Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Август, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 17:31

Кулматов: Жолугушуу Кыргызстанга да, Тажикстанга да керек


Жапаров менен Рахмондун бейрасмий жолугушуусу. 28-июнь, 2021-жыл.

Тарыхчы жана Алмаз Кулматов президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга расмий сапары, Бишкек-Дүйшөмбү алакасы тууралуу ой бөлүштү.

28-июнда Садыр Жапаровду Дүйшөмбүдөгү аэропортто тажик премьер-министри Кохир Расулзода тосуп алды.

Ушул эле күнү "Бахор" резиденциясында президент Эмомали Рахмон менен бейрасмий жолугушуу болду.

Кулматов бул сапардын мааниси тууралуу мындай деди:

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

- Кыргызстандын президенти да, Тажикстандын президенти да, эки өлкөнүн эли дагы мамлекет башчыларынын ушул жолугушуусуна аябай муктаж. Садыр Жапаров Эмомали Рахмондун алдынан өтөйүн же жаңжал үчүн кечирим сурайын деп барган жок. Маселени чечүүнүн жолун талкуулоо максатында кол сунду. Сүйлөшүү канча кечеңдесе, көйгөй ошончо ырбайт.

Бул биздин – Кыргызстандын жаңжалдашкан тарап менен сүйлөшүүгө дилгирлигин, чек ара жаңжалдарын болтурбоо ниетинде экенин көрсөтөт. Жапаровдун сапары муну дүйнөгө далилдейт.

Бир мезгилде Кыргызстан эл аралык маселелерде жоопкерчиликтүү, аймактык маселелерди чечүүдө жөндөмдүү өлкө катары таанылгысы келген.

Тилекке каршы саясий-дипломатиялык капиталды убагында пайдалана алган эмеспиз. Азыр аракеттене турган учур.

- Ошол эле учурда Садыр Жапаровдун Тажикстанга сапарын сындап, “баш ийүү катары” сыпаттагандар бар. Дүйшөмбүдө эмес, нейтралдуу аймакта – башка бир өлкөдө жолугушканы дурус эле деген пикирлерди угуп жатабыз.

- Бул кадамды жактырганы да, жактырбаганы да жетиштүү. Мындай талкуунун болушу деле мыйзам ченемдүү. Себеби, кырдаал ушундай. Куралдуу жаңжалдан кийинки сапарды элдин баары бирдей кабыл албайт. Мен тарыхчы, эл аралык саясатты аз болсо да билген адам катары Жапаровдун сапарын туура болду деп эсептейм. Бирок бул кылдын учундагы, кылычтын мизиндеги опурталдуу сапар экенин баса белгилей кетмекчимин.

Эгер эки мамлекет маселесин ич ара чече албай калса, анда башка мамлекеттер же сырткы күчтөр арачы түшөт. Нейтралдуу аймакта, башка өлкөдө жолугушса болмок деп атышпайбы, андай жагдайдагы сүйлөшүү дал ошол ортомчу өлкөнүн кызыкчылыгына жараша болуп калмак.

- Ондогон кишинин өмүрү кыйылган, канчалаган жарандар жараат алган, үй-жай талкаланган куралдуу чек ара жаңжалынан кийин эки мамлекеттин ортосундагы ымаланын тез арада бекемделиши канчалык реалдуу? Эмнеге көңүл буруу керек?

- Чынын айтканда, Кыргызстан менен Тажикстан жалпы кандай орто кызыкчылыгы бар экени тууралуу толук билбейбиз. Дүйнө өзгөрдү, Тажикстанда да, бизде да жаңы муун калыптанды. Совет доорундагы жалпы тарых жетимиш жылды камтыйт. Ал мезгилди көргөн, түшүнгөн муун саясий аренадан кетип баратат, катары суюлду.

Экономикалык жактан Кыргызстан менен Тажикстан окшош. Кен-байлыктары бар, бирок ага ээлик кылууда экөө тең чабал. Эки өлкө тең суунун башында, бирок аны башкара албайт, колдоно албайт. Окшош жагыбыз ушул. Жалпы көйгөйүбүз – чек ара чыры. Чындыгында чек ара – кызматташтыктын аймагы болууга тийиш эле. Эл аралык, аймактык маселелерде позицияларыбыз дал келбейт.

Бизди эмне бириктирип, кандай айырмачылыктарыбыз бар экенин талдай элекпиз. Деги эле, Кыргызстан кошуналарын жакшы билбейт.

- Борбор Азиядагы Орусиянын салмагы, анын ичинде кыргыз-тажик мамилесиндеги таасири жөнүндө кандай ойдосуз?

- Баары өзүбүздөн көз каранды. Маселеге кабылсак эле башкаларды күнөөлөй беребиз. Кошуна менен тил табыша албай, маселени чече албай жатканы – Кыргызстандын өзүнүн көйгөйү. Мунун баары интеллектке, жоопкерчиликке жана саясий эркке барып такалат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG