Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:29

Талап-тоноонун, бийлик талаштын жылдары…


Иллюстрациялык cүрөт.

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына жазуучу Мирзохалим Каримовдон келген макаланы сунуштайбыз.

Эгемендүүлүктүн отуз жылдыгын майрамдоо алдында ар ким өзүнчө ой толгоп жаткан учур. Мен дагы көп окуяларга күбө болгон калемгер катары көкүрөккө уюган ой-пикирлеримди ортого салгым келди.

Отуз жыл илгери бактыбызга жанган эгемендиктин чырагына алгачкы күндөн эле кайдыгер мамиле жасап, анын ыйыктыгына астейдил маани берген эмес экенбиз. Жетимиш жылдан ашуун мезгил жашаган империянын чынжырынан бошонгондон кийин тунгуч ажону тандоодо тарыхый чоң ката кетиргенибиз адегенде байкалган эмес. Биз ишенген ажобуз акыр-аягында киндик каны тамган ата-журтунан качып, татаал тагдырга туш болду.

"Сиз төрдө олтура бериңиз, баарын ойдогудай жасайбыз" деген шакирттери менен үй-бүлө мүчөлөрү өлкөнүн да, өзүнүн да убалына калышты. Мына ошолордун кесепетинен биз башынан эле ээрге кыйшак отуруп, азабын азыркы күнгө чейин тартып келе жатканыбызды моюнга алуудан башка арга жок деген ойдомун.

Ырас, бул бизге сабак болушу керек эле. Тилекке каршы, мындай катаны отуз жыл ичинде бир нече жолу кайталадык. Канга сиңген кайдыгерлик дартынан арыла албай, бул арада далай кайгылуу да, өкүнүчтүү да окуяларды баштан өткөрдүк.

Отуз жыл - жетишерлик узак мөөнөт. Бул мезгилде өлкөнү кайсы бир деңгээлде бутуна тургузууга боло турган тарыхый мүмкүнчүлүк түзүлгөн эле. Атаганат, аны туура пайдалана албадык. Отуз жылды отуз күндөй өткөрүп жиберип, бүгүн аттиң кылып олтурабыз.

Эмне себептен бакубат өлкөгө айлана албадык? Анткени эгемендиктин алгачкы күнүнөн баштап эле өзүбүз талап-тоноп, кыйратканга кириштик. Иштеп турган завод-фабрикаларыбыз талкаланды, алардын кымбат баалуу станоктору, темир-тезектери текейден арзан сатылып, Кытай жана Иран сыяктуу өлкөлөргө эч тоскоолдуксуз чыгарыла баштады. Бул темир-тезектер эртең өзүбүзгө керек болоору эч кимди ойлондурган да жок.

Айыл чарбасынын таш-талканы чыкты. Ошентип 70 жылдан ашуун мезгилде элдин кан-жаны менен жаратылган байлык жең ичинен тонолуп жок болду. Мекемелердин, ишканалардын, чарбалардын жетекчилеринин көпчүлүгү ошол талап-тоноо жылдарында байып алууга үлгүрүшкөн.

Дал ошол мыйзамсыз топтолгон байлыктар кийинки баш аламан жылдардагы канчалаган митингдерди, араздашууларды, аты "элдик" деген менен, заты түшүнүксүз революцияларды каржылоого жумшалганы жашыруун болбосо керек.

Айтор, эгемендикке ээ болгондон кийинки жылдар талап-тоноонун, бийлик-талашуунун жылдары катары эсте кала турган болду. Тунгуч ажонун жолун жолдогон кийинки башкаруучулар деле өлкөдөн качып кетишсе, 30 жылда отуздан ашуун өкмөт алмашса, өнүгүү тууралуу кеп кылуунун кажети барбы?

Шайтан оюндардын уюгу болгон шайлоо системасы элди уруу-урууга, жердешчиликке бөлүп, добуш сатууга түрттү. Ар кандай жолдор менен байыган соң депутаттыкты кесип кылып алгандардын кызыкчылыгы үчүн жазылган шайлоо мыйзамы бешене тери менен жашаган татыктуу кадрларды Жогорку Кеңештин босогосуна да жолотпой койбодубу. Башкача айтканда, шайлоо системасы өлкөнүн да, элдин да шорун курутуп келди.

Баарынан өкүнүчтүүсү – көп улуттуу өлкөдө 30 жылдан бери улуттук идеология иштелип чыккан жок. Ошонун кесепетинен өлкөбүз азыр деле калагы жок кайыктай арасат абалда калкып турат. Ар ким каалаганын жасайт. Кааласа, мекенин таштап Сирияга кетет, башка дин өкүлүнүн сөөгүн мамлекеттин жериндеги мүрзөгө койдурбайт, балдарын эмдетпейт, мамлекеттик Гимн жаңыра баштаганда ордунан турбай деле коё берет.

Кыскасы, отуз жылда идеология жагынан ушундай деңгээлге түштүк. Мунун аягы жакшылыкка алып барбай турганын аттуу-баштуу аалымдар, чыгармачыл инсандар көп жылдардан бери какшап айтып келүүдө. Бирок өлкө башчыларынын бири да эгемендик жылдарында буга маани берген эмес.

Азыркы президентибиз Садыр Жапаров маектеринин биринде унутта калган улуттук идеологияга, маданиятка, адабиятка, искусствого өзгөчө маани бериле турганын, аталган тармактын ишин жандандыруучу мамлекеттик катчы жакын арада дайындаларын убада кылган.

Бул айрыкча чыгармачыл инсандардын төбөсүн көккө жеткирип кубандырган эле. Анткени эгемендиктин отуз жылында президенттердин биринин да көңүл борборунда болгон эмес бул маселе. Бирок мамлекеттик катчы негедир ушул күнгө чейин дайындалбай жатканы чыгармачыл интеллигенцияны кабатыр кылып жаткан болушу керек дейм.

Биз азыр бийликке кетирилген кемчиликтер менен кайдыгерликти сындоо менен гана чектелип калбай, өнүгүүгө өбөлгө боло турган ой-пикирлерибизди, сунуштарыбызды да айтышыбыз керек.

Маселен, өлкөдө катуу тартип киргизилишин, ар бир атуулдун мамлекет алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууну сунуш кылар элем. Мамлекетке эч пайда келтирбей андан бир нерсе талап кылып кыйкырууну токтотуш керек.

Союздун доорунда калыптанып калган жатып ичерлик, жалкоолук, ысырапкорчулук сыяктуу өнөкөт дарттардан арылууга убакыт жетти. 40-50 жаштардагы алдуу-күчтүү эле аталар үйдүн төрүнө отуруп алып: "Биз силерди бакканбыз, эми бизди силер баккыла" деп, уулдарын жана жапжаш кыздарын чет жакка жөнөтүүдө. Алар азап менен тапкан акчаларын жөнөтүшсө, ар кандай той-тамаша өткөрүп, сайрандап жүрүшкөнүн көрүп жүрбөйбүзбү.

Мындай жоопкерчиликсиз мамилени токтотуу үчүн саясий-тарбиялоо жаатында мамлекеттик программа иштелип чыгышы зарыл деп эсептейм.

Мирзохалим КАРИМОВ, жазуучу

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG