Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

300 миңдей шайлоочунун жашаган жери тууралуу маалыматы туура эмес болуп чыкты


Кыргызстандагы добушканалардын бири. 11-апрель, 2021-жыл.
Кыргызстандагы добушканалардын бири. 11-апрель, 2021-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянуу менен 300 миңден ашык шайлоочунун жашаган дареги тууралуу маалыматы каттоодо башкача, паспортунда башкача болуп көрсөтүлүп калганын маалымдады.

Мекеме ушуга байланыштуу шайлоочуларды tizme.gov.kg сайтынан, 1255 же 119 кыска номерлерине чалуу аркылуу өз маалыматтарын жаңылап коюуга чакырат. Мындан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборлоруна кайрылса болот.

БШК шайлоочулардын тизмеси 2004-жылкы AN үлгүсүндөгү паспорттор жана e-ID үлгүсүндөгү биометрикалык паспорттордун негизинде түзүлүп жатат.

Tizme.gov.kg сайтында Кыргызстандагы шайлоочулардын соңку саны 3 606 201 адам деп көрсөтүлгөн. 20-июнга карата Бишкек шаарында 425 107, Ош шаарында 148 224 жана Токмок шаарында 37 134 шайлоочу бар экени жазылган.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, 3-майда Токмок, 11-майда Ош, 19-майда Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Аталган үч чоң шаарга кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG