Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:33

Баткендин өзгөчө макамы, чек арадагы элдин үмүтү


“Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө” мыйзам кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин демилгеленген.

Баткенди өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу максатында Министрлер кабинети түзгөн атайын ведомстволор аралык жумушчу топ чек аралаш айылдарды кыдырып, жергиликтүү элден түшкөн сунуштарды кабыл алууда.

“Баткен облусуна өзгөчө макам берүү жөнүндө” мыйзам кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин демилгеленип, Жогорку Кеңештин 27-майдагы жыйынында биринчи окууда жактырылган. 1-июнда Министрлер кабинети чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин да өткөрдү.

Мыйзамга ылайык, Баткен облусун өнүктүрүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ атайын программанын үстүндө иштеп жатат.

Баткен районунун чек ара айылынын тургуну, 5 баланын энеси Жамийла аймакка өзгөчө макам берилишине чоң үмүт артып тургандардын бири. Анын эки баласы жана келини жумуш издеп чет өлкөгө чыгып кеткен.

“Мен көп эле нерсени үмүттөнүп турам. Айылда же райондо иш орундары болсо, айлыгы жакшы болуп, жаштарга үй-жай куруп беришсе деп тилейм. Чек араларыбыз чечилип, чочулабай жашасак болот эле. Айылда жаштар азыр азыр жөн эле жатат. Жер иштеткени деле же чөп чаап мал бакканы деле жок. Көпчүлүгү жумуш издеп Орусияга жөнөйт. Ушундайда элдин жашоосун өзгөртө турган аракет зарыл. Мындай ишти азыр кылбаса качан жасашат. Маселени чечүү үчүн дагы эмне деген окуя болуш керек?!”,-деди Жамийла.

Баткендеги ишкерлер бирикмесинин бизнес кеңешчиси Дастан Турдуев аймакка экономикалык жана социалдык жеңилдиктер, инвестиция сыяктуу тоодой убадалардын турмушка ашуусуна кепилдик жетпей турат деген пикирде. Ал мындан он жыл мурда кээ бир чек аралаш айылдарга берилген “Өзгөчө чек ара айылы макамы” кагазда эле калганын жүйө тартты.

“2011-жылы да чек арада чыр-чатак көбөйүп, анан элдин турмушун оңдойбуз деп, чек ара айылдарына макам беришти. Аны аткаруу үчүн өкмөттүн токтому да чыккан. Аягы эмне болду? Кагазда эле калды. Азыркы "өзгөчө макамга" дагы ишеним аз болуп жатат. Каралган маселелер турмушка ашабы же ара жолдо калабы? Чындап ишке аша тургандай реалдуу иш чаралар камтылып, каржылоо булагы жана мөөнөтү көрсөтүлүшү керек. Буга чейин айтып коюп, ишке ашпай калган убадалар көп болгон. Баткендеги башкы маселе болгон жумушсуздукту жоюп, аймак агрардык экенин эске алуу менен ошого жараша жаңычылдык демилгелерди кароо зарыл. Курук эле "мындай болушу керек", "бул курулушу керек" дебестен, ар бир иш чара натыйжалары эсептелип реалдуу бекитилиши керек”.

Жергиликтүү тургун Жайлообек Жакшылыковдун айтымында, аймак ички өндүрүмдүн басымдуу бөлүгүн айыл чарбасынан табат. Өндүрүшкө көңүл бурулбаса, абалды оңоп кетүү кыйын дейт ал.

"Баткен облусу дээрлик 60% кирешесин айыл чарбасынан алат. Бул сумма өтө көп деп айтканга болбойт. Ошондуктан ар бир административдик аймакта “өндүрүш зоналарын” түзүп, жумушсуздукту кыскартып, казынаны да кеңейтип, калктын керектөөсүн жапса болот. Ал үчүн өңдүрүш ишканаларына жардам берип, жаңыдан түптөлүп жатканына колдоо көрсөтүш керек”.

1-июль күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Жыйында "Баткен облусуна өзгөчө макам берүү" мыйзамы дагы талкууланды.

"Экономикалык колдоолор менен кошо саясий жана моралдык жактан да Баткенге башкача мамиле керек",-дейт Баткен облусун жетектеп кийин чек ара маселелери боюнча вице-премьер министр болгон Акрам Мадумаров.

Акрам Мадумаров.
Акрам Мадумаров.

"Баткен облусу өлкө үчүн стратегиялык аймак. Анын өзгөчө шартын эске алып, атайын макам берүү демилгеленип жатат. Бул абдан жакшы демилге. Бул маселе бир топтон бери айтылып, бирок ишке ашпай келген болчу. Мен өзүм дагы ал жерде жетекчи катары иштеп, көп маселелерди тез арада чечүүдө колум байланган. Көп маселелер борборлоштурулуп калган. Жеринде чечим кабыл алууга туура келет. Бирок ага тиешелүү мыйзамдык укук жок. Ошондуктан облус башчысына укуктарын да кеңейтиш керек. Анткени ал жерге ишеним менен дайындагандан кийин укуктарды алып койгон болбойт. Мисалы, кээ бир категориядагы жерлерди трансформация кылуу сыяктуу укуктарды бериш керек. Анан иштин натыйжасын талап кылуу зарыл. Ошол эле учурда ал жерде иштеп жактан мамлекеттик кызматкерлер менен жетекчилерге түзүлгөн шартты да эске алынса. Облус башчысы жыйырма беш миң сом, район акими он тогуз миң беш жүз сом айлык алышат. Акыркы отуз жылда бир да мамлекеттик мекемелер үчүн дурус имарат курулбаса, иштөө шарттары каралбаса, бааланбаса кандай болот? Ушуга окшогон маселелердин баарын комплекстүү чечип анан жоопкерчилигин да сураса болот”.

Жумушчу топтун мүчөсү, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Айбек Жунушалиев аймакка өзгөчө макам берилип, калк турмушунда сезилерлик өзгөрүү болуш үчүн кыска аралыкта жана узак мөөнөттө аткарылчу иштер үчүн реалдуу иш план даярдалып жатканын ишендирди.

“Өнүгүү программаны жазуу максаты - Баткен облусунда болгон маселелерди баарын камтып, чечүү жолдорун дагы көрсөтүш керек болду. Бул мыйзам жазылып эле кагазда калбасын деп, бизге да айтылып жатат. Биз ошондуктан реалдуу иш чараны кабыл алалы деп өнүгүү программасына басым кылып, талкуулап, көз карандысыз эксперттерди тартканбыз. Анан айтылган маселелерди чечүү үчүн кыска мөөнөттө, орто мөөнөттө, узак мөөнөттө жасалчуларын карап жатабыз. Баардык тарабын, кандай чечилерин, кайсыл булактан дегендей иликтеп, анан жазылып жатат”.

Аталган мыйзам күчүнө кирсе, Баткенде чек арага жакын аймактарда иштеген ишканалар жер салыгынан, мүлк, пайдага жана сатуудан түшкөн салыктан бошотулат. Ошондой эле, беш жылдан он жылга чейин киреше салыгына жеңилдик берүү каралган.

Мындан тышкары инвестициялык жана мамлекеттик сатып алуу боюнча өзгөчө режим киргизилет. Бийлик аймакта дагы бир топ жакшы өзгөрүүлөр болот деп ишендирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG