Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Бешимов: кыргыз-тажик мамилеси чек арага байланган


Аскар Бешимов.

Президент Садыр Жапаровдун Тажикстандагы расмий сапары аяктады. Анда эки өлкөнүн президенттери биргелешкен билдирүү кабыл алып, төрт документке кол коюлду. Алардын арасында чек арага тиешелүү келишим бар экени тууралуу маалымат жок.

Кыргыз президентинин сапарынын жыйынтыктарына байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов жооп берди.

- Бул алгачкы таанышуу сапары гана болду. Буга кол коюлган келишимдер далил. Алар орчундуу, эки тараптуу мамилелерди өзгөртө турган эмес, катардагы эле келишимдер. Билдирүүлөр деле үстүртөн айтылыптыр.

Башынан эле белгилүү, эң көйгөйлүү маселебиз - чек ара. Карталар боюнча тактоо, башка сүйлөшүүлөрдүн негизиндеги жумуштар бүтүп, алдыда саясий чечимдер калган. Бул эки президенттин көз карашы менен чечилиши керек эле. Учурда көп нерсени сүйлөшүп, бирок эч нерсени чечпегени объективдүү көрүнүш. Себеби, Тажикстандын президенти Рахмондун көз алдынан биздин бардык алты президентибиз өткөн. Бардыгы менен чай ичишкен, сынынан өткөргөн. 26 жылдан бери бийликте отуруп, кыргызча айтканда “карт бөрүгө” айланган. Эми жаңы шайланган президенттин тамырын тартып, баасын берип атат.

Экинчиден, менин жеке пикиримде, тажик тарап чечкиндүү кадам жасап, тез арада биз менен чек ара маселесин чечкенге кызыкдар эмес. Убакыт тажик тараптын пайдасына кетип атат.

- Ошол эле учурда президент Рахмондун кыргыз-тажик чек арасындагы 32 чакырым жер жумушчу тартипте макулдашылды деген сөзү таратылды. Бул эмнеден кабар берет?

- Буга чейин комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, сунуштарды берген. Биз комиссиянын алкагында жооп албастан, бүгүн 32 чакырым боюнча угуп атабыз. Бирок, келишим, протокол түрүндө документ жок.

28-29-апрелдеги окуядан кийин ортобуздагы келишимдердин иштеши кыйын болуп калды. Бизде “түбөлүк достук” баштаган жүздөн ашык келишимдер бар. Ошого карабастан, коомчулукта биз, бийлигибиз тааныбаса да Баткен боюнча жабырлануучу тарап болуп эсептелебиз. Азыркы учурда сөзгө, убадага ишениш абдан кыйын. Анткени, Борбор Азия өлкөлөрүндө сөз менен, мамиле менен чече турган мезгил өткөн.

- Эки президент тең эки өлкө ортосундагы чек араны делимитициялоо жана демаркациялоо маселесин тезирээк чечип, тиешелүү документтерге кол коюу кызматташтыктын жаңы багыттарын ачат деп жатышпайбы.

- Бул жөн гана дипломатиялык ыкма. “Биз чек ара боюнча сүйлөшүүдө бир жээкке келген жокпуз, талаш-тартыш бойдон калат” деп эч качан айтпайт да. Бардык нерсе кагаз жүзүндө аныкталат.

- Андай болгондо жалпысынан бул сапар эки өлкөнүн мамилесин жылытууга канчалык салым кошо алат?

- Мындай ары-бери сапарлар көп эле болгон. Ошол эле учурда, айрыкча 2014-жылдан бери чек арада абалыбыз курчуп эле келатат. Чек ара, суу, жайыт маселелери чечилмейинче мамиле ишеним арткан деңгээлге келбейт.

- Президент Жапаров чек ара маселеси чечилмейинче Тажикстанга барбай турганын 6-майда билдирген. Оюн өзгөртүүгө Ооганстанга байланышкан региондогу кырдаал таасир эттиби же чек ара маселесин дипломатиялык жол менен чечүүдөн башка жол жок үчүн бардыбы? Же пландалган сапар болгон үчүнбү?

- Жок. Менин жеке пикиримде, бул башка өлкөнүн таасири. Бул биздин чечим эмес. Президентибиз үчүн Тажикстанга баруу абдан кыйын чечим болду. Эмне дегенде канча элибиз жабыркады. Коомчулукта нааразылык болушун билип туруп, жоопкерчиликти моюнуна алып барды. Бул - Сочидеги жолугушуу менен Дмитрий Козактын (Орусиянын президенттик администрация башчысынын орун басары – ред.) Бишкекке келишинин жыйынтыгы.

- Сиз мурдараак комментарийиңизде да “Москванын сценарийи” дептирсиз. Эгер андай болсо бул кандай кызыкчылыкты көздөгөн сценарий?

- Буга чейин орустар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы араздашууга, келишпестикке ортомчу болуп беребиз деп айтып келген. Үч жыл мурун, жакын арада да биз андан баш тартканбыз . Тажикстан да баш тарткан. Бирок, Орусия Рахмонду 9-майда чакырып, андан кийин Жапаров менен Сочиде жолугуп, жыйынтыгында бүгүн Орусия эки тизгин бир чылбырды колуна алды деп эсептесек болот. Ортомчу өлкөгө айланганы ушул.

Экинчиден, Ооганстанда америкалыктар чыгып кеткенде абал, коопсуздук кандай болот деген курчуп бараткан маселе бар. Аны канча талкуулабайлы, кыргыз тарап деле, тажик тарап деле туруктуу күрөшүүгө деңгээлибиз жетпейт. Ал баарына белгилүү. Ири өлкөлөрдүн кызыкчылыктары болуп аткан учурда биздин коопсуздук боюнча таянганыбыз - Орусия. Ошол убакта ЖККУнун эки мүчөсү бири-бири менен кагылышуусу аброюна абдан чоң шек болду да. Бул ошону жокко чыгаруу максатындагы Москванын сценарийи болду.

- Кандай болгон учурда да Кыргызстан эгемен өлкө. Кошуна менен чек ара маселесин өзү чечиш керек деген принципиалдуу пикирлер айтылып келатат. Мындан ары чек ара маселесин дипломатиялык жол менен ырааттуу чечиш үчүн канча убакыт талап кылынат, кандай аракет керек?

- Дүйнөлүк практикада катуу кагылышуулар, адам жоготуулар болгондо акыл-эсти ордуна келтирүү үчүн ортодо тыныгуу пайдаланылат. Ар бир тарап өзүнчө даярданыш керек. Эки тарап сүйлөшүүлөр жыйынтык береби-жокпу же бизге ортомчу керекпи деп позицияларды тактап алыш керек.

- Сиз ортомчу керек деп ойлойсузбу?

- Жок. Ортомчу өз кызыкчылыгы менен келет. Ошондуктан, эки тараптуу чечкен оң.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG