Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Кыргыз-тажик эли үзүрүнөн үмүт кылган жолугушуу


Баткен. Чек арадагы жаңжалда талкаланган үйлөр.

Дүйшөмбү шаарындагы Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери катышкан жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүдө чек ара боюнча документ кабыл алынган жок. Президенттердин жолугушуусуна жана анын жыйынтыгына кыргыз жана тажик коомчулугу катуу назар салып турду.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Максат айылынын тургуну Шайбек Абдрахимов чек арадагы башка адамдардай эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Дүйшөмбү шаарындагы жолугушуусуна кызыгып турду.

“Биз эми чек араны чечип берсе деп үмүт кылып турабыз да. Чек араны тактап, тикен зым тартып берсе. Анан чек араны ким бузса жазаласын. Ошондо бир мыйзамдык негиз да болот эле. Азыр ким кайсыл жерге ээлигин билбей, талаш-тартыш. Андай болгон учурда чек ара коопсуздугуна коркунуч жаралып, шекшип калат экенбиз. Чек араны тактап, негизги жолдорду да тездетип ачып бериш керек. Кошуна менен касташып, өчөшүп тура берсек болбойт экен. Барды-келди мамиле кылышыбыз керек. Биз президенттердин жолугушуусунан чек араны тактоо, коопсуздукту камсыздоо боюнча чечимдерди күтүп жатабыз. Башка эч нерсе сурабайбыз”.

Апрелдин акырында Баткендеги куралдуу кагылышта Шайбек Абдрахимовдун да үйү өрттөлгөн.

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга эки күндүк расмий сапарында протоколго ылайык кээ бир шаанилерди аткаргандан тышкары Эмомали Рахмон менен жеке кездешүүдөн кийин эки өлкөнүн башчылары сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген форматта улантышты. Жыйынтыгы менен төрт макулдашууга кол коюлуп, анда чек ара тууралуу маселе камтылган эмес.

Атап айтканда, төрт макулдашуунун биринчиси - пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу, экинчиси - мамлекеттик кызмат жөнүндө, үчүнчүсү - жаштар саясаты жана төртүнчүсү мамлекеттик маалымат агенттиктеринин кызматташтыгы тууралуу экени ачыкталды.

Ошондой эле, президенттер 25 пункттан турган биргелешкен билдирүү да кабыл алып, жарыялашты. Анда Кыргызстан менен Тажикстан эки тараптуу кызматташтыкты жандантуу, соода-экономикалык алаканы калыбына келтирүү, суу-энергетикалык кызматташтыкты жөнгө салуу, Борбор Азия мамлекеттеринин мамилесин бекемдөө сыяктуу иштер боюнча ниеттерин билдиришкен.

Баткендик активист Айбек Муратовдун чек арада олуттуу өзгөрүү болоруна ишеними аз.

“Эки президенттин 25 пункттан турган биргелешкен билдирүүсү кандайдыр бир документтер менен бекитилгенин билбей турабыз. Ал эми кызматташуу боюнча төрт документке кол коюлуптур. Билдирүүлөр качан, кандай шартта ишке ашары бекитилген эмес да. Демек, бул жолугушуудан кийин дароо чек арада абал өзгөрүп кетет деп айтуу кыйын. Мамилелер, ким кайсыл жоопкерчиликти ала турганы документтер менен бекитилиши керек. Ошондо аткарылат деп ишенсек болот”.

Май айынан бери бир тараптуу кыргыз-тажик чек арасынын ачылышы жана чек араларды тактоо боюнча эки тараптуу комиссиянын иши атайын документтерде каралган жок.

Президент баштаган делегациянын курамында сүйлөшүүлөргө катышкан Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров биринчи кезекте эки элдин ишенимин бекемдөө зарылдыгына токтолду:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Мен расмий сүйлөшүүлөргө катыштым. Азыр эки элдин ортосунда достукту, өз ара ишенимди калыбына келтирүү маанилүү болуп турат. Бул жаатта президенттин сунушу кабыл алынды. Эки тараптын аксакалдарын чогултуп, биргеликте иш алып барышы керек. Азыр ишенимди жаратып, чагымга алдырбоо маанилүү. Ушул этаптан өтүп алсак, соода-сатык өзү менен өзү алдыга жылат деп турабыз. Эки тарапка тең керектүү нерселер болсо эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы жана чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиясы бат-баттан чогулуп, керек болсо үзгүлтүксүз иштеп, айтылган маселелерди чечебиз деген түшүнүккө келишти. Эки президент тең, расмий делегациянын мүчөлөрү да ошондой позицияны колдошту”.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүдөгү расмий сапарынын маанисине жана жыйынтыгына тажик коомчулугу да үмүт менен карап жатты. Тажикстандык эксперт, саясат талдоочу Илхом Нарзиевдин айтымында, тажик басма сөзү жана эл визитке эки күн бою кулак түрүп, өзгөчө көңүл буруп, даярданганын айтты:

“Бул жолугушуудан тез арада кандайдыр бир жыйынтык күтүү туура эмес. Анткени, ортодогу маселелердин өзү абдан татаал. Эки мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрү абдан узакка созулду. Алты сааттан ашты. Албетте, бул - мамлекет башчыларынын жүзмө-жүз отуруп, сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү. Алар аны колдон чыгарбай, ортодо келишпеген маселелерди чечиши абдан маанилүү. Бирок биз көргөндөй, кол коюлган документтердин арасында чек ара маселеси кирген жок. Бул маселенин өтө татаалдыгы менен байланыштуу. Эмне болгондо дагы, мамлекет башчылары мындан аркы иштердин багыттарын аныктап алышты”.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырымга созулат. Мунун 519 чакырымы такталган, калган бөлүгү шарттуу чек ара сызыгы боюнча турат. Тажикстандагы жолугушууда дагы 32 чакырым тууралуу оозеки макулдашылганы маалымдалды.

Чек ара: Таш-Тумшуктагы жаңжалдын тагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:29 0:00

Чек араларды тактоодо эки тараптын негизги талашы кайсыл карта менен, кайсыл юридикалык документке негиздеп иштөө боюнча орток пикирге келе албай, көп жолугушууларда иш жылбай жатканы айтылып келет.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов эл аралык нормаларга таянып, эки тарап тааныган 1990-жылдагы акыркы документ менен талашка чекит койсо болот деп эсептейт. Ал чек арадагы чыңалуунун эпкини таркай электе президенттин Дүйшөмбүгө иш сапарынын үзүрү эл күткөндөй болбой калганын белгиледи:

Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

“Мен да Дүйшөмбүгө иш сапарга каршы болгонум менен бир аз үмүт бар болчу. Ушундай абалда атайын баргандан кийин чек арага байланышкан кайсыл бир маселе боюнча маанилүү чечимдер кабыл алынарын күттүк эле. Бирок чек арадагы маанайды өзгөртчү бир да документке кол коюлганы айтылган жок. Жолугушуунун жыйынтыгын карасак эч нерсе жок да. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон болуп өткөн окуяга өкүнүчүн да билдирбептир. Мындан аркы абал кандай болуп өзгөрө турганы, кандай жылыштар болору тууралуу эч нерсенин дайыны жок”.

Кыргызстан менен Тажикстандын такталбаган чек араларында жол, суу, жайыт, жер талаштын айынан акыркы 3-4 жылдан бери пикир келишпестиктер курал колдонуу менен коштолуп, жыл сайын адам өмүрүн алган окуялар катталууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG