Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:55

Ооганстан: "Талибан" стратегиялык районду басып алды


Ооганстандын Кандагар аймагындагы коопсуздук күчтөр өткөрмө бекетте текшерүү өткөрүп жатышат. 8-июнь, 2021-жыл.
Ооганстандын Кандагар аймагындагы коопсуздук күчтөр өткөрмө бекетте текшерүү өткөрүп жатышат. 8-июнь, 2021-жыл.

«Талибан» кыймылы Ооганстандагы стратегиялык райондордун бирин басып алды. Кошмо Штаттар өз күчтөрүн чыгара баштагандан бери талибдердин чабуулдары күч алды. Ал арада Ооганстандын президенти Ашраф Гани Вашингтондо АКШ лидери Жо Байден менен жолукмай болду.

«Талибан» стратегиялык районду ээлеп алды

«Талибан» кыймылынын жоочулары Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясындагы Имам Сахиб районун 21-июнда басып алды. Бул маалыматты жергиликтүү полициянын маалымат катчысы Инамуддин Рахмани билдирип, кармаш дээрлик бир суткага созулганын кошумчалады.

Имам Сахиб району Ооганстан менен Тажикстандын чек арасына жакын жайгашкандыктан стратегиялык мааниге ээ. Рахманинин айтымында, өкмөттүк күчтөр 50дөй талибди жок кылды. Ал эми алар тараптан канча адам курманы болгону кабарланган жок.

Кундуз провинциядагы жергиликтүү кеңешинин мүчөсү Амруддин Вали «Талибандын» жоочулары шаардын дарбазасына чейин жетип, ооган күчтөрү менен согушуп жатышканын маалымдады.

Согушкерлер Кундуз шаарын коңшу провинциялар менен байланыштырган кан жолду өз карамагына алышканы белгилүү болду. Алар АКШ менен НАТО аскерлери Ооганстандан чыгарылып баштаган 1-майдан бери ондогон райондорду басып алышты.

Катарда өкмөт менен талибдердин ортосунда уланып жаткан сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелди.

Байден менен Гани жолугушат

Ал арада, 25-июнда Американын президенти Жо Байден ооган мамлекет башчысы Ашраф Гани жана Ооганстандын Улуттук элдешүү боюнча жогору кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла менен Вашингтондо жолуга турган болууда. Абдулла өкмөттүн талибдер менен сүйлөшүү тобун жетектейт.

Маалыматка караганда, жолугушууда АКШнын «ооган элин, анын ичинде аялдарды, кыздарды жана азчылык өкүлдөрүн» колдоо үчүн көрсөтүлө турган каржылык жана гуманитардык жардамы тууралуу сөз болот. Андан тышкары «Ооганстандын террордук уюмдардын уюгуна айланып калбаш үчүн» эки тарап кандай багытта кызматташуусу керек экенин талкуулашат.

Байден Кошмо Штаттардын Ооганстандагы миссиясы өз максатына жеткенин айтып, өлкөдө калган 2500-3500дей америкалык аскер 11-сентябрга чейин чыгарыларын апрелде жарыялаган. Ал ошондой эле «Аль-Каида» террордук уюму кыйла алсыраганын, анын башчысы Усама бен Ладен жок кылынганын кошумчалаган.

Аскерлер өз убагында чыгарылып кетерин Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирби дагы бир жолу 22-июнда билдирди:

"Биринчиден, америкалык күчтөрдү Ооганстандан чыгарып кетебиз. Дипломаттарды коргоо үчүн гана саналуу аскерлер калат. Экинчиден, мунун баары башкы кол башчынын буйругуна ылайык, сентябрдын башында ишке ашырылат. Бул эки нерсе эч качан өзгөрбөйт".

Карзай АКШны сынга алды

Ооганстандын мурдагы президенти Хамид Карзай АКШны жана анын өнөктөштөрүн экстремизмге каршы миссиясынын аягына чыкпай калганын жана өлкөдө туруктуулук орнотуунун ордуна аны «талкаланган бойдон» калтырып кетип жатат деп сынга алды.

AP агенттигине курган маегинде Карзай өлкөдө экстремизм эң жогорку деңгээлде экенин белгилеп, мекендештерин биригүүгө жана «бири-бирин өлтүрүүнү токтотууга» чакырды:

"Бул мамлекет биздики, АКШныкы же НАТОнуку эмес. Бул ооган элинин мамлекети. Ошондуктан, биз өзүбүз тынчтыкка умтулуп, өз элибиз-жерибиз үчүн иштеп, туруктуулук жана тынчтык үчүн чет элдиктерге караганда миллион эсе көп аракет кылышыбыз зарыл".

Карзай бийликте отурган 2001-2014-жылдар аралыгында Ооганстанда аялдардын укуктары кеңейтилип, кыздарга мектепке барууга уруксат берилген. Жарандык коом кыйла активдүү болуп, жолдор салынып, инфраструктура оңдолгон. Ошол эле маалда коррупция кеңири кулач жайып, баңгизат соодасы болуп көрбөгөндөй өнүккөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG