Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Бишкектин бир катар бөлүгү жарыксыз калды


Бишкек жылуулук электр борбору.
Бишкек жылуулук электр борбору.

Бүгүн, 2-июлда Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) трансформатор өчүп, бир нече кабелдик линиялардын иши токтогон. Буга байланыштуу шаардык чыгыш тарабындагы кичирайондордо, Аламүдүн базарынын, “Айчүрөк” дүкөнүнүн, “Таатан” базарынын аймагында жарык өчкөнү кабарланды.


“Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы кырдаал көзөмөлгө алынганын, жабдууларды оңдоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Ага ылайык, иштен чыккан трансформатор оңдолору менен шаарга жарык берилет.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулугу жок калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, ошол кезде өкмөт башчы болуп турган Сапар Исаков баштаган бир катар аткаминерлерге кылмыш иши козголгон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG