакындап калганынын көрсөткүчү болуп калды.

20 жылдан бери Ооганстанда террорчулукка каршы күрөшүп келген АКШ баштаган коалициялык күчтөр май айынан тарта аскерлерин чыгарып жатат. Кошмо Штаттардын бийлиги 11-сентябрга чейин өз жоокерлерин ооган жергесинен чыгарарын билдирген. Бирок айрым маалымат каражаттары америкалык аскерлер мөөнөтүнөн мурда жакынкы апталарда Ооганстандан кетерин жазышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG