Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Борбор Азияны сестенткен "Талибан" таасири


Тажик-ооган чек арасындагы тажик жоокери.

Ооганстандагы талибдер Тажикстан менен чек арага жакын жайгашкан Кундуз шаарын курчап турушат. Ал арада The Wall Street Journal басылмасы америкалык чалгын кызматтарына таянып, эл аралык күчтөр Ооганстандан чыгып кеткенден кийин алты ай ичинде Кабул өкмөтү кулашы мүмкүн экенин жазды. 25-июнда ооган президенти Ашраф Гани Вашингтондо АКШ президенти Жо Байден менен Ооганстандагы кырдаалды талкуулаганы турат.

Ооганстандагы кырдаалды тажик президенти Эмомали Рахмон да Казакстандын жана Өзбекстандын мамлекет башчылары менен талкуулады. Борбор Азияда үч мамлекет Ооганстан менен чектешет.

Ооганстандагы камтамачылык жараткан кырдаал

Ооганстанда өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын куралдуу кармашы уланып жатат. Талибдер шаршембиде Тажикстан менен чек арага жакын, Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарынын жака белине жакындашып, калааны курчап алышты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, оор салгылашуулар жүрдү, электр энергиясы, жүк жеткирүү үзгүлтүккө учурады.

22-июнда талибдер Тажикстан менен негизги чек ара өткөөлүн - Кундуздан 50 километрдей алыс Шерхан Бандар шаарчасын ээлеген. Кармаш маалында ооган армиясынын жүздөн ашуун жоокери Тажикстанга чегинүүгө аргасыз болгон.

Тажик бийлиги ооган аскерлери Дүйшөмбүгө жеткирилип, андан ары мекенине кайтарыла турганын маалымдаган. "Талибан" бул окуянын эртеси чек арадагы соода солгундабай турганын жарыялаган.

Талибандын жоочулары. Герат. Ооганстан. 21-июнь, 2021-жыл.
Талибандын жоочулары. Герат. Ооганстан. 21-июнь, 2021-жыл.


Жоочулар акыркы жумаларда улам бир ооган районун өз көзөмөлүнө алып жатат. Бирок азырынча Кундуз сыяктуу бир дагы провинциянын борборун басып ала элек.

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабдарынын кол башчысы, генерал Марк Милли шаршембиде Конгрессте билдиргендей, Ооганстанда 419 райондук борбордун 81и козголоңчулардын колуна өттү. Бирок талибдер 60 борборду америкалык аскерлерди Ооганстандан чыгаруу жараяны башталганга чейин же былтыр эле ээлеп алышкан.

Талибдер менен кармаш күчөгөндүктөн 23-июнда баш калаа Кабулдун түндүгүндө жүздөгөн тургундар, алардын ичинде мурда согуштук аракеттерге катышкан куралчан адамдар ооган күчтөрүнө колдоо көрсөтүп чыгышты.


"Бүгүн республиканы, сөз эркиндигин жана Ооганстандын көз карандысыздыгын коргоо үчүн чогулдук. Эгер "Талибан" тынчтыкты кааласа, биз тынчтыкты камсыз кылабыз. Кармашты тандаса, биз ага да даярбыз. Биз жерибизди коргойбуз", - деди Кабулдун тургуну Кундел Кураиши.

АКШ өткөн айда Ооганстандагы 2,5-3,5 миңдей америкалык жоокерлер жана келишимдик негизде иштеген миңдеген аскерлер 11-сентябрга чейин чыгып кетерин жарыялаган. Аны улай Түндүк атлантикалык аскердик альянс да 7 миңдей жоокерин Ооганстандан чыгаруу аракетин баштаган.

Бирок сентябрдан кийин Ооганстандын коопсуздук күчтөрү жоочуларга жана Талибан кыймылынын чабуулдарына каршы тура алабы деген суроо да көпчүлүктүн көңүл борборунда турат.

Ал арада The Wall Street Journal басылмасы талибдердин чабуулдары күчөгөндүктөн Ооганстандагы кырдаал боюнча прогноз өзгөрүп жатканын жазды. Маалыматка ылайык, америкалык чалгын агенттиктери эл аралык күчтөр Ооганстандан чыгып кеткенден кийинки алты ай ичинде ооган өкмөтү кулайт деген бүтүмгө өткөн аптада келген. Буга чейин Кабул өкмөтү кеминде эки жыл согушкерлерге туруштук берет деген тыянак бар эле.

20 жылдан бери согуш токтобой жаткан өлкөдөгү кырдаал ооган президенти Ашраф Гани менен америкалык президент Жо Байдендин Вашингтондогу сүйлөшүүсүндө да талкууланганы турат. Анын алдында Ак үй америкалык күчтөрдү чыгарып кетүүгө белгиленген мөөнөт өзгөрбөй турганын билдирди.

"Аскерлерди чыгаруу боюнча мөөнөт сентябрда өзгөрөт деп күтпөй турганымды айта алам. Бул маселени, албетте, биздин Коргоо министрлигибиз карайт. Жума күнкү сүйлөшүүлөрдүн алкагында президент гуманитардык жардам көрсөтүүнү улантуу үчүн Ооганстандын өкмөтү менен иш алып баруу тууралуу убадасын кайра белгилейт", - деди 23-июнда Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки.

Буга чейин Түркия эл аралык күчтөр Ооганстандан чыгып кеткенден кийин Кабулдун эл аралык аэропортунун коопсуздугун камсыз кылуу сунушун берген. 24-июнда АКШнын Коргоо министрлигинин жана Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрүнөн турган делегация Анкарага келип, бул маселе боюнча сүйлөшүү өткөргөнү турат.


Бир күн мурда Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар азырынча бул пландын күңгөй-тескейи талкууланып жатканын, бирок Анкара Ооганстанга кошумча аскерлерди жөнөтпөй турганын белгилеген.

Буга чейин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркия Ооганстандын негизги аэропортун кайтаруу үчүн АКШнын логистикалык жана финансылык жардамына муктаж экенин айткан. Ал бул ишке Пакистан жана Венгрия да тартылышы мүмкүндүгүн ишарат кылган.​

Талибан Борбордук Азиянын босогосунда

23-июнда тажик президенти Эмомали Рахмон Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен телефон аркылуу Ооганстандын түндүк жана түндүк-чыгышындагы курчуп кеткен кырдаалды талкуулады.

Тараптар акыркы абал чыңалууну күчөтүп, аймактык коопсуздукту камсыздоого терс таасирин тийгизе турганын билдиришкен. Эмомали Рахмон Ооганстандагы аскердик-саясий абалды Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен да талкуулады. Эки президент кырдаалды абдан оор деп баалашкан.

Кыргыз бийлиги Ооганстандагы акыркы чыңалууга байланыштуу үн ката элек.

22-июнда ооган өкмөттүк армиясынын 100дөн ашуун жоокери Кундуз провинциясында талиб жоочулары менен кармашып жатып, Тажикстанга чегинүүгө аргасыз болгон.

Талибдер аймакта улам күчтөнүп, Тажикстан менен чектешкен Тахар, Кундуз провинцияларындагы аймактарды басып алган.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Артур Медетбеков талибдер тажик чек арасынан өтпөйт деген ойдо.

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

"Биз мындан эч чочубашыбыз керек. ЖККУга кирген мамлекеттер жоочуларга жообун берип, ордуна койгонго даяр. Анын үстүнө Тажикстанда Орусиянын 201-аскер базасы бар жана “Искандер” ыкчам-тактикалык комплекси турат".

Артур Медетбеков айткан Жамааттык коопсуздук келишим уюму 1992-жылы "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, жамааттык негизде коргонуу" максатында түзүлгөн.

Ага Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

Коопсуздук маселери боюнча эксперт, саясат таануучу Орозбек Молдалиев Талибан бийликке келген күндө да алар ички маселелер менен алек болуп, аймагын кеңейтүү аракетин көрбөйт деп эсептейт.

"Талибандын биринчи максаты - Кабулдагы бийликке келиш. Бийликке келип алышса, өздөрүнүн бийлигин чыңдаганга аракет кылышат. Кээ бир адамдардын Борбор Азияга кол салат дегендери туура эмес. Бул айрым геосаясий чоңураак күчтөрдүн Борбор Азияны өзүнө имергенге болгон аракети".

Ошол эле кезде Орозбек Молдалиев Ооганстандын өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөбөгөн аймактарында буга чейин борбор азиялык согушкерлер башкалкалап келгенин эске салып, коркунучтар бар экенине токтолду.

"Ошолор кайра калыптанып келип, арасында Борбор Азияга биз кол салабыз, бийликти кулатабыз дегендери болсо, "Талибан" аларга колдоо көрсөтөт. Ал жакка барып калган кыргыз жарандары азыраак болгону менен биздин кошуна мамлекеттердин жарандары көп эле болчу".

Борбор Азиядагы беш мамлекеттин үчөө Ооганстан менен түз чектешет. Анын ичинде Ооганстан менен Тажикстандын 1,200 км, Түркмөнстандын 744 км жана Өзбекстандын 137 км чек ара сызыгы бар. Ооганстан менен Кыргызстандын ортосун Тажикстан гана бөлүп турат. Ооганстандын Бадахшан провинциясы менен Кыргызстандын Баткен, Чоң-Алай райондорунун ортосу 300 чакырымдай гана аралыкты түзөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы болсо толук чечилбеген бойдон калууда.

Эки өлкөнүн чек арасынын узундугу - 970 чакырым. Мунун 519 чакырымы гана такталган.

Быйыл апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда эки өлкөнүн эгемендик алгандан берки эң чоң куралдуу кагылышы да катталды.

Коргоо министринин мурдагы орун басары Мурат Бейшенов эки өлкө чек арасын тезинен тактап, "Талибандын" коркунучуна каршы биргелешип аракеттениши зарыл экенин белгиледи.

"Талибдерге каршы бирге күрөшүү үчүн чек араны чечүүнү тездетүү керек. Биз тажиктер менен чечише электе талибдер жакындап келип калды. Ошондуктан Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) алкагында биргелешкен аракеттер менен талибдерге каршы турууга мүмкүн. Талибдер армия өндүү кол салышпайт. Алар чакан топ болуп өтүп келип, чагым, теракт уюштуруп коюп кайра кетип калышы мүмкүн. Алар муну Тажикстанда эле жасашпайт. Алар 1999-2000-жылдардагыдай Тажикстан аркылуу Кыргызстанга дагы өтүп келиши ыктымал. Ушундай кооптонуу бар. Талибдер суу бөлүштүрүүчү жайдагы жаңжалга караганда алда канча олуттуу коркунуч. Ошондуктан өз ара бардык араздашууну токтотуп, талибдерге каршы биригүү маалы келди".

Ушул айда "Талибан" кыймылы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чатагына баа берип, эки өлкөнү маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырды.

Ал арада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий сапар менен 28-29-июнда Тажикстанга бара турганы белгилүү болду. Бул эки тараптан 50дөн ашык адамдын өмүрүн алган чек ара чатагынан берки эң жогорку саясий жолугушуу болмокчу.

Садыр Жапаров президент болуп шайлангандан бери Тажикстанга биринчи жолу барат. Дүйшөмбү шаарында ал тажик президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулай турганы кабарланды.

Кыргыз президенти Тажикстандын алдында Түркмөнстанга да барат. Президенттик аппарат мамлекет башчысы Ашхабадда түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен жолугушуп, эки тараптуу, эл аралык, регионалдык кызматташтыкты талкуулай турганы айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG